“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кыргызстанда малдын баасы күн өткөн сайын арзандап жатат. Буга коңшулаш Казакстандагы кризистин эпкини себеп экени айтылууда.
Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан ишкерликти колдоо максатында бөлүнгөн каражат кимдерге берилип жатат? Төмөн үстөк пайыз менен берилчү насыя натыйжалуу иштеп жатабы?
Эксперттер Кыргызстандын мыйзамдары кагазда гана жемкордукка каршы күрөшүп жатканын айтууда.
Айрым талдоочулар Темир Сариев сунуш кылган өкмөттүн жаңы программасындагы өнүгүүнүн 11 багыты кантип ишке ашырылары айтылбаганын белгилешүүдө.
Кыргызстандын ун өндүрүшү кескин кыскарды. Жергиликтүү тегирменчилер мунун себебин коңшу Казакстандан аткезчилик жол менен ун алып өтүү күчөгөнүнө байланыштырып, чек арада ага каршы көзөмөлдү күчөтүүнү сурашууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген депутаттардын ичинде аялдар 20% жетпей калууда.
Бүгүн Бишкекте рак оорулуу балдар үчүн хоспис ачылды. Азырынча бул жай саналуу гана балдарды кабыл алууда. Жарандык коом өмүрүнүн акыркы күндөрүн татыктуу жашоосу үчүн мындай хоспис чоңдор үчүн да зарылдыгын билдирип келет.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоону уюштуруу, добуш берүүдө кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн экендиги тууралуу “Азаттыкка” кеңири маек берди.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоону уюштуруу, тизме түзүү, добуш берүүдө кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн экендиги тууралуу “Азаттыкка” кеңири маек берди.
“Марал” радиосу 2012-жылдан бери ободо. Угармандар арасындагы “радиону түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлен каржылайт” деген жаңылыш маалыматты “Маралдын” башкы директору Фарух Исмаилов “Азаттыкка” курган маегинде жокко чыгарды.
Кыргызстанда быйыл сүт арзан болуп, заводдор чыгарган азык-түлүгүн сата албай убара. Фермерлер быйылкы кризис шартында аларга кайрадан кошумча нарк салыгы киргизилип жатканына да кабатыр болушууда.
Интернет аркылуу ар кандай жолдор менен акча табууга болот.
Ive league Academy АКШдан окууга даярдайт
Кыргызстанда ар кайсы аймактарга өз демилге, каржысы менен мамлекеттик желек орноткон ишкер эми Манастын эстелигин Түркиянын Стамбул калаасында орнотуу демилгесин көтөрүп, айкелдин эскизине сынак жарыялады.
АКШ доллары бир нече сааттын ичинде үч сомго кымбаттады. Кыска убакытта долларга суроо-талаптын күч алуусуна эмне себеп? Бул суроого ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы, каржы боюнча эксперт Умбриэл Темиралиев жооп берди.
Башкы прокуратура Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу миң гектарга чукул сугат жердин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилишине байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Кыргызстанда турак-жайдын баасы 10-20% арзандады. Куруучулар мындан ары арзандоолор болбойт деп ишендирүүдө.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирди. Кабыл алынган келишимдердеги шарттарга ылайык, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн товар алмашуусу эркин жүрөт. Бирок Кыргызстан эт азыктарын биримдикке экспорттой албайт. Мунун себептерин Кыргызстандын айыл, суу чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Оштун “Алай” футболдук клубу Кыргызстандын футбол боюнча Топ лигасында 11 оюндан кийин 28 упай топтоп көч башын жетектеди.
Көөнөрбөс каада-салт улансын!
Дагы жүктөңүз