"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Анжиян козголоңу исламчыл уюмдар тарабынан Кыргызстандын түштүгүндө пландалган. Өзбекстандык тергөөчүлөр дүйшөмбүдө мына ушундай ырастоо менен чыгышты. Алар президент Ислам Каримов тарабынан Анжиян козголоңун иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик комиссиянын алдында билдирүү жасашты. Бул ырастоо эки өлкөнүн мамилесине дагы суу бүркүүдө.
Британияда июль айындагы жардыруулардан кийин өлкөнүн өкмөт башчысы Исламчыл “Хизб-ут-Тахрир” партиясына тыйуу салууга чакырган эле. Бирок жекшембидеги курултайында бул уюм зордук-зомбулукка жана террорго каршы экендигин кайрадан ырастап, британ өкмөтүн диалогго чакырды. Ал гана эмес, хизбутчулар террорго каршы чогуу күрөшүүнү сунуш кылышты.
2-сентябрда Беслан трагедиясында курман болгондордун энелери жана башка урук-туугандары Кремлде президент Путин менен жолугушту. Бесландык энелер комитетинин жетекчилери Путинге чечен сеператизмин колдогон куралчандардын Белсан мектебине кол салышына байланыштуу бир топ суроолорду кабыргасынан коюшмак. Аман-калгандардын урук-туугандары бул трагедия тууралуу чындыктын толугу менен ачыкка чыгаарына көздөрү жетпей тургандыгын айтышууда.
АКШнын Мексика булуңунда эң бир каргашалуу бороон-чапкын мунай жана газ өндүрүшүн үзгүлтүккө учуратып, натыйжада мунайдын дүйнөлүк баасы баррелине 70 долларга чыгып кетти. Буга мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК каретелинин жетекчилиги тынчсыздануу билдирүүдө. Экспертердин божомолунда, мунайдын баасы дагы өсүп, баррелине 80 долларга жетиши мүмкүн.
Мексика булуңунан чыккан бороон-чапкын бүгүн эртең менен АКШнын түштүгүнө келип жетти. Саатына 240 чакырым ылдамдыкта соккон шамалдын коштоосунда “Катерина” деген бул бороондон азырынча жапа чеккендер болгон жок, бирок ал ойдуңда жайгашкан Нью-Орлеанс шаарын кыйсыпырга түшүрөт деп күтүлүүдө.
Кытайда өткөн "Монгол Жуурат Супер кыз" мелдеши өлкөнү дүңк эттирди. Америкалык Идол атаандаштыгы сыңарында, бул кароодо ырчы кыздар телевизор аркылуу миллиондорго таанылып, өзүнө теңтуш кыздардын түшүнө да кирбеген мансапка жетет.
Астронавттар Стив Робинсон жана Соичи Ногучи ачык космосто космостук кемени оңдоонун жолдорун сынап көрүшөт. Кеме жерден көтөрүлгөндө анын сыртындагы каптамасына зак кеткени белгилүү. Жерге кайтканга чейин астронавттар дагы эки жолу ачык космоско чыгышмакчы.
Орусиянын бийликтери Сибирде канаттуунун сасык тумоосу табылганын бышыктады. Бийликтердин айтымында, сасык тумоону Азиядан келгин куштар алып келген жана анын адам баласына коркунучу аз. Башка эксперттер бул кеселдин адам баласына жугуш коркунучу жок эмес деп шек санап жатышат.
"Дискавери" космос кемеси 26-июлда асманга көтөрүлгөндө, сыртынан орогон жылуулагыч кыртышынын бир топ жери сыйрылып түшүп калган эле. Ушундан улам, AКШнын Космос агенттиги - NASA мындай чөлмөк кемелердин баарын жерге кондурууну чечти. Бул кокустук мындан эки жарым жыл мурда Колумбия космос кемесин кыйраткан кокустуктун өзүндөй болду, бирок АКШнын космос агенттиги “Дискаверидеги” жети астронавттын өмүрү коркунучта эмес деп айтып жатат.
Алгач патриоттук-аскердик канал пайда болду, кийин Орусиянын чет өлкөдөгү имиджин жакшыртууну максат кылган телеканал түзүү планы белгилүү болду. Эми Орусияда алгачкы православ сыналгы каналы бүгүндөн тартып обого чыгууда. Бул диний канал Орусиянын руханий талаптарын канаттандырууга тийиш, бирок анда коммерциялык рекаламар да болот. Жергиликтүү байкоочулар бул демилгенин артында Кремлдин тургандыгын белгилешүүдө.
Ушул күндөрү Борбор жана Түштүк Азиялык офицерлер америкалык кесиптештери менен чек ара коопсуздугу жана терроризмге каршы күрөш жаатындагы кызматташттыкты жакшытрууну көздөгөн аскердик машыгуудан өтүп жатышат. Офицерлер компютерде иштелип чыккан кризистик кырдаалдардан чыгуунун жолдорун талкуулашып, Борбор Азияда көп улуттуу операцияларды уюштурууну, жана бири-биринин тилин түшүнүүнүн жолдорун үйрөнүп жатышат.
Иранда Акбар Хашеми Рафсанжани ушул жума күнү президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Тегеран шаарынын консерватор акими Махмуд Ахмадинежад менен ат салышат. Рафсанжани иштиктүү консерватор катары белгилүү. Ал буга чейин Иран армиясынын башкы командачысы, парламенттин спикери жана президент болуп иштеген. Рафсанжани азыр Ирандыктарды өзүн колдоп, ошону менен "эсктремизмге" жол бербөөгө чакырууда.
Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндөй эле, Тажикстанда да миңдеген улан-кыздар жаштайынан иштеп жүрүшөт. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Тажикстанда 5тен 14 жашка чейинки балдардын дээрлик 20 пайызы ар кандай жумуштарда иштешет. Алардын көбү - багаар-көрөөрү жок, көчөдө калышкандар. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Фируз Баротов Дүйшөмбү калаасында базарда соода кылып жүрүп, оозго алынган музыкант жана үйлөнүү тойлордун көркүн ачкан ырчы болгон бир кызды кезиктирген.
Кыргызстан мурда-кийин качкындарды кабыл алып, өзүн эл аралык коомчулуктун абройлуу мүчөсү катары көрсөтүп келет. Бирок тарыхта кыргыздар өздөрү да качкын болгон, азыр да чет өлкөлөрдөн баш паанек издеп жүргөн кыргыз атуулдары аз эмес. Алардын бири, 6 жаштагы Саяра менен кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан Чех Жумуриятындагы качкын лагерлеринде таанышкан эле. 20-июнь-качкындардын эл аралык күнүнө карата кичинекей Саяранын тагдырын чагылдырган ошол баянды сунуштайбыз.
Өткөн бир жылда Түндүк Корея өзүнүн ядролук курал программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүдөн четте болуп келген эле. Өткөн аптада Жорж Буштун администрациясы Пхеняндын Кытай, Жапония, Орусия, Түштүк Кореа жана Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүнү кайра жандантууга макул болгонун кулак кагыш кылды. Бирок сүйлөшүүнүн качан кайра башталаары али белгисиз. АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин мүчөлөрү, анын ичинде Буштун Республикачыл партиясынан шайланган бир нече таасирлүү сенатор ушул аптада Буштун администрациясы бул сүйлөшүүгө карата мамилесин кайра карап чыгышы керек деп айтып чыгышты.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө тамеки тарткандардын жашоосу улам кыйындап баратат. Бир жагынан эл арасында тамекинин зыяны тууралуу түшүнүк кеңейип, экинчи жагынан коомдук жайларда тамеки тартууга тыйуу салган мыйзамдар кабыл алынууда.
Ливанда жекшемби күнү шайлоочулар төрт баскычтан турган парламенттик шайлоодо добуш бере башташты. Шайлоо өлкөдөн сириялык аскерлер бир ай мурда чыгарылып кеткенден кийин өтүп жатат. Байкоочулар Саади ал-Харири менен мамилелеш талапкерлердин ири жеңишке ээ болоорун айтышууда. Хариринин атасы, экс-премьер Рафик ал-Харири ушул кышта өлтүрүлүп кеткенден кийин, Ливанда саясий толкундоолор башталып, анын акырында Сирия аскерлерин алып кетүүгө мажбур болгон эле.
Ооганстандын президенти менен АКШнын президенти Вашингтондо эки өлкөнүн ортосундагы "Стратегиялык кызматташттык" келишимине кол коюшту. Ошол эле убакта Хамид Карзайдын Ооганстандагы америкалык аскерлердин операцияларын чектөө аракетинен майнап чыккан жок, америкалык түрмөдөгү ооган атуулдарын Кабулга өткөрүп берүү талабы да суу кечпей калды.
Ооганстандын президенти Кошмо Штаттарына төрт күндүк расмий визит менен барды. Дүйшөмбүдөн тартып Хамид Карзай президент Буш жана башка америкалык жетекчилер менен сүйлөшүү жүргүзөт. Сүйлөшүүлөр АКШ менен Ооганстандын узак мезгилдүү стратегиялык алакаларына арналат деп күтүлүүдө. Ошондой эле Карзай кечээ, жолго чыгаар алдында америкалык түрмөлөрдөгү ооган айыпкерлеринин абалына байланышкан маселени кабыргасынан койоорун айткан.
Дүйшөмбүдө Иран уран байытууну чукул арада кайра баштаарын жарыялады. АКШнын бийлик өкүлдөрү буга чейин Тегеран ядролук отунду иштетүү аракеттери боюнча Евробиримдик менен макулдашкан шарттан баш тартса, маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде кароо керек деп айткан эле. Ирандын соңку жарыясынан кийин Кошмо Штаттары уран байытууну Иран кайра баштаса, бул "жазасыз" калбайт деп эскертти.
Дагы жүктөңүз