“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
27-августта өтчү 17 шаардын мэрин шайлоо жергиликтүү кеңеш депутаттары тарабынан жаңы шайлоо мыйзамы боюнча болот.
Мигранттар маселеси тууралуу «Азаттык» Орусиядагы Кыргызстандын мурунку элчиси Райымкул Аттокуровду кепке тартты.
Кыргызстанда майып балдары бар ата-энелер өздөрүнүн, балдарынын укуктарын, мыйзамдуу түрдө берилген жеңилдиктер тууралуу биле беришпейт.
Ливиянын тагдыры Каддафиден кийин эмне болот деген суроо учурда тынчсыздануу жаратып турган кез.
Таласта, Нарында, Чоң-Алайда кен иштетүүгө каршылыктар арбыды. Жергиликтүү эл кен иштетүүдөн элге, мамлекетке пайда жок деп белгилешүүдө.
8-августта 4 өлкөнүн суу чарба башчылары кезексиз жумушчу жыйынга чогулган. Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Чыңгыз Узакбаев “Азаттыкка” маек курду.
Жаңы конуш көйгөйлөрү тууралуу пикири менен “Перемена” инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажибай бөлүштү.
8-августта Нарындын тургундары Жетим-Тоо кенин кытайлык ишкерлерге берүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышты. Ошол эле 8-август күнү премьер-министр Алмазбек Атамбаев министр Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады.
Бир жагынан Тажикстандын Чоркух, Ворух анклавдары, бир жагынан Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткен аймагында чек ара, суу маселелери дагы деле оор абалда.
Кыргызстандын президенти болуу ниетин билдиргендердин саны кыркка жакындап калды. Өлкө парламенттик башкарууга өткөн соң президенттин мурдагы айрым бир укуктары алынгандан кийин деле мамлекет башчы болууга кандай кызыгуу болушу мүмкүн? "Азаттык" бул суроону саясат таануучу, профессор Айдар Көчкүновго узатты.
Казак өкмөтүнүн атайын делегациясы Кыргызстанга келип, сугат суу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылууда. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Азаттыкка” маек курду.
Өспүрүмдөрдү кылган кылмышы үчүн жоопко тартуу башка мамлекеттерде кантип чечилет? Журналист, серепчи Арслан Капай уулу “Азаттыкка” маек курду.
Ош шаарынын казыяты мечиттерде түнөөгө тыюу салып, муну коопсуздукка байланыштырды. Теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимов "Азаттыкка" маек курду.
Cыртта жүргөн кыргызстандыктар жаңы Шайлоо кодекси боюнча добуш берүү элчиликтерде жана консулдуктарда гана жүргүзүлөт деген чектөөнү өздөрүнүн шайлоо укугунан ажыратат деп нааразы болушууда. Бул боюнча БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
Айыл суу чарба адиси, Кыргызстандын суу чарба боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Баратали Кошматов “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстанда адал азык-түлүктөр тегерегинде талкуулар күч алууда. Бул бизнеспи же идеологиябы? Эмне себептен ишкерлер адал деген атка жамынып, өз товарларын өткөрүп жатышат? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, депутат Каныбек Осмоналиев ажылыкты уюштуруудагы алешемдиктер тууралуу кеп салды.
Кыргызстандык дыйкандардын көйгөйлөрү тууралуу Ноокендеги “Кенч” айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев “Азаттыкка” маек курду.
Кара-Суу районунун Агартуу айылында жергиликтүү эл элеттеги эки мечиттин бирин бала бакчага айландырды.
Экологиялык кызыкчылык үчүн кен иштетпей коюу өлкөнүн экономикасына кандай таасир тийгизет? “Азаттыкка” экономист Эсенгул Өмүралиев маек курду.
Дагы жүктөңүз