Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Иран Варшавадагы жыйынды сындады


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович учурашууда. Варшава, Польша, 12-февраль, 2019-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович учурашууда. Варшава, Польша, 12-февраль, 2019-жыл.

Варшавада АКШнын жана Польшанын демилгеси менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга арналган эки күндүк ири жыйын башталды.

13-14-февралдагы жыйынга 60тай өлкөдөн өкүлдөр чакырылган. Бирок жыйынга бир катар Батыш Европа мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери, анын ичинде Орусиянын башкы дипломаты да катышпайт. Тегеран конференцияны "Иранга каршы кастык" деп атап, Варшавага анын кесепети тиерин эскерткен.

Алтымыш мамлекеттен жогорку даражалуу адамдар чакырылган Варшавадагы эки күндүк конференциянын расмий уюштуруучулары - АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович.

Ал эми коноктордун арасында Американын вице-президенти Майк Пенс, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана башкалар бар.

Америкалык тараптын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, 20дан ашык мамлекеттен, анын ичинде Улуу Британия, Болгария, Италия, Грузия, Румыния, Украина, Түштүк Корея, Бразилия, Марокко, Сауд Арабия сыяктуу араб өлкөлөрүнөн министрлердин деңгээлиндеги расмий адамдар келет.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Биз Жакынкы Чыгыштын келечеги жана гүлдөп-өнүгүшүн талкуулоо үчүн чогулабыз. Жакынкы Чыгыштын тынчтык планын, терроризм менен күрөшүүдөгү коркунучтарды, бул өлкөлөр кантип биргелешип иштей аларын сүйлөшөбүз. Бизге бардык континенттеги 60 мамлекеттен өкүлдөр, анын ичинде 30 тышкы иштер министр келет. Бул Жакынкы Чыгыштан келип жаткан коркунучтарды азайтуу боюнча маанилүү миссияны аткара турган глобалдык коалиция болмокчу, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Ошол эле кезде бул конференциянын өтүшү карама-каршылыктуу да болуп турат. Анткени ага Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини, Батыш Европадагы бир катар өлкөлөрдүн министрлери, андан тышкары Орусиянын башкы дипломаты да катышкан жок.

Брюсселдеги Маршалл немис фондунун кызматкери Гийом Ксавье-Бендердин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айтышынча, бул конференциянын жыйынтыгы кандай болору белгисиз.

"Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты Орусиясыз, Ирансыз жана ал жактагы башка өлкөлөрсүз талкуулай албайсыз", - дейт Гийом Ксавье-Бендер.

Ал эми Польшанын тышкы иштер министри Яцек Чапутович буларга токтолду:

Яцек Чапутович
Яцек Чапутович

- Менимче, Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жалгыз өзү таасир эте ала тургандай салмагы жок. Биз Жакынкы Чыгышта АКШ жана жалпы демократиялык өлкөлөр менен биргелешип иштөө аркылуу гана тынчтыкка жетишип, кырдаалды турукташтырып, оң таасир эте алабыз.

13-февралда башталган жыйында Иран темасы, анын Жакынкы Чыгыштагы аракеттери көбүрөөк талкуулана тургандай. Тегеран буга чейин эле аны "Иранга каршы кастык аракеттердин чогулушу" деп атап, Варшавага кесепети тиерин эскерткен.

АКШ администрациясынын өкүлүнүн буга чейин айтканына караганда, Варшавадагы конференция “анти ирандык жыйын же Тегеранга каршы коалиция түзүү боюнча аракет” эмес, бирок ал Майк Помпео Ирандын аймактагы козуткуч саясатын талкуулай турганын кошумчалаган.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимдин тагдыры азыр белгисиз болуп турат.

Тегерандан 190 км түштүк-батыштагы Арак атомдук ишканасы.
Тегерандан 190 км түштүк-батыштагы Арак атомдук ишканасы.

Ал келишимден Вашингтон былтыр май айында чыгып кетип, 2015-жылы токтотулган санкцияларын кайра калыбына келтирген.

Президент Дональд Трамп буга Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин "маңызын" бузуп жатканын жүйө келтирген.

Германия, Франция, Британия, Кытай жана Орусия Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШнын чыгып кеткенине карабастан, аны сактап калууга аракет кылып жатат.

Варшавадагы Жакынкы Чыгыш боюнча конференция ошондой эле Польша өз аймагында америкалык аскер базасын ачуу демилгесин көтөрүп жаткан учурда өтүүдө. АКШнын Коргоо министрлиги Варшаванын бул сунушуна өз баасын кийинки айда бермекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG