Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Сирия: АКШ Түркиянын ыгына көндүбү?


Сирия менен Түркиянын чек ара аймагындагы түрктөргө таандык аскердик техника.
Сирия менен Түркиянын чек ара аймагындагы түрктөргө таандык аскердик техника.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы аскердик операциясын баштаганы турат. Анкара аймакка кошумча жоокерлерин жана аскердик техникаларын жайгаштырды. 

Ал арада АКШ Түркиянын аскердик жортуулуна каршы эместигин билдирип, аймактагы мурдатан жайгашып келген аскер күчтөрүн чыгарууда. Сириялык күрттөр Кошмо Штаттардын бул аракетин сындап жатат. Алар “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө АКШнын негизги союздашы болгон.

Кошмо Штаттар Сириянын түндүгүндөгү Түркия баштамакчы болуп жаткан аскердик операцияга катышпайт жана ага тоскоол да болбойт, ошондой эле аталган аймактан өз аскерлерин чыгарып кетет. Бул тууралуу Ак үйдүн 7-октябрда тараткан маалыматында айтылды.

АКШ президенти Дональд Трамп бир күн мурда Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүп, түрк күчтөрүнүн мерчемделип жаткан аскердик жортуулун талкуулаган.

Сириянын түндүк аймагында жүргөн АКШнын аскер техникасы.
Сириянын түндүк аймагында жүргөн АКШнын аскер техникасы.

Ак үйдүн билдирүүсүндө америкалык аскерлер өздөрүнүн милдетин аткарып бүткөнү, Сириянын түндүгүндөгү “Ислам мамлекети” террордук тобун талкалаганы айтылды. Ошондой эле акыркы эки жылда түрк чек арасына жакын аймакта туткундалган жоочулар боюнча “жоопкерчилик Түркияда болот” деп белгиленди.

“New York Times” гезити Кошмо Штаттар Сириянын чек арасындагы Түркиянын аскердик операциясына карата саясатын өзгөрткөнүн, башкача айтканда, аны түздөн-түз колдобосо да, эми каршы чыкпайлы деп чечкенин жазды.

«Рейтер» агенттиги өз булактарына таянып, АКШ Тел-Абяд жана Рас-эл-Айнедеги көзөмөл бекеттерин алып кеткенин жазды.

Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы уюмунун маалыматына караганда, америкалык күчтөр эки айылдагы позицияларынан чегинген.

Ал эми күрттөрдүн Сирия демократиялык күчтөрү “АКШ күчтөрү Түркия менен чек арадагы аймактан чыгарылды”, - деп жазды.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн маалымат катчысы Кино Габриел 7-октябрда АКШнын билдирүүсүн “далыга бычак саюу” деп мүнөздөдү.

“Америка Кошмо Штаттары аймакта Түркиянын кандай гана операциясы болбосун жүргүзүүгө жол берилбей турганын айтып келген”, - деди ал.

Вашингтон Сириянын түндүгүндөгү аскерлерин чыгарып жатканын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 7-октябрда да ырастады.

"Биз кечээ сүйлөшкөндө Трамп айткандай, аскерлер чыгарыла баштады. Азыр кесиптештер жумуштарын аткарып жатат жана бул иш дагы уланат", - деди Түркиянын президенти.

Жортуулга даярданып жаткан Түркия Сирия менен чектешкен Акчакале районуна кошумча жоокерлерин жана аскердик техникаларын өткөн жумада жайгаштырган.

Күрттөр азыр Сириянын түндүк-чыгышы менен түндүгүн же Евфрат дарыясынын чыгышын көзөмөлдөп турушат. Түркия бул аймакта операциясын баштай турганын буга чейин эле билдирип келген.

Анкара Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизги канаты болгон Элдик коргонуу кошуунун (YPG) өлкө ичиндеги күрт жикчилдери – Күрт жумушчу партиясы менен байланышы бар "террористтик уюм" деп эсептейт.​

Президент Режеп Тайып Эрдоган операциянын максатын Сирия менен чек аралаш аймактарда "күрт кошуундарын тазалоо" жана ал жакта “коопсуздук аймагын” түзүү деп түшүндүрдү.

Сириялык күрддөр Анкаранын операциясына каршы нааразылык учурунда АКШнын аскер техникасын карап турушат.
Сириялык күрддөр Анкаранын операциясына каршы нааразылык учурунда АКШнын аскер техникасын карап турушат.

Сириялык күрттөр – “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө АКШнын негизги союздашы болгон. Америкалык аскерлер Сириянын дал ушул күрттөр көзөмөлдөгөн аймактарына жайгаштырылган.

Сириянын Тышкы иштер министрлиги алардын аймагында коопсуздук зонасын түзүү аракетин “эл аралык укукту бузуу” катары баалады. Мекеме чет элдик күчтөр Сириянын бүтүндүгүн бузуп жатканын жана өлкөдөн токтоосуз чыгып кетиши керектигин белгилейт.

Түркия бир жагынан НАТОдогу өнөктөшү АКШ, экинчи жактан Орусия жана Иран менен биргеликте Сириянын чек арасына коопсуздук аймагын түзүүнү каалайт.

Түркия сириялык 3,6 миллион качкынды кабыл алган. Ал коопсуздук аймагына 2 миллион качкынды жайгаштырууну көздөйт. Ошондуктан өз операциясынын алкагында Анкара коопсуздук зонасын Сириянын чек арасына ичкери карай 30 чакырымга чейин кеңейтүүнү максат кылууда.

Күрттөр негизинен Сириянын Түркия менен чектешкен түндүк-чыгыш аймагынын көп бөлүгүн көзөмөлдөйт.

2011-жылдан бери Сириядагы жарандык согушта 400 000 адам көз жумду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG