Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

“ДИСКАВЕРИНИН” КЫРТЫШЫ СЫЙРЫЛГАН СОҢ НАСА УЧУУЛАРДЫ ТОКТОТТУ


"Дискавери" космос кемеси 26-июлда асманга көтөрүлгөндө, сыртынан орогон жылуулагыч кыртышынын бир топ жери сыйрылып түшүп калган эле. Ушундан улам, AКШнын Космос агенттиги - NASA мындай чөлмөк кемелердин баарын жерге кондурууну чечти. Бул кокустук мындан эки жарым жыл мурда Колумбия космос кемесин кыйраткан кокустуктун өзүндөй болду, бирок АКШнын космос агенттиги “Дискаверидеги” жети астронавттын өмүрү коркунучта эмес деп айтып жатат.

“Дискаверини” учуруу менен НАСА Колумбия трагедиясынан кийин биринчи жолу космоско киши жиберди. Колумбия кыйрагандан кийин коопсуздук чаралар да жакшыртылган эле.

Бирок НАСА кайрадан учурууда кеменин кыртышынын сыйрылып түшүшүнө байланышкан проблема чечилгенге чейин, кеме учуруу иштери кайрадан токтоп калды:

Билл Парсон НАСАнын чөлмөк программасынын жетекчиси. Ал шаршембиде Техас штатындагы Жонсон атындагы Хьюстон борборунда өткөн пресс-конференцияда учуулардын токтотулганын жарыялады.

НАСА Колумбия кемесин ичиндеги жети астронавты менен кыйроого тушуктурган проблемаларды чечүүгө эки жарым жылда 1 миллиард доллар сарптаган эле. 2003-жылдын 16-январында учуруунун мезгилинде Колумбия кемесин жылуу сактоочу атайын кыртыштын бир килограммга жетпеген үзүгү түшүп калып, кеменин канатында тешик пайда болгон эле. 16 күндөн кийин Колумбия Жердин атмосферасына кирип келгенде катуу ысыган газ ошол тешикти жырып, кеме жарылып кеткен.

Ушул шейшембиде «Дискавери» космоско көтөрүлгөндө НАСАдагылар кыртыш башка сыйрылбайт деген ишенимде болушкан, бирок чөлмөктүн сырткы май куючу чарасынын сүрөтү учуруунун мезгилинде чаранын кыртышынын кеминде үч жери сыйрылып түшкөнүн көрсөттү. Сыйрылган кыртыштын көлөмү Колумбиянын кыйрашына алып келген кыртыштай бар экен.

Билл Парсон «Дискаверинин» ичиндеги жети астронавтын өмүрү эч кандай коркунучта эмес экендигин белгилеп, алар план боюнча 7-августта жерге кайтып келишээрин билдирди:

– Кыртыштын сыйрындысы кемеге залака тийгизген жок, бул да болсо жакшы кабар.

Инженерлер ошондой эле кеменин ысыкка чыдамдуу чопо кыртышына жаракка кеткенби деп, иликтөө жүргүзүп жатышат. “Дискавери” ушул бейшембиде орбитада турган Эл аралык Космос Бекетине жалгашты. Кеме бекетке зарыл тамак-аш, жарак-жабдыктарды жеткирип келди. Жакынкы күндөрү астронавтар ачык космоско чыгышып, ысыктан сактоочу кыртышты оңдоонун техникасына машыгышат.

Сентябрь айында «Атлантис» деген кеме учурулуп, ал Эл аралык Космос Бекетин курууну улантмак. Бирок «Дискавери» туш болгон кокустуктан кийин, ал жана башка калган учуулар белгисиз мөөнөткө токтоп калды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG