Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

БУШ КЫТАЙДА БОЛДУ


АКШнын президенти Жорж Буш жекшембиде Кытайдын президенти Ху Жин Тао менен жолугуп, соода алакаларын жана адам укуктарын талкуулады. Америкалык өкүлдөр сүйлөшүүнүн ачык-айрым болгондугун бышыкташты.

Кытайдын президенти Ху Жин Тао Бейжинге келген АКШнын президентине анын өкмөтү чет элдик фильмдердин, кийимдердин жана музыка дисктеринин мыйзамсыз көчүрмөсүнүн сатылышын чектөөгө чара көрөт, деп сөз берди. Автордук укуктардын сакталышы - АКШ менен Кытайдын соода алакасындагы эң талаштуу маселелердин бири болуп саналат.

Кытайды жасалма товарлардын дүйнөдөгү эң ири булагы деп билишет. АКШнын ырастоосунда, мындан өндүрүүчүлөр жылыга 50 миллиард доллар чыгымга учурашат.

Ху Жин Тао ошондой эле Кытай башка реформаларды да тездетээрин билдирди:

- Биз Кытай үчүн да, дүйнө үчүн да пайдалуу болгон иш чараларды ишке ашырууну пландап жатабыз. Анын ичинде юанды алмаштыруу механизмин да реформалоого нийеттүүбүз.

Буш Бейжинди америкалык ишкерлердин Кытайда акыйкат атаандаштык шартында иш алып барышына шарт түзүүгө чакырды:

– Америкалык базарларга кирүү Кытайдын экономикалык өнүгүшүндө маанилүү роль ойноп келатат. Кытай да америкалык дыйкандарга жана ишкерлерге Кытайдын базарына кире алгыдай шарт түзүүгө тийиш.

Буш менен Кытайга чогуу барган АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс жекшембидеги сүйлөшүүлөр буга чейинкилерине караганда алда канча иштиктүү болгондугун бышыктады.

Президент Буш Ошондой эле Кытайда диний эркиндиктерге кеңири мүмкүндүк берип, башка адам укуктарын да урматтоого чакырды. Жекшемби күнү эртең менен Бейжиндеги христиан чиркөөсүндө болгондо Буш мындай деди:

– Кытайда социалдык, саясий жана диний эркиндиктер бекемделиши керек. Биз Кытайды эркиндиктерди кеңейтүү багытында тарыхый кадамдарын уланта берүүгө чакырабыз.

Кытайда жакында протестант чиркөөсүнүн кызматкери, аялы жана кайниси Библияны жана башка христиандык адабиятты мыйзамсыз басып чыгарганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылган эле.

Кытайдын президенти өз кезегинде Буштун Тайванда демократиялык өзгөрүүлөр арымдап баратат деген сөзүн четке кагып, Кошмо Штаттары такай Тайван Кытайдын бир бөлүгү экендигин таанып келгендигин эскертти.

Кондолиза Райстын сөзү боюнча, Вашингтон Кытайдын Азиядагы куралдуу күчтөрүнүн күч алып баратканына тынчсызданат. Ал Кошмо Штатттары аймакта ар кыл күчтөрдүн тең салмактуулугун камсыздоо аракетин уланта берет деди. Мамкатчы ошондой эле бул үчүн Кошмо Штаттарынын Азияда кала бериши зарылдыгын айтты.

XS
SM
MD
LG