"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Саддам Хусейндин соту 19-октябрда башталаары менен эле, бир нече сааттан кийин токтоп калды. Адвокаттарга даярдануу иштерине 40 күн берилип, сот иши кайра 28-ноябрда улана турган болду. Бирок бүт дүйнөдө телекөрүүчүлөр соттун жүрүшү менен таанышууга мүмкүндүк ала алышты, ошондуктан Ирактын мурдагы президентинин үстүнөн сот иши канчалык адилет болоору жөнүндө көз караштар арбын айтылууда.
Ооганстанда ар кыл мамлекеттерден келген өнүктүрүү кызматкерлери менен аскерлерден турган Провинциалдык кайра куруу командаларынын саны бүгүн 22ге жетти. Ушунун өзү ПККлар оогандардын, Кошмо Штаттарынын жана НАТО жетекчилеринин арасында колдоого ээ болуп жаткандыгын айгинелейт. Жергиликтүү абалды турукташтырып, борбордук өкмөттүн көзөмөлүн бекемдөөнү көздөгөн мындай топтор келечекте Иракта да түзүлүшү мүмкүн.
Бүгүн Иракта жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүп жатат. Шайлоо мезгилинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жаңы Баш мыйзам өлкөнүн биримдигин арттырат деген үмүт айтылып келет. 15 миллион чакты катталган шайлоочу "Ирактын Конституциясынын долбоорун колдойсузбу?" деген бир гана суроого жооп бериши керек.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Борбор Азияны кыдырууну улантты. Бейшембиде ал Казакстанда нагыз эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүүнүн зарылчылыгын баса белгиледи, бирок аймакта АКШнын туруму солгун болуп турган чакта, Мамкатчы анча катуу кете алган жок. Кийин Райс Тажикстанга да барды.
Ооганстандын ички иштер министрлигинин малыматына ылайык, дүйшөмбү күнү өлкөнүн батышындагы Хелманд провинциясында буктурмадан кол салууда кеминде 18 полиция кызматкери өлтүрүлдү. Кол салуу үчүн талибдердин калдыктарын айыпташканы менен, провинциянын полиция командачысы чабуулга Пакистан менен чек ара аймагындагы баңги аткезчилери да аралашкан деген божомолун билдирди.
Ооганстанда мындан төрт жыл мурда талибдердин бийлиги кулагандан кийин Вашингтондун Борбор Азиядагы саясаты кескин активдеше баштаган. Бирок терроризмге каршы согушта АКШ менен союздаш болгон Орусия да бул аймактагы таасирин күч алдырды. Өзбекстандагы соңку окуялар, тактап айтканда Анжия кан төгүүсү Орусиянын чырагына май тамызды, дешет аналитиктер. Себеби, Маскөө авторитардык бийликтердин сакталып калышын колдойт, ал эми Вашингтон аларды ала салдырууну көздөп жаткан тараптай кабылданып келет.
Ирактын президенти Жалал Талабани апрель айында бийликке келгенден бери биринчи жолу Европада мамлекеттик сапары менен жүрөт. Адегенде ал Чех Жумуриятына келип, экономикалык жана аскердик кызматташттыкты талкуулады. 5-октябрда Талабани «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Прагадагы штаб-квартирасында болуп, бир катар суроолорго жооп берди.
Пакистандын коопсуздук күчтөрү Талибандын маалымат катчысы болуп жүргөн Абдул Латиф Хакимини камакка алышты. Бул окуя бир четинен Пакистандын козголоңчуларга каршы күрөшкө чын дилинен катышып жаткандыгын көрсөтсө, ошол эле убакта анын аймагында мартабалуу талиб өкүлдөрү жашырынып жүргөндүгүн айгинеледи.
5-октябрда Кыргызстанга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Дайн иш сапары менен келди. Том Дайн мырза бул иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жана башка жетекчилер менен жолугушуп, “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болмокчу. Прагадан Бишкекке аттанаар алдында президент “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, сапардын максаты, ошондой эле өзүнүн жетекчилик кызматындагы гендер саясаты тууралуу баяндады.
Евробиримдик дүйшөмбүдө Анжиян кан төгүүсү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү чакырыгын четке каккан Өзбекстанга карата курал эмбаргосун киргизди. Бул чектөөлөрдүн негизинде, Анжияндагы кан төгүүгө түздөн-түз байланышы болгон расмий өкүлдөр да Европа Биримдигине бара алышпай турган болушууда.
Ооганстанда калктын жарымынан ашыгы – 30га чыга элек жаштар. Көбү 20 жылдан ашыкка созулган согуштун шартында бой жетишти. Бир катары Иранда, Пакистанда качкын болуп чоңоюшту. Азыр алар келечекке бир чети үмүттөнүп, бир чети тынчсыздануу менен карашат. «Азаттыктын» кабарчысы Голназ Эсфандиари жакында Кабул университетинде ондогон студенттер менен жолуккан эле.
Берлинде ушул күндөрү Азия-тынч океан аймагынын фильм-кароосу өтүп жатат. Катышуучулардын арасында ондогон мамлекеттердин ичинен Кыргызстан да бар. Нурдин Карагуловдун "Бүкүрдүн махабаты" атуу кыска метраждуу фильми өз категориясында байгелүү орун алып калышы да ыктымал. Кабарчыбыз фестивалдын программалык директору Светлана Шланке менен байланышты.
Иранды өзөктүк курал жасап жатат деп шектенген батыш өлкөлөрү Бириккен Улуттар Уюумунун өзөктүк агенттиги аркылуу Ирандын ядролук программасын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюну талап кылышты. Иран МАГАТЭнин бул тууралуу резолюциясын четке какты, резолюцияга добуш берүүдөн тайсалдаган Кытай сүйлөшүүгө чакырууда.
Саатына 200 чакырым ылдамдыкта жылган «Рита» бороону Кошмо Штаттарынын түштүк жээгине келип жетти. Нөшөрлүү бороондон улам, Техас жана Луизиана штаттарынын деңиз деңгээлинен төмөн жаткан жээктери суу алдында калат деп күтүлүүдө. Өткөн айда «Катрина» бороонунан улам суу астында калган Нью-Орлеанда суу тосмолору кайрадан жырылып, шаардагы суунун деңгээли дагы жогорулады.
Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюну талап кылууда. Бул чара камтылган резолюциянын долбоору ушул шейшемби күнү ачыкка чыкты. Бирок Орусия менен Кытай Евробиримдиктин Иранга кысым көрсөтүүсүн туур көрбөй, маселени БУУнун атомдук агенттиги МАГАТЭ эле жөнгө сала алат деп чыгышты. Ал эми европалык кысымга Иран бомба жасоочу уранды иштетүүгө кайра киришебиз деген коркутуу менен жооп кайтарды.
Ооганстанда 30 жылдан берки алгачкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө шейшемби күнү башталды. Ушул эле күнү АКШнын аскер башчысы бул шайлоону жеңиш деп баалады, бирок өлкөдө согуш аракеттери бир канча айлап улана берет деп божомолдоду. Арийне, ооган президенти Хамид Карзай америкалыктарга терроризмге каршы согушунда страгегиясын өзгөртүп, куралдын күчүнө азыраак таянууга чакырды.
Эки жылга созулган татаал сүйлөшүүлөр ушул дүйшөмбүдө туу чокусуна жетип, Бейжиндеги жолугушууда Түндүк Корея ядролук курал программасынан баш тартууга макул болду деген кабар дүңк этти. Бирок дароо эле өлкө бул программадан качан баш тартат, же такыр эле баш тартпай коюшу да мүмкүнбү деген суроо жаралды. Себеби эртеси эле Түндүк Корея атуулдук ядролук реакторлорду алгандан кийин гана атомдук курал программасынын токтотоорун жарыялады.
Британиядагы мусулман жамааттарда көпчүлүктүн иши жок, иштегендердин айлыгы төмөн, мектепте балдардын окуусу начар, энелери эшикпе чыкпай камалып отурушат. Мындай социалдык курч кырдаал терроризмдин жайылышына ыңгайлуу шарт түзүп жаткандыктан, британ бийликтери көбүнесе теги Пакистандан жана Бангладештен болгон жергиликтүү мусулмандар менен кандайча мамиле түзүүнүн жолдорун издешүүдө.
Украинанын президенти Виктор Ющенко Юлия Тимошенконун өкмөтүн отставкага кетирди. Бул кадам мамлекет жетекчилер арасындагы коррупция тууралуу айыптоолорго байланыштуу жана бир нече мартабалуу кызматкердин отставкасынан улам жасалды.
Ирактагы мунайды азык-түлүккө алмаштыруу программасындагы көп кырдуу кыңыр иштерде Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннанда жана БУУнун бир катар агенттиктеринде да күнөө болгон. Пол Фолкер жетектеген көз карандысыз комиссия ушундай жыйынтыгын жарыялады. Ошол эле убакта комиссия өз отчётунда бул программа Ирак атуулдарынын көбүн ачарчылыктан сактап калып, Саддам Хусейндин куралдуу күчтөрүн кубаттанышына бөгөт болгондугун белгилейт.
Дагы жүктөңүз