“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
18-майда жарандык уюмдар БШКнын максатсыз чыгашалары көбөйүп кеткенин айтып, муну текшерүүнү Жогорку Кеңештен жана Эсеп палатасынан талап кылышты. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов “Азаттыкка” маек курду.
Быйыл Кыргызстанда чоң саясий окуя - парламенттик шайлоо өтөт. Ошону менен бирге "Ислам мамлекети" тобунун кыйыр таасири, чек аралардагы чыр-чатактардан улам өлкө бийлиги быйыл коопсуздукка өзгөчө көңүл бурушу керектиги айтылууда.
Улуу Ата Мекендик согушка Жети-Өгүздөн кетип, Украинада каармандык менен курман болгон жоокер, Советтер Союзунун Баатыры Мукаш Салакуновдун аты Днепропетровск шаарындагы көчөгө жана мектепке коюлган.
Кыргызстандан сыртта окуп жана иштеп жүргөн жаштардын демилгеси менен бүгүн Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырдын эстелигинин жанына мамлекеттик туу көтөрүлүүдө. "Азаттык" демилгечилердин бири, ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу менен маектешти.
Быйыл Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым күч алганын ЖМК кызматкерлеринин кесиптик уюмунун жетекчиси Мэри Бекешова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
19-апрелде Казакстандын Алматы-Екатеринбург жолунда болгон кырсыктан 16 киши каза тапты. Каза болгондордун ичинен кеминде үчөө жаш балдар болгон.
14-апрелде Хакасия республикасы өрт курмандыктарына байланыштуу аза күттү. 12-апрелде башталган өрттөн Хакасиянын өзүндө эле 23 киши каза тапкан.
Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча 117 бала гана аутист деген диагноз менен каттоого алынган. Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча мындай балдардын саны миңдеп саналат. "Азаттык+" бу сапар балдардын аутизм оорусун талдап көрдү.
Улуттук оппозициялык кыймыл 11-апрелде Жалал-Абад шаарында курултай өткөргөнү жатат. Буга байланыштуу Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров "Азаттыкка" маек курду.
19-мартта Байкоочу кеңеш Коомдук телерадио корпорациянын башкы директорлугуна 10 талапкердин ичинен Илим Карыпбековду тандады. Жаңы шайланган башкы директор Коомдук каналда күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө макулдук берип, келишимдерге кол коюп, эми биримдикке мүчө мамлекеттердин парламенттеринин уруксатын гана күтүп турган учурда, өлкөгө сырттан келип жаткан инвестициянын көлөмү азайды.
Аксы окуясына бүгүн 13 жыл толду. Андан бери үч бийлик алмашса да, 2002-жылы 17-18-марттагы кан төгүүгө адилет баа берилген жок деген нааразылыктар азыркыга чейин айтылып келет.
“Крокус-Интернешнл” ишканасы Кыргызстандын бажы тармагын жаңылайт.
Кытайлык Женни Жеңиш кызы ыктыярчылыкты өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыккан. Ал бул долбоорун кыргызстандык өнөктөштөрү менен ишке ашырууну көздөп жатканын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.
Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына арналган тегерек үстөл болуп өттү.
Онтарио соту “Центерра” компаниясындагы Кыргызстанга таандык 6,5 млн. акцияны камакка алды.
Белгилүү Sony корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын баланы эрте жашынан тарбиялоого арналган “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китеби кыргызчага которулду. Китепти белгилүү педагог Асылбек Жооданбеков которгон. “Азаттык” авторду кепке тартты.
Sony корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын баланы эрте жашынан тарбиялоого арналган “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китеби кыргызчага которулду. Китепти белгилүү педагог Асылбек Жооданбеков которгон.
Ош шаарында “Итальяно” деп аталган пиццерия иштейт. Анын ээси Савыт Абдиллаев Италиянын Верона шаарындагы университетте билим алган. Ал окуу менен бирге италиялыктардын улуттук тамак-аштарын, пицца жасоонун сырларын үйрөнүп келген.
Токмоктогу Кыргыз-түрк “Себат” лицейиндеги уулануунун себептери бүгүн-эртең белгилүү болот. Балдар жеген тамактар жана окуу жайдын ашканасы, анда иштеген ашпоздор атайын текшерүүдөн өткөрүлдү.
Дагы жүктөңүз