"Азаттык" үналгысынын редактору, журналист.
Москвада сот тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиландын камак мөөнөтүн узартты. Москвада 15-февралда кармалган "Baring Vostok" инвестициялык корунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калви да камакта жатат.
Европада бозгунда жүрүп, өткөн жумада Дүйшөмбүгө "өз эрки менен кайтып келгени" айтылган тажик оппозиционери камакка алынганы кабарланууда.
Бангладештин борбору Даккадагы 300 жылдык тарыхы бар кварталдагы өрттөн 70 киши набыт болду.
Венесуэлада жарандык активисттердин айтымында, жыл башынан берки акцияларда өлгөндөрдүн саны кырктан ашты. Анын көбү укук коргоо органдарынын колунан ажал тапкан.
АКШда дүйшөмбү күнү 16 штат Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялаган анын буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берди.
15-17-февралда өткөн Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда Иран менен АКШ кайрадан кайым айтышты.
Варшавада АКШнын жана Польшанын демилгеси менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналган эки күндүк ири жыйын башталды.
Түркияда "Гүлен кыймылынын" мүчөлөрү деп саналган миңден ашык адамды камакка алуу буйругу чыкты.
АКШда демократтар жана республикачылар Мексика менен чек арага дубал куруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишти.
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Ооганстанга алдын-ала кабарланбаган сапар менен келди. Анын бул келиши Вашингтон талибдерге өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө баруу боюнча басым кылып жаткан учурда болуп жатат.
10-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ярославль, Орел, Казан, Махачкала, Киров, Ростов-на-Дону шаарларында "Ачык Орусия" уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген акциялар өттү жана ал “Ачуусу келген энелердин жүрүшү” деп аталды.
Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечими менен мамлекеттик күзөтчүлөр берилди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Франция менен Италиянын ортосунда элчини чакыртып алган мындай окуя Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу болуп отурат.
Москвада 5-6-февралда Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча эки күндүк сүйлөшүү өттү.
АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэладагы кырдаалга аскерий кийлигишүү варианты дагы деле сакталып жатканын билдирди.
Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.
Германия, Франция жана Улуу Британия Иран боюнча АКШнын санкцияларын айланып өтүүчү атайын финансылык механизмди ишке киргизгени жатат.
Пакистандын Жогорку соту "исламга жана пайгамбарга акарат келтирди" деп соттолуп, кийин акталган христиан аял Асия Бибинин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчтү четке какты.
Былтыр Пакистандын түрмөсүнөн бошонгон “Талибандын” кол башчыларынын бири анын АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча жетекчилигине дайындалды.
24-январда Киев соту Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти 13 жылга сыртынан соттогон өкүм чыгарды.
Дагы жүктөңүз