"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Талиптер режими кулагандан эки жылдан кийин, Ооганстандын жаңы конституциясын кабыл алуу үчүн, өлкөнүн булуң-бурчунан 500 делегат Кабулда чогулуп жатышат. Жекшембиде баштала турган Лоя Жырга же Жалпы улуттук жыйында бийлик бөлүшүү боюнча катуу талаш-тартыш болот деп күтүлүүдө. Ал эми укук коргоочулар конституциянын долбоорунда аялдардын укуктары жетиштүү корголбогонун айтып жатышат.
"Турмуш белестери" радио-журналынын кезектеги чыгарылышынан Орусиянын мурдагы байтактысында жашаган кыргыздардан кабар алыңыздар.
Хорватияда бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат. Европа Союзуна 2007-2008-жылдары кирип калат деп күтүлгөн жумуриятта негизги таймаш бийликтеги социал-демократтар менен хорват улутчулдарынын Христиан деморкатиячыл Биримдигинин ортосунда жүрүүдө.
15-ноябрь, ишемби күнү Истамбулда жөөттөрдүн эки синагогасы жардырылды. Эртеси эртең менен түрк полициясы 23 кишинин өлүмү такталганын бышыктады. Жараат алгандардын саны мындан алда-канча көп болуп, 242 кишиге жетти. Алардын бир бөлүгү оорукана чукул жардам алгандан кийин, үйлөрүнө чыгарылды. Түркиянын бийликтери жардыруулар эл аралык террорчулардын колунан келди деп болжолдошууда.
Советтер Союзу кыйрагандан 12 жылдан кийин коммунисттик доордун эң таанымал эн белгиси болгон "Правданын" айланасында айыгышкан сот кармашы башталды. Убагында советтик басма сөздүн байдубалын түзгөн "Правда" бүгүн эки башка форматта жарык көрөт. Бири советтик доордун салтында кызыл түс менен "Правда" деп бакырайта жазылган аталыштын алдында партия лидерлеринин этектей чубалжыган сөздөрүн басат. Ал эми "правда.ру" деген Интернет төрүндө коммунисттик идеалдар менен анчейин айкаша бербеген материалдар жарык көрөт. Кийинкиси жакында кагаз түрүндө басыла баштады. Ошентип, кайсы "Правда" же кайсы "чындык" жеңип чыгаар экен? Бул жаатта Азаттыктын Маскөөдөгү кабарчысы Софие Ламборшини жиберген баяндама менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
Иракта согушу бүттү деп жарыялангандан кийинки экинчи жарым жылдык Кошмо Штаттары үчүн оор жоготуу менен башталды. Апта соңундагы бир катар чабуулдарда Кошмо Штаттары Иракта 18 кишисинен айрылды. Бул окуялар Буштун администрациясына болгон америкалыктардын колдоосу төмөндөп бараткан мезгилде туура келүүдө.
Иранга aнын өзөктүк программасы жок экенин далилдөөгө берилген мөөнөт ушул жума күнү бүтөт. Анын аралыгында Кошмо Штаттарында Ирандын мындай программасын коопсуздандырууну эл аралык Атомдук Энергетика агенттигине калтырган канчалык туура деген маселе катуу талаш-тартышты жаратууда.
Багдадда бүгүн (ушул жекшембиде) катуу кайтарылган мейманкана ракетадан аткыланып, бир америкалык атуул окко учту. 15 кишинин жараат алгандыгы кабарланууда. Чабуулдун убагында мейманканада турган АКШнын Коргонуу катчысынын орун басары Пол Волфовиц аман калды. Кийин Волфовиц мындай карасанатай кол салууга карабастан, Кошмо Штаттары Иракты кайра куруу нийетинен баш тартпайт деп билдирди.
Ооганстандын Гиндукуш тоолорунда Мухаммед Захир шах аң уулап, Ажар капчыгайына каттап турган. Бул аймак 1977-жылы улуттук жаратылыш коругу деп жарыяланган, бирок советтик баскынчылыктын, ички согуштардын айынан бул жактар кароосуз калган. Жакында Азаттыктын кабарчысы Жейэм Ледгард жарым кылымдан бери чет элдиктердин буту баспаган Ажар капчыгайында болуп кайтты. Ледгард Ооганстандан жиберген маалымдама менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
«Хюман Райтс Уотч уюму» АКШ армиясына "Ирактагы аскерлери карапайым кишилерди өлтүргөн учурларды жеткиликтүү териштирбейт" деген доомат койду. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюмдун кечээ (ушул дүйшөмбүдө) жарык көргөн отчёту менен тааныштырып, микрофондо Жаңыл Жусубжан.
Дүйнөдө 300дөн ашык тынчтык сыйлыгы бар. Бирок эмне себептен алардын ичинен Нобел сыйлыгы айрыкча барктуу? Себеби бул сыйлыктын лауреаттары адатта бейкуттук, акыйкаттык, адам укуктары үчүн башын канжыгага байлап, жан үрөгөн ишмерлер болушат. Лауреаттар атактуу сыйлык менен кошо 1 миллион 300 миң доллар алганы да көпчүлүктүн көңүлүн бурат. Арийне, бул сыйлыктын 100 жылдан ашкан тарыхында ыңгайсыз ахвалдар да болбой койгон эмес.
Урматтуу угармандар. Жайкы эс алуудан кийин "Турмуш белестери" радио-журналыбыз кайрадан эфирде! Анын бүгүнкү саны бир кезде мамлекеттик эң жогорку кызматтардын биринде иштеп жүргөн таанымал замандашыбыздын түрмөдөгү турмушуна арналат. Сөз жакында талапкердиги Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн Феликс Кулов жөнүндө жүрүп атканын жазбай баамдасаңыздар керек.
Ооганстандын чалгын кызматтарынын ырастооосунда, талиб кол башчылары Пакистандан туруп, Ооганстандагы кандуу кол салууларды уюштуруп жатышат. Талибдердин коңшу өлкөдө баш калканч тапканы тууралуу ушул шейшембиде Ооганстандын президенти Хамид Карзай Бириккен Улуттарда сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү.
Ишембиде Багдадда Ирактын өкмөттүк кеңешинин белдүү мүчөсүн атып кетишти. Акила ал-Хашеми - Кеңештеги жалгыз аял киши эле. Соңку кабарларга караганда, ооруканда жаткан ал-Хашеминин абалы оор, бирок стабилдүү бойдон кала берүүдө. Бул күнү ошондой эле европалык үч ири мамлекеттин лидерлери Ирак боюнча жыйын өткөрүп, бирок бир пикирге келе албай тарашты.
Жайкы тыныгуудан кийин, "Азаттыктын" “Сыбызгы” радио-журналы кайрадан ободо! Ушул күндөрү «Тянь-Шань-Суисс Экспресс» кербени жолго чыкты. Хакас, кыргыз, монгол жана, атынан билинип тургандай, швецариялык шайырлар кирген топ Монголияда, Борбор Азия чөлкөмүндө Өзбекстанда, Кыргызтанда жана Казакстанда болушат. Күн Чыгыш менен Европанын тоолукшуган тоолук элдеринин кнукура элдик жана заманбап музыкалык мурастарын жуурулуштурган бул топтун Европаны түрө кыдырып, Азияны аралап жүргөнүнө быйыл эки жыл толууда. «Сыбызгы» программабыздан бул топтун соңку чыгармачыл пландарына кайрылабыз.
Мина колдонууга каршы өнөктүктүн активисттери ушул күндөрү Таиланддын баш калаасына чогулуп, Бириккен Улуттар уюму менен бирдикте эл аралык конференция өткөрүп жатышат. Делегаттар дүйнөнү минадан арылтуунун жол-жоболорун талкуулап жатышат. Куралдын бул түрүнөн запкы тартып келаткан аймактардын бири – Борбор Азия. Aнын ичинде Кыргызстанда минага жарылып, жылыга 4-5 киши набыт болот. Кыргыз-өзбек чек арасына жайгаштырылган миналарды жок кылуу аракеттеринен көп майнап чыга элек. Кыргызстан бул проблеманы кантип чече алат?
Мексиканун Канкун курортунда өтүп жаткан Дүйнөлүк соода уюмунун жыйыны жекшемби күнү үзгүлтүккө учурады. 146 мүчө-мамлекет жакырлар-байлар болуп жаатташып, мунасага келе албай тарашты. Кыргызстан да мүчө болгон уюмдагы ырксыздык кандай кесепеттерге алып келет?
Ушул аптада Балкан аймагынын бейкуттугу үчүн өтө маанилүү окуя орун алды. Тактап айтканда, Хорватия менен Сербия-Черногориенин президенттери согуш мезгилиндеги кылмыштар үчүн бир-биринен кечирим сурашты.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Американын көп улуттуу коому тууралуу баяндаган араб тилинде жаңы журнал чыгара баштады. "Hi" деп аталган, сапаттуу кагазга басылган түстүү журналдын биринчи санында америкалыктар арабдарга жана алардын турмушуна кызыга тургандыгы тууралуу да сөз жүрөт. Бирок араб дүйнөсү сын көз менен караган АКШнын тышкы саясаты жөнүндө бир сап да жазбаган журнал жаш арабдардын көңүлүндөгүсүн таба албаган шекилдүү.
Ушул жекшембиде укук коргоочу "Эл аралык Мунапыс" уюму Израилдин басылып алынган жерлердеги иш-аракеттерин сындаган билдирүү жасады.
Дагы жүктөңүз