"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Эгер Кыргызстандын гимнин өзбекче ырдаса сиз кандай карайт элеңиз? Кошмо Штаттарында мамлекеттик ырдын мамлекеттик эмес тилде ырдалышы ар кыл талаш-тартышты жаратууда. Ал талаш эми Ак үйгө чейин келип жетти.
Кыргыздар Батыштан келген футбол ойнун жакшы көрүшөт, ал эми Батышта, тактап айтканда Америкада кыргыздардын улак тартышын үйрөнүп жатышат! Ооба, Калифорния штатында Борбор Азия элдеринде кеңири тараган улак тартыш же көк бөрү үч жылдан бери өткөрүлүп келатат! Бир гана жери жаңы континентке улак тартышты кыргыздар эмес, оогандар алып барышты жана ал Окс-ойну деп аталат.
Ушул күндөрү Тегеранда "Палестиналык Интифаданы колдоо" деп аталган конференция өтүүдө. Мындай жыйын Иран тарабынан үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.
Чет жактарда көп эле кыргыздар жүрүшөт, бирок алардын бардыгы эле өздөрү жашаган өлкөнүн президентинин же өкмөт башчысынын назарына илине бербейт. Жанара Кутумова бул жагынан жолдуу болду. Ал азыр Австрияда жашайт.
Варшавада ушул күндөрү "Борбор Азиянын көркөм өнөрү" деген көргөзмө аяктады. Падыша Зигмунддун мурдагы резиденциясы болгон байыркы Ужадов сепилинде өткөн жылы Венециядагы биенналеде көрсөтүлгөн эмгектер коюлду. Заманбап исскуствого багышталган көргөзмөнүн кураторлору орусиялык искусство таануучу Виктор Мизиано жана анын польшалык кесиптеши Милада Шлезинска болду. Мен бул көргөзмөгө "Менин бир тууганым менин душманым" деген эмгеги менен катышкан казак сүрөткери Ербоссын Мелдибеков менен телефондон байланыша алдым.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай аймактагы коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнв кепилдөөүчүн Индия жана Пакистан менен үч тараптуу кызматташттыкты күч алдырууну колдоп чыкты. Карзай учурда Индияда жүрөт, сапардын максаты аймактагы коопсуздук жана Ооганстандагы кайра куруу аракеттерине Индиянын колдоосун алуу болууда.
Ушул жазда Улуу Британияда теги Алайлык жазуучу Хамид Исмаиловдун "Темир жол" деген романы англис тилинде жарык көрдү.
Ирандын Батыш менен таймашуусу ядролук согушка алып келбейби деген кооптонуулар жок эмес, ошол эле убакта кырдаал Ирандын коңшуларындагы кырдаалга дестабилдештирүүчү таасир тийгизиши ажеп эмес. Азаттыктын Вашингтон бюросунда болгон ядролук куралды жайылтпоо эксперти мына ушундай пикирин билдирди. Анда Йозеф Чиринчионенин пикирине орун берсек.
Эгер сиз доктор болгуңуз келсе, мединститутту бүтүп алып, иштей бересиз. Бирок Манасчы болом десеңиз, Көкө Теңир же Манас бабабыз өзү аян бербесе, эч кандай диплом жардам бербейт. Бразилияда ар бир бала Пеле же Рональдо өндөнгөн фулболист болгусу келгендей эле, кыргыздарда да ар бир бала комузчу же манасчы болгусу келген замандар өткөн. Бүгүн да кочушубуз кур эмес!
Кечээ жакындан бери Борбор Азия боюнча жаңы көргөзмө иштеп жатат. Аны сиз дүйнөнүн каалаган жеринен көрө аласыз. Себеби ал Интернеттеги көргөзмө.
Секулярдуу Түркияда армия ар дайым таасирдүү роль ойноп келген, бирок өлкөнүн Европа Союзуна кирүү пландарына байланыштуу бул кырдаал өзгөрүүгө тийиш. Бул тууралуу жакында Брюсселде талкууланган отчетто айтылат.
Кондолиза Райс менен Жэк Стро Ирактын баш калаасына Британиядан өтө катуу кайтарылган учак менен тымызын учуп келишти. Экөө президент Жалал Талибаны, өкмөт башчысы Ибрахим ал-Жафаари жана башка жетекчилер менен кездешип, биримдиктүү өкмөт түзүүнү талкуулайт деп күтүлүүдө.
Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине кирген беш өлкөнүн жана Германиянын тышкы иштер министрлери бүгүн Ирандын ядролук программасына байланышкан маселени талкуулап жатышат. Берлиндеги жолугушуунун алдында Коопсуздук Кеңеши Тегерандан уран байытууну 30 күндүн ичинде токтотууну талап кылган эле. Иран бул талапты "негизсиз пропаганда" деп мүнөздөдү.
Израилде кечээки шайлоодо берилген добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүткөндөн кийин, борборчул «Кадима» партиясы Кнессеттеги орундардын эң көбүн алгандыгы тастыкталууда. Үч айдан бери эс-учун билбей жактан мурдагы өкмөт башчысы Ариэл Шарон негиздеген бул партия Батыш Жээктен Израил аскерлерин чыгарып кетүү убадасы менен жеңип алды. Анын аралыгында Палестин парламенти исламчыл согушчан Хамас уюму жетектеген жаны өкмөттүн курамын бекитти. Бул окуяларга караганда, Жакынкы Чыгышта дымып калган тынчтык жараянын жандандыра алаары күмөн туудурат.
Францияда бүгүн жалпы улуттук иш таштоо башталды. 10 миңдеген киши көчөгө чыгып, жаштарды ишке алуунун тартиби боюнча жаңы мыйзамга нааразылык билдирет деп күтүлүүдө.
Украинадагы сурамжылоо кечээки парламенттик шайлоодо Виктор Януковичтин Региондор партиясы жеңип чыкканын көрсөтүүдө. Ошол эле мезгилде саргылтым революциянын башкы оюнчулары болгон Юлия Тимошенконун блогу, Биздин Украина жана Социалисттик партия кайра бириксе, парламенттик көпчүлүккө жете алат шекилдүү. Президент Виктор Ющенко менен мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко күчтөрүн бириктирүүгө даяр экендигин жашырышкан жок. Бирок экөө өкмөт башчысы ким болоору тууралуу мунасага келе алышаар бекен?
Нооруз майрамынын аркасы менен, чет жактардагы кыргыз диаспораларынын улам таанылып келаткандыгынан кабар берген бир катар иш-чаралар ушул күндөрү Батыш өлкөлөрүндө байма- бай өтүп жатат.
Индия менен Кытайдын калкы биригип келип 2 миллиард 300 миллионду түзөт, бирок бул өлкөлөрдө аялдар улам тартыш болуп баратат. Себеби эки өлкөдө тең көптөр эркек балалуу болгулары келишет, ал эми жаңы техология баланын кыз же эркек экендигин курсакта кезинде эле аныктоого мүмкүндүк бергендиктен, кызды түйүлдүк кезинде эле алдырып салууга болот. Башка кыздарды төрөлгөндө эле таштап салышат. Натыйжада миллиондогон эркектер өмүрүн бойдок өткөрүүгө мажбур болгон кырдаал түзүлүүдө.
Беларуста президент Лукашенко президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды. Борборшайлоокомдун эсебинде, oппозициядан үч талапкердин эч кимиси 10 пайыздык чекке жете алган жок. Шайлоодон кийин ири демонстрация өткөргөн оппозиция бүгүн да нааразылык ацкиясын уюштуруп жатат. Евросоюз Беларуска каршы санкцияларды күч алдырат деп күтүлүүдө.
Дагы жүктөңүз