"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Ушул жума күнү Саддам Хусейндин Ирак армиясы Кувейтке басып киргенине 13 жыл толду. Ошол чакта танкаларын түштүктөгү тепкедей жерди ээлеген коңшусун көздөй каптаткан Саддам Хусейндин бүгүн кайда экени белгисиз. Кошмо Штаттар анын башына 25 миллион доллар сайган. Ал эми анын АКШ аскерлеринин колунан ажал тапкан эки уулунун сөөгү 12 күн дегенде жерге берилди.
Американын эң атактуу куудулу Боб Хоуп ушул жекшембиде Калифорниядагы үйүндө оо дүйнөгө аттанды. Жарым кылым радио угармандардын, теле жана кино көрүүчүлөрдүн, чет өлкөлөрдө турган жүз миңдеген америкалык аскерлердин жарпын жазып, америкалык президенттер менен гольф ойногон атактуу куудул быйыл туура жүз жашка толгон эле.
Израилдин премьер-министри Вашингтондо АКШнын президенти менен жолугуп, Израилдин палестиналыктар менен элдешүү аракеттеринин күңгөй-тескейин талкуулап кайтты. Ал эми палестиналык аймактарда бийликтин алсыздыгынан улам саясий тирешүү жана зордук-зомбулук күн санап тереңдеп барат.
Иракта америкалык аскерлердин жоготуулары улам өсүүдө. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жекшемби-дүйшөмбү күндөрдөгү кандуу чабуулдарда АКШ дагы төрт аскеринен айрылды. Анын аралыгында Иракты калыбына келтирүү иштеринин ыргылжың темпи пайда кылган нааразылыкты эске алуу менен, америкалык башкы администратор реконструкцияны тездетүүгө чамданып киришээрин билдирүүдө.
Ирактын убактылуу Башкаруу кеңеши 22-июлда Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин алдына келип, колдоо сурады. Коопсуздук кеңеши Ирактын согуштан кийинки алгачкы өкүлчүлүктүү, бирок АКШнын көзөмөлү менен түзүлгөн өкмөттүк органын таанууга рекомендация берген жок. Жыйында АКШнын өкүлү БУУнун мүчө мамлекеттерин Ирактагы коопсуздукту кепилдөө иштерине көмөк көрсөтүүгө чакырды, бирок Германия менен Франция алгач Бириккен улуттарына жетекчилик роль ыйгарган жаңы резолюция кабыл алыш керек деген талабынан кайталашты.
Лондондун Ирак саясатына байланышкан чуулгандуу талаш-тартыштын капшабында кааган курал эксперти өз жанын өзү кыйган окуядан келип пайда чыккан оор кризис Британиянын өкмөт башчысынын Ыраакы Чыгыш саякатын үзгүлтүккө учурата алган жок. Буга чейин Токиодо жана Сеулда болгон Тони Блэр ушул дүйшөмбүдө Кытайга эки күндүк сапарын баштады. Бирок Ирак согушунда АКШга тоодой таяныч болуп берген Блэр кызматын сактап калган күндө да, согуштун кесепетинен жаралган кризистен чыгуу үчүн ага өкмөттөгү эң ишенимдүү адамдарын садага чабууга туура келет окшойт.
AКШнын президенти Жорж Буш ушул бейшембиде түштүк африкалык Ботсвана өлкөсүндө болуп, СПИД эпидемиясы менен күрөшкө жардам берүүгө убада кылды. Африка өлкөлөрүн кыдырып жүргөн Буш Ботсванада ак түстүү фермерлердин жерин тартып алып, эл чарбасын бүлүндүргөн Зимбабвенин президентин сынга алды. Либериядагы кырдаал да Кошмо Штаттары үчүн чоң баш оору, 14 жылдан бери ички согуш токтобой келаткан бул өлкөгө америкалык аскерлерди жиберүү чакырыктары улам катуулап угулууда.
AКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарын жүргүзгөн таланттуу кол башчы генерал Томми Фрэнкс үстүбүздөгү аптада аскер кызматынан кетти. Шейшемби күнкү аземде АКШнын Коргонуу Катчысы Доналд Рамсфелд аны "жоокердин жоокери" деп көкөлөтө мактады. Бирок 60ка чыга элек Фрэнкстин карьерасы көкөлөп турган чакта эмне себептен АКШ армиясынан кетип жатканы бүдөмүк калууда.
Британияда бүгүн 3 жарым миңге чукул кыргыз жашап жатат. Алардын жагдайын сураштырсак, арасында кесиби боюнча жергиликтүү эл менен тең тайлашып иштеп, мыкты жашап кеткендер бар. Бирок аларга караганда, мыйзамсыз жалданып иштеп жаткандар жана жумуш таба албай жүргөндөр алда канча көп. Арасында мыйзам бузуп, соттолгондор кездешет. Ай сайын Британиядан эки-үч кыргыз депортацияланат. Кыргызстандын Лондондогу элчилигинин катчысы Мирлан Арстанбаев ушул темада "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Катчы алгач Британиядагы кыргыздар туш келип жаткан кыйынчылыктарга токтолду.
8-июлда келип түшкөн кабарда айтылгандай, Иракта коалиция аскерлерине кол салгандар тууралуу маалымат бергендер 2 жарым миң доллардан кем эмес сыйлык алышмакчы. Мындай сыйлык Ирактын мунай куурларын жардыргандарды карматып бергендерге да ыйгарылаары азырынча белгисиз.
Иракта жекшембиден бери эки америкалык аскер окко учту. Ал эми Вашингтондо мартабалуу саясатчы, АКШ Сенатынын комитет башчысы, чалгын кызматтарына шилтеме берип, Саддам Хусейн тирүү болуш керек деген божомолун билдирди.
Терроризм, мыйзамсыз миграция жана кылмыштуулук менен күрөштү бетке кармаган Британиянын ички иштер министрлиги 60 миллион британ жаранын атайын иденттүүлүк картасын же ички паспорт алып жүрүүгө милдеттендирүүнү пландаштырууда. Сунушту полиция колдоп жатат, бирок жарандык уюмдар бул чара карапайым адамдардын жеке турмушуна кийлигишүү коркунучун күч алдырат деп эскертип жатышат. Ички паспорт Кыргызстандын Британиядагы 3 жарым миң чакты жаранынын турмушуна кандай таасир этиши мүмкүн?
Aдамдарды кулчулукка сатуу, анын ичинде кыздарды сексуалдык күңчүлүккө мажбурлоо - дүйнөдө мыйзамсыз курал жана баңги соодасынан кийинки эле эң кирешелүү кылмыш. Борбор Азия жумурияттарында бул көйгөйгө жаңыдан гана көңүл бура башташты. Жакында Казакстан менен Тажикстан Кылмыш кодексин өзгөртүп, киши аткезчилерин кылмыш жазасына тартууну мыйзамдаштырды.
Америкада байыркы көчмөн кыргыздардын тукумдары жашайбы? Жакында биздин радиого келген кат мына ушундай суроого түрткү берди. Америкалык профессор Рик Кыржыска атасы "биз европалык көчмөн кыргыздардын тукумубуз" деп айтчу экен. "Азаттыкка" берген интервьюсунда Кыржыс анын ата-бабалары сибирлик кыргыздардан болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу окумуштуулардын көз караштары кандай болду экен?
Иракта Саддам Хусейндин жакын кеңешчиси беларус паспорттору менен колго түшкөндө, Беларустун тышкы иштер министрлиги бул тууралуу жазып чыккан британ гезитин катуу сынга алган эле. Бирок бул маалыматты азыр Кошмо Штаттары да бышыктап жатат. Британиялык гезиттин кабарчысы Патрик Кокбурн - Саддам Хусейндин режимин ичтен билген белгилүү эксперт. Ал «Азаттыкка» Ирактын мурдагы мартабалуу өкмөт өкүлдөрү Беларус аркылуу Украинага же Орусияга өтүп кетүүгө аракеттенип жаткан болушу мүмкүн деп билдирди.
Жакында Белгия согуш кылмыштарын соттоону караган мыйзамын өзгөртөөрү дайын болду. Кабыл алынганына быйыл 10 жыл толуп жаткан мыйзам бул кылмыштар кайсы өлкөдө орун алганына карабастан, кылмышкерлерди Белгияда соттоого жол ачкан эле.
16-июнда Австриянын байтактысы Венада Борбор Азия көркөм өнөрүнө арналган көргөзмө салтанаттуу ачылды. Австриянын өкмөтү, Венадагы Чыгыш таануу коому, Австриянын тышкы иштер министрлиги жана Австрия-кыргыз достук коому биргелешип уюштурган көргөзмөгө Казакстандан Айгерим Бекен, Түркмөнстандан Моммак Кулиев, Тажикстандан Иляс Мамажанов, ал эми Кыргызстандан Юристанбек Шыгаев катышууда. Көргөзмөнүн ачылышында Жаңыл Жусубжан кыргыз сүрөткерин сөзгө тартты. Алгач ал Шыгаевден Венага кандай чыгармачылык куржун менен келгенин сурады.
Атактуу велиончелист, ушул жазда Кыргызстанда болуп кеткен Йо Йо Ма азыр экинчи "Жибекжол" фестивалына каражат топтоо менен алектенүүдө. Үстүбүздөгү жылдын этегине белгиленген оюн-зоокто Юристанбек Шыгаевдин сүрөттөрү менен жасалгаланган сахнада комузчу Руслан Жумабаевдин концерт коюшу каралган. Ал эми былтыркы фестивал АКШнын баш калаасы Вашингтондо зор ийгилик менен өтүп, ага миллиондогон көрөрмандар келген эле. Фестивалдын жүрүшүнөн Жаңыл Жусубжан жиберген радио-материалдарды кайталап эфирге чыгарууну улантабыз. "Жибекжол" фестивалынын кыргыз катышуучулары менен маекти угуңуздар. Кенже Кубатова алгач фестивалдан таасирлери менен бөлүшөт. Маекке ошондой эле Токтобек Асаналиев жана Бакыт Чыгырбаевдер катышты.
Альпинизм – бүгүн дүйнөдөгү эң бир татаал бирок кирешелүү спорт түрү болуп саналат. Арийне, тоолуктар, анын ичинде кыргыздар бул мүмкүнчүлүктү колго ала албай келатышат. "Кар жолборсу" атыккан Тензиг Норгей убагында тоолуктар да өз энчисине тийген куруттан кур калууга тийиш эмес экендигин далилдеген. Тензиң Норгай дүйнөнүн эң бийик чокусун жаңы зелландиялык альпинист менен чогуу багындырган күнгө ушул бейшембиде жарым кылым толууда.
Ооганстандагы чоң казат бүттү, бирок ал согушка кол кабыш кылган америкалык аскерлердин бир бөлүгү Кыргызстанда кала берүүдө. АКШнын армиясы алар Ооганстандан башка жактардагы жаңжалдарда колдонулбайт деп ырастап келатат. Ушул шейшембиде америкалык гезиттердин биринде жарыяланган макала бул аскерлер кыргыз жергесинде дагы бир топ убакытка калаарын жана алар, балким, Кыргызстандын өзүндөгү же коңшу өлкөлөрдөгү жаңжалдарда пайдаланышы мүмкүн экендигин боолголоого түрткү берет. Макала "Уол Стрит Жөрнал" басылмасында "Пентагон аскерлерди алыскы аймактарга жайгаштырууга даярданып жатат" деген аталышта жарык көрдү.
Дагы жүктөңүз