"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Индия телегейи тегиз өсүп, өнүп келаткан өлкө. Индиялык миллионерлер Батышта дөө шаа ишканаларды сатып алышууда. Боливуд фильмдерин Канн фестивалында көрүүгө болот. Ал эми 20-кылымда итке минген жакырчылыктын чордону саналган Индиянын экономикасы бир муундун ичинде дүйнөдө үчүнчү орунга чыгат деп болжолдонууда. Индустар бирок спорт тармагында чоюндай булчунун көрсөтө албай келатат. 929 медал таркатылган 2004-жылдагы жайкы Олимпияда оюндарында Индия болгону бир медал алды. Андан бери көп эч нерсе өзгөргөн жок, ал эми жакында өлкөнүн улуттук сыймыгы болгон күлүк кыз чындыгында күлүк бала экендиги жарыялангандан кийин, индустардын шаабайы ого бетер сууй түштү.
Ушул тушта Пакистанда кытай аскерлери машыгуудан өтүп жатышат. Кытай адатта чет өлкөгө куралдуу күчтөрүн жиберген учурлар сейрек кездешет. Ошондуктан бул - эки өлкөнүн ортосундагы аскериий кызматташттыктын гана бир көрүнүшү эмес шекилдүү.
Орусиянын тышкы иштер министри Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин Ирандын ядорлук программасы боюнча резолюциясынын жаңы долбооруна колдоо билдирди. Сергей Лавров 5+1 тобунун жаңы сунушу "Орусиянын сунуштарына негизделген жана ал Иранды сүйлөшүүлөргө мажбурлайт" деп айтты. Бирок ирандыктар өлкө "бардык тоскоолдуктарды жеңди" деп жар салышууда.
Карамайдын кымбаттыгынан күн санап байманасы ашып жаткан Казакстандын турмушу жакырчылыктын сазына баткан коңшулары үчүн бейиштин төрү көрүнөт, бирок казактын жери бүгүн канчалаган жарандар үчүн баш көтөрткүс тозокко айланганы да жашыруун эмес. Ошондуктан, ушул дүйшөмбүдө Алматыда ачылган адам укуктары боюнча даректүү тасмалар жумалыгы өз убагында өткөрүлүп жаткан иш-чара болуп саналат.
Кытайлык уйгурлардын таламын талашкан белгилүү укук коргоочу Ребия Кадердин үй-бүлөсү Кытай мамлекети тарабынан жарга такалууда. Кадер өзү Кошмо Штаттарында сүргүндө жашайт, бирок анын Цинзян-Уйгур автоном областында жашаган бир уулу ушул аптада салык төлөгөн эмес деген айып менен жети жылга кесилди. Экинчи уулуна да ушундай эле айып коюлду. Ал эми кичүү уулуна чыккынчылык кинеси тагылууда. Кадердин жана башка укук коргоочулардын ишениминде, үчөөнү Кытай бийликтери энесинин ишмердүүлүгү үчүн жазалап жатат.
Тибеттин таламын талашкан активисттер Кытай Тибеттин баш калаасы Лхасага чейин курдурган темир жол массалык туризмдин кесепеттерин күч алдырат деп тынчсызданышууда. Алар туристтер каптап келсе, Тибеттин өтө назик маданий турмушуна зак кетет деп эскертишүүдө. Тибеттин кайталангыс маданияты ансыз деле Кытайдын маданий революциясы тушунда оор сокку жеген. Айрым эсептөөлөр боюнча, Тибеттеги 5 миңден ашык ибадатканадан азыр 200 чактысы гана калган.
Eвропа парламенти Түркияны армяндардын массалык кыргынын "геноцид" деп таанууга чакырды. Ошол эле мезгилде парламент бул кырдаалды Евробиримдикке мүчө болуп кирүүнүн шарттарынан алып салууга добуш берди.
"Азаттыкка" берген кеңири интервьюсунда Румыниянын президенти Траян Басеску Еврокомиссиянын Румынияны келерки жылдын январында Евробиримдикке кабыл алынсын деген кеңешине колдоо билдирди. Бир эле мезгилде румын президенти биримдиктин Америка Кошмо Штаттары менен алакаларын жакшыртууну колдой тургандыгын баса белгиледи.
АКШнын Кытай менен соода байланышындагы дефициттин төркүнү юандын арзандыгындабы же Кытайдын экономикалык дараметиндеби? Бул маселе америкалык башкы фиансисттин Бейжинге сапарынын тушунда айрыкча сөзгө алынууда. Мадридде арык моделдерге тыюу салынды, буга караганда, толмоч болгон модага айланат окшобойбу.
Өзбекстандын Хорезм дубанында пахтанын ордуна боек берүүчү баалуу өсүмдүктү өстүрүү долбоору ишке киргизилүүдө. Ал соолуп бараткан Арал деңизинин айланасындагы калктардын турмуш деңгээлин көтөрүп, экологиялык алааматтын кесепеттерин азайтуу максатын көздөйт. Германиянын Өнүктүрүүнү изилдөө борборунун катышуусу менен жүргүзүлүп жаткан долбоордо башка да баалуу табылгалар жок эмес.
Теги ирандык, Американын атуулу Ануше Ансари бир нече күндөн кийин космоско учкан эң алгачкы саякатчы-айым болуп калмакчы. 18-сентябрда ал орустардын "Союз" космос кемеси менен Жерди айланып жүрөн Эл аралык Космос бекетин көздөй жол тартат. Мындай саякат тууралуу Ансари айым кичинекейинен кыялданчу экен.
Эч бир блокко кирбегендердин кыймылы ушул аптада Кубада курултай өткөрүп жатат. Батышта көпчүлүк аны турмуштан артта калган уюм деп эсептеген менен, бул кыймылдын катары айрыкча Кошмо Штаттарына өчөгүшкөн өлкөлөрдүн эсебинен улам өсүп баратат. Гаванадагы курултайга Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад менен Венесуэланын президенти Хуго Чавес катышууда.
Астанада ушул күндөрү сабырдуулукка жана диний эркиндиктерге арналган дүйнөлүк диний форум өтүп жатат. Үч күндүк жыйынга 45 өлкөдөн диний ишмерлер жана динаятчылар чакырылган. Бул форум Казакстан өзүн аркылуу өзүн ар кыл диндерге жана маданияттарга түшүнүүчүлүк менен мамиле кылган өлкө катары көрсөтүүнү максат кылат, бирок укук коргоочулар казак бийликтеринин сөзү иши менен дал келбей жаткандыгын айтышууда.
2001-жылдын 11-сентябрындагы окуяларда Кошмо Штаттарында жашап жүргөн көптөгөн чет элдиктердин да сөөгү сөпөт болгон. Алардын арасында казакстандык Жанетта да бар эле. "Азаттыктын" Казакстандагы кабарчысы Гүлзат Хамза Жанетта Цойдун күнү бүгүнгө күйүттө жүргөн ата-энесине барып жолуккан эле.
Ушул күндөрү Ташкенде Анжиян кыргыны тууралуу ыр жазган ырчы акындын үстүнөн сот иши улантылды. Жабык өткөн кечээки сот жыйынында Дадахан Хасанов бардык коргоочулардан жана адвокаттардан баш тартты. Укук коргоочулар акынга Ички иштер министрлиги тарабынан кысым көрсөтүлүп келгендигин айтышууда.
Ич-күйдүлүк, сагыныч, кусалык сыяктуу сезимдерден арылуу оңой эмес. Голливуддун бир фильминде Жим Кари ойногон бир каарман жетпей калган сүйүүсүн эс-тутумунан биротоло жок кылабыз деген көз боемочуларга додологон акча төлөйт. Бирок эс-тутумдун мерчемдүү бөлүгүн өчүрүп салуу алыскы келечектин иши деп ойлосоңуз жаңыласыз.
Кытайда бийликтер тасмасы Канн фестивалында көрсөтүлгөн режиссердун өз кесибинде иштөөсүнө тыюу салды. Лоу Йе өзү Тьянанмен аянтындагы окуялар камтылган тасмасында саясий бир максаттарды көздөбөгөнүн айтып, иш ыкмасын жакшыртууга сөз берди.
Кошмо Штаттары дүйнөдөгү номер биринчи террордук уюм деп эсептеген Ал-Каида каапырларды, айрыкча Америкадагы мусулманчылыкты билбегендерди исламга өтүп, туура жолго түшүүгө чакырды. Өткөн ишембиде интернетте жайгаштырылган видеодо айтылгандай, болбосо каапырлардын башы азаптан арылбайт.
Өткөн аптада Лондондо 11 британиялык мусулман Америкага бараткан учактарды жардырмак деп шектелип сот алдына келишти. Ага чейин Мадрид менен Лондондогу террордук жардыруулар, атактуу голландиялык режиссердун радикал мусулман колдуу болушу жана Францияда мусулман жаштар баштаган көчө тополоңдору да Европадагы мусулмандарга карата мамиленин өзгөрүшүнө түрткү болду. Бул өңдөнгөн окуялар европалык мусулмандардын радикалдашып баратканынан кабар береби? Америкалык изилдөөчүлөр чукул жыйынтык чыгарууга шашылбай, мусулмандардын интеграциясын жолго койо алган Франциядан үлгү алууга чакырышууда.
Иранда активисттер аялдардын укугун чектеген мыйзамдарды өзгөртүүнү талап кылган петицияга кол чогулта башташты. Уюштуруучулар 1 миллион ирандыктын кол тамгасын чогултуп, мыйзамгерлерге кысым көрсөтөбүз деп үмүттөнүшүүдө. Петиция тууралуу жарыялана турган жыйынды 27-августта бийликтер техникалык себептерди шылтоолоп өткөздүрбөй койду, ага карабастан, аял укуктарын коргоочулар өз көздөгөнүнөн тайбай тургандыгын айтышууда.
Дагы жүктөңүз