Дакканын Чаукбазар деп аталган эски маалесиндеги өрт шаршемби күнү кечинде тутанган. Ал желим шаймандар жана тез жанып кетүүчү буюм-тайымдар сакталган төрт кабаттуу имараттан башталган. Жалын заматта кошуна үйлөргө жайылып, тилсиз жоо менен эки жүздөй өрт өчүрүүчү кызматкер беш сааттай күрөшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча кеминде 70 киши көз жумду. Өрттүн чыгуу себептери иликтенип жатат.
Жарандык коргонуу жана өрткө каршы кызматтын директору Шакил Неваз акыркы маалыматтар менен бөлүштү:
- Биз 70 адамдын өлүгүн таптык. Өлүктөр Дакка медициналык колледжине жөнөтүлдү. Ошондой эле 41 адамды куткарып, ооруканага жибердик. Биз өрттү дээрлик өчүрүп калдык, азыр урандылардын арасын издеп жатабыз.
Бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. Куткаруучулар ураган имараттардын алдында дагы адамдар болушу ыктымал деген божомолду айтып жатышат. Ооруканага жеткирилген айрым адамдардын да абалы оор.
Дакканын тургуну Мухаммед Салауддин - өрттөн жаракат алгандардын бири. Ал рикша – велосипед араба менен бараткан кезде өрт башталып, дүрбөлөңдөн жол жабылып калган. Кийин жарылуу болгондо арабакечин таппай калганын айтып берди:
- Чаукбазардагы мечиттин жанындагы жол жабылып калганда, эки ыктыярчы машиналар үчүн тыгынды азайтуу үчүн айдоочуларга жолду көрсөтүп жатты. Ошол кезде күчтүү жарылуу болуп, короонун дубалын талкалап кетти. Мен рикшада элем. Менин арабакечим өлүүбү же тирүүбү, билбейм.
160 миллиондон ашык калкы бар Бангладеш - коопсуздук чаралары сакталбагандыктан өрт кырсыктары көп катталган жакыр өлкө. Өрт жыл сайын жүздөгөн адамдын өмүрүн алат.