"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Нью-Йоркто жарыкка чыгуучу финансылык журнал жылыга дүйнөдөгү эң бай адамдардын ысымдарын жарыялап турат. Бул тизмеге кириш үчүн талапкердин аз эле дегенде ырасталган 1 миллиард доллары болуш керек. Тизмеде быйыл Казакстандан эки киши бар.
Теңдикке келгенде, полигамия же көп аял алуу коомдук пикирди айрыкча бөлүп-жарган маселге айланды. Миллиондогон эркектер согуштан кайтпай калган Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин да демографиялык көйгөйдү полигамия аркылуу чечүү маселеси коюлган эмес. Бүгүнкү тынчтык турмушта эмне үчүн бул маселе улам кайра көтөрүлүп жатат? Эгер сизди ушул суроо кабатырлантып жүргөн болсо, "Элечек" тасмасынан айрым жоопторду алышыңыз мүмкүн. Майраш эже башкы каарман болгон "Элечек" документалдуу фильми жакында Прага шаарында адам укуктарынын Бир Дүйнө фестивалында көрсөтүлдү.
Кытайда Компартия массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөөдө кибернетикалык мейкиндик жана интернет менен гана чектелбейт. Соңку изилдөө көрсөткөндөй, кытай бийликтери ыкка келбеген редакторлорду кызматтан алып, өзүн өзү цензуралагандарга финансылык колдоо көрсөтүп, жана башка репрессиялык методдорду колдонот. Кошмо Штаттарында жайгашкан коммерциялык эмес Фридом Хаус уюмуна ылайык, owol эле убакта жеке менчиктин күч алышы, базар атаандаштыгынын өсүшү жана чет өлкөлөрдөн маалымат алуунун жеңилдеши мындай чаралардын таасирдүүлүгүн чектеп жатат.
Судандын Дарфур провинциясындагы гуманитардык катастрофа – качкындарга байланышкан дүйнөдөгү эң бир курч кризистердин бири болуп саналат. Күн өткөн сайын бул кризис тереңдеп, коңшулаш Чадга жайылууда. Бирок ушул аптада бул маселеге кайрылганы жаткан Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде Дарфур кризисин жөнгө салууда мунаса жетишилээри күмөн туудурат.
Соңку кездери Өзбекстандын маалымат каражаттарында Иран мурдагыдан бөлөк чагылдырыла баштаганын байкоого болот. Мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндөгү гезиттерде Иран тууралуу оң мазмундагы макалалар басылып, жакында ирандык делегациянын Ташкенде болушу Өзбекстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүдөн кабар берип тургансыйт.
"Science" же "Жаратылыш" журналында жарыяланган жаңы изилдөөгө ылайык, океандардын деңгээли мурдатан болжогондон тезирээк көтөрүлүп жатат. Анын ичинде окумуштуулар Гринландиянын муздары канчалык тез эрип жаткандыгын эсептеп чыгышкан. Эгер азыркы абал сакталып кала берсе, жээктердеги жашоого, анын ичинде өсүмдүктөрдүн жана жаныбаларлардын жашоосуна коркунуч келип, Европада күн катуу сууктап кетиши мүмкүн.
Түркмөнстанда газ, элеткр жарыгы бекер, таза суу, туз текейдей арзан, бирок суу тартыш, дүкөндөрүнүн текчелеринде туздалган бадыраң, шишедеги лимонад жана томат пастадан башка көп азык таба албайсыз. Ошондуктан бул өлкөнү айрымдар ойлогондой бейиштин төрү деп аташ кыйын. Ал эми жакында жүз миңдей кишинин пенсиялары жоюлуп калгандан кийин, айрымдар такыр эле ачка калуу коркунучуна туш келишүүдө. Президент Ниязовдун бул чечими адатта бийликтерге баш көтөрүүгө даабаган элдин бир катарын көчөгө чыгууга мажбурлады.
Кыргызстандагыдай социализмден баш тартпаганы менен, Кытайдада барган сайын капчыгы калыңдар гана сапаттуу билим алып, саламаттыгын чыңдай ала турган социалдык теңсиздик улам тереңдеп баратат. Бир эле мезгилде, экономикалык өсүштүн артынан түшкөн жергиликтүү партактив айлана-чөйрөнүн булганышын жана анын аркасында калктын ден-соолугуна зыян келишин көзгө илишпейт. Булардын бардыгы Кытайда элдик толкундоолордун улам көбөйүшүнө алып келүүдө.
«Нью-Йорк Таймс» гезити жакында АКШнын президенти Буштун администрациясы ЦРУга Кошмо Штаттарындагы адамдардын телефон сүйлөшүүсүн тыңшоого көрсөтмө бергендигин жазып чыккан эле. Буш мунун чын экендигин моюнга алып, бирок мындай чара АКШны терроризмден коргоо үчүн керек деп актанган. Бул жаңжал бирок «Таймстын» журналисттик этикасы тууралуу да талаш-тартышты жаратты.
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык. Бул лакап Борбор Азиядагы аялдарга карата жалпы мамилеге көркөм иллюстрация боло алат. Эскичил түшүнүктөр менен катар, аялдардын тартынчаактыгы, өзүнө болгон пайда алып келе турган таризде жашап, эмгектенишине бөгөт болуп келет.
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык. Бул лакап Борбор Азиядагы аялдарга карата жалпы мамилеге көркөм иллюстрация боло алат. Эскичил түшүнүктөр менен катар, аялдардын арткынчаактыгы, өзүнө болгон пайда алып келе турган таризде жашап, эмгектенишине бөгөт болуп келет.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин Вашингтонго биринчи жолу барышы бир аз ыңгайсыз мезгилге туш келди. эң жөнөкөй укуктарынан пайдалана албаган шектүү террористтер үчүн АКШнын ЦРУсу жашыруун түрмөлөрдү иштетет деген кабар Европа Биримдигинин тынчын алууда. Бул түрмөлөрдүн айрымдары Европанын аймагында да бар болушу ажеп эмес. Маселе шейшемби күнү Штайнмайер АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс менен жолукканда көтөрүлдү.
Багдадда дүйшөмбүдө Саддам Хусейндин үстүнөн сот иши улантылды. 1980-жылдары 150 чакты кишинин өлүмү үчүн соттолуп жаткан Саддамдын иши мурдагы серб президенти Слободан Милошевичтин үстүнөн жүрүп жаткан соттон кандай айырмасы бар? Бийликте ким турбасын, сотту ким жүргүзбөсүн, анын акыйкаттыгы камсыздалбаса, мыйзамдын үстөмдүгү курулай сөз бойдон калбайбы?
Германияда парламенттин төмөнкү палатасы консерватор Ангела Меркелди канцлердикке шайлады. Ошону менен өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бул кызматка аял киши, болгондо да чыгыш германиялык саясатчы келди.
АКШнын президенти Жорж Буш жекшембиде Кытайдын президенти Ху Жин Тао менен жолугуп, соода алакаларын жана адам укуктарын талкуулады. Америкалык өкүлдөр сүйлөшүүнүн ачык-айрым болгондугун бышыкташты.
Үч күндүк конференцияда Кубадагы Кошмо Штаттарынын камак жайынан бошонуп чыккандар башынан өткөргөн окуяларын ортого салып, алардын арыз-армандарына эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурууну максат кылышууда. Жыйын Лондондо жайгашкан Эл аралык мунапыс уюмунун демилгеси менен уюштурулду.
Оппозициядагы улук конгрессмен Ирактан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылгандан кийин, АКШнын президенти Жорж Буштун Ирак саясатынын айланасындагы талаш кескин курчуду. АКШнын Өкүлдөр палатасындагы Демпартиянын эң аксакал өкүлдөрүнүн бири Жонн Мурса ушул бейшембиде "Куралдын күчү менен Кошмо Штаттары Иракта мындан артык эч нерсе кыла албайт" деп айтты. Буштун администрациясы дароо Мурсанын кадамына дүрбөлөң салуучулук деп баа берди.
Өкмөт башчысы Тони Блэрдин террорчулукка шектелгендерди айып коюусуз эле үч айга чейин абакта кармоо сунушун Британиянын парламенти четке какты. Парламенттин бул кадамы британ мыйзамгерлери террорчулукка каршы күрөшкө жетиштүү мыйзамдык куралдар бар деп санашаарын көрсөтөт.
Азербайжандын оппозиция лидерлери жана алардын колдоочулары кечээ Бакы калаасынын борборунда жекшембидеги парламенттик шайлоого байланыштуу нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар добуш берүү одоно жана көптөгөн эреже бузуулар менен өттү деп ырастап, шайлоо чөлкөмдөрүнүн 80 пайызында кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышты.
Азербайжанда оппозиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты. Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала эсептөөгө ылайык, бийликтеги “Йени Азербайжандын” алдыда келаткандыгын билдирүүдө. Шайлоо бекеттеринин дээрлик 30 пайызындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында, Милли Межлистеги 125 орундун 58ин “Йени Азербайжандын” талапкерлери жеңип алды.
Дагы жүктөңүз