"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Узаган жуманын урунттуу окуяларына сереп (7-13-октябрь, 2019-жыл).
Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы чабуулуна тынчсызданууда. Бул маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында талкуулоо боюнча да сунуштар түштү. Анкара Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын кечээ, 9-октябрда баштаган.
8-октябрда Азербайжанда бийликти борбор калаада нааразылык акцияларын уюштурууга макул болбой келе жатканы үчүн сындап, Бакуда тынч саясий жыйындарды өткөрүүгө уруксат берүүнү талап кылган митинг өттү.
АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Түркия Сириядагы күрд кошуундарына каршы операциясынын учурунда аша чаба турган болсо, түрк экономикасын кыйрата турганын эскертти.
Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы аскердик операциясын баштаганы турат. Анкара аймакка кошумча жоокерлерин жана аскердик техникаларын жайгаштырды.
АКШ президенти Дональд Трамп Демократтардын атынан президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан мурдагы вице-президент Жо Байденге жана анын уулу Хантерге карата иликтөө жүргүзүүгө Кытайды чакырды.
Иракта өкмөткө каршы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 19 адамга жетти.
Иракта коррупцияга жана жумушсуздукка байланыштуу башталган нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 18 адамга жетти.
Тажикстандын парламенти күмүш кенин кытайлык инвесторлорго берүүгө макулдук берди. Ошондой эле кытайлык компанияны жети жылга салыктан бошотту. Талдоочулар күмүш кенинен Тажикстандын бюджети эч кандай каражат албай калышы мүмкүн экенин билдирүүдө.
Түндүк Корея 2-октябрда кайрадан ракета учурганы белгилүү болду. Бул - Пхеньяндын үч ай ичиндеги тогузунчу сыноосу. Өлкө август айында да беш ракетасын сыноодон өткөргөн.
«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууга жана анын кесиптик ишине тоскоолдук жаратууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Мухаммед ибн Салман эл аралык коомчулукту Иранды ооздуктоого чакырды.
Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (23-29-сентябрь, 2019-жыл).
Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитети АКШ жана Украина президенттеринин сүйлөшүүсүнө байланыштуу угуу өткөрдү.
Өкүлдөр палатасы АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо жараянын баштай турганын билдиришти.
Грета Тунберг дүйнө лидерлерин жаратылышты коргоого жетиштүү чара көрбөй жатат деп сынга алды.
Бир катар негизги маалымат каражаттары жана демократтар президент Дональд Трампты «украин бийлигин америкадагы шайлоого аралаштырууну көздөгөн» деп айыпташууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы куралдуу кагылышты токтотууга багытталган эки резолюция сунушталып, экөө тең колдоо тапкан жок.
Кошмо Штаттар Сауд Арабиясы өзүн өзү коргоого укуктуу деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы менен жолуккандан кийин билдирди. Ал Саудиядагы эки мунай заводдуна дрон аркылуу коюлган чабуулду «согуш актысы» деп атап, Иранды күнөөлөдү.
Ооганстанда 17-сентябрда эки аймакта болгон жардырууда өлгөндөрдүн саны 48 кишиге жетти. Бул Ооганстанда 10 күндөн кийин өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы жана АКШ менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан берки эң кандуу чабуул болуп калды.
Дагы жүктөңүз