“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады.
Расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда 480 миң адам орто жана чакан ишкерлик менен алектенет. Ишкерлер жыл өткөн сайын чакан бизнестен пайда көрүү оорлоп баратканын айтып, мамлекетке колдоо көрсөтпөгөнү үчүн нааразы.
Саясий туткундарды коргоо комитети абакта отурган саясатчыларды толук актоо демилгесин көтөрүп чыкты.
Өткөн аптада Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсү пара алып жатып кармалды.
«Бишкектеги башталгыч түрк мектебинин жетекчиси балдарга жыныстык ыдык көрсөткөн» деген арыз боюнча иш Ички иштер министрлигинде каралууда.
Улуттук онкология жана гематология борборуна линиялык тездеткич сатып алуу боюнча тендер аяктады.
Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешесине дээрлик 6,5 миллиард сом чогулбай калды.
Кыргызстанда ири компаниялар "Мобильник" электрондук капчыгы менен кызматташуудан баш тарта башташты. Компаниянын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси 2003-жылы түптөгөн бул бизнесин казакстандык ишкерге тарттырып жибергенин маалымдоодо.
Эки кызы, жубайы Сирияга кеткен кыргызстандык жаран аларды кайтарып алып келе албай убара.
Жогорку сот активист Роза Маманованын ишин биринчи инстанцияга кайра кайтарды.
Ошто эки жашар баланы сабап өлтүргөнү кеп болгон аял эки айга тергөө абагына камалды.
Кыргызстан бир катар мамлекеттердеги элчилерин алмаштырууда.
Ооган согушунун жалган ардагерлерин иликтеген мекеме аралык комиссия аларга мамлекеттен берилген социалдык төлөмдөрдүн суммасы 129 миллион сомго жеткенин кабарлады.
Быйыл Кыргызстандагы 2200дөй мектепти 43 миңге жакын улан-кыз аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн "Акыркы коңгуроо" салтанаты мектептерде 25-майда белгиленди. Билим берүү жана илим министрлиги "Акыркы коңгуроону" майрамдоого акча чогултууга жана белек алууга тыюу салды. Салтанат учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилиги мектеп директорлоруна жүктөлгөн.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова "Азаттык" менен Жогорку соттун судьяларын шайлоо жараяны тууралуу маектешти. Ал парламент мурдагыдай бийлик көзүн карабай, баш көтөрө баштаганын белгиледи.
Кыргызстанда жумушчулардын укугу кандай корголот?
Бишкекте борбор азиялык балдардын жакшы жашоосуна арналган хакатон-фестивалы аяктады.
Нооруздан кийин "Тазалык" Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан 11 тонна таштанды жыйнады.
Байкоочулар сотко берүү адаты жетекчилерден катардагы жарандарга жугуп жатат деп эсептешет.
Дагы жүктөңүз