Тибеттиктерди 20-кылымда да калган дүйнө тээ көк мелжиген бийик тоолордо башкалар менен иши жок, беймарал жашаган эл деп билчү. Акыркы 2 кылымда мен-мен деген саналуу саякатчылар гана анын аймагына кирип, борбор калаасы Лхасага жашыруун жолдор аркылуу, жөө-жалаңдап, айлап-жылдап, ар кандай айла-амал менен гана жете алган.
Бүгүн абал такыр бөлөк. Бүгүн бели бекчейген, көзү чекчейген кемпир-чал да, ымыркай балалуу жаш аялмет бүлөлөр да жомоктогудай Лхасага аба-салкындаткыч орнотулган заманбап поезд менен алеки заматта жетип бара турган болгон. Мындай жеңил-желпи саякаттоо мүмкүнчүлүгү Кытайдын түштүк-батышынан Лхасага чейин темир жол курулгандан кийин пайда болду. Ушул жайдын июль айында ачылган жол Тибеттин өтө назик маданий мурастары туристтердин тепсендисинде калат деген тынчсызданууларды күч алдырды.
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк Мурас борборунун Азия бөлүмүнүн жетекчиси Фең Жиңдин сөзүнө караганда, мындай тынчсыздануулар тегин жерден чыккан жок:"Өткөн күздө Лхасадагы (мурда далай ламалар жашаган) Потала ак сарайын көрүү үчүн келген туристтердин санын чектөөгө аракеттеништи, дейт ал. Бирок күнүгө 3 миң кишиге гана уруксат берилгени менен, Поталанын айланасында ичкери кирсек деген дагы 10 миң чакты киши жарданып турчу".
Жиңдин айтымында, бул туристтердин 95 пайызы кытайлар, калгандары чет элдиктер. Темир жол дагы түштүккө узартылып, Тибеттин экинчи ири шаары болгон Шегозага чейин жеткенде, абал дагы начарлайт болуш керек. Лондондо жайгашкан Эркин Тибет Өнөктүгү деп аталган уюмдун активисттери саналуу адамдарга гана эсептелинген эски имараттар топураган элге туруштук бере албай тургандыгын айтышууда. Бул уюмдун маалымат катчысы Яел Вайс-Ринд имараттарга гана эмес, байыртан калган коомдук-диний салттарга да коркунуч келип жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында,ибадатканалар сыяктуу диний жайларга айрыкча кыйын болду. Жайнап келген туристтерден улам, кечилдердин диний жөрөлгөлөрү туристтер үчүн театрга айланып баратат.
Мындан тышкары, бийликтердин ибадатканаларга киргендерден акы алышы салттуу диний иш-чаралардын коммерцияланышына алып келүүдө. Ошондуктан Вайс-Ринд туристтерди кырдаалга туура баа берүүгө чакырат:"Мен чет элдик туристтерди бул көйгөйлөрдү эске алып, алардын саякаты тийгизе турган таасирге ойлонуп мамиле кылууга чакырам. Алар жаңы темир жол тууралуу ойлонушса. Биз туризм тармагын темир жолду бойкоттоого чакырабыз. Биз темир жол менен жүргөн туристтер Кытайдын Тибеттин үстүнөн катаң көзөмөлүнө саясий, финансылык жана моралдык колдоо көрсөтүп жатат деп эсептейбиз".
Кытайга 1950-жылдары күч менен коштурулган Тибетте жүздөгөн ибадатканалар жана алардын баа жеткис тарыхый мурастары жок кылынган. Эркин Тибет өнөктүгүнүн ишениминде, Кытай бийликтери Тибеттин маданиятын сактоого көңүл кош экендигин улам кайра далилдеп келатат: "Кытайдын Тибетти басып алгандан берки саясатын карап көрсөк, Тибеттин маданиятын сактоого эч кандай аракет болбогонуна көзүбүз жетет. Мунун себеби, Тибеттин маданияты анын иденттүүлүгүнө, ошондой эле аймактын көз карандысыздыгына жана Тибеттик Буддизмге байланышкан. Кытайдын буга кандай мамиледе экендиги анын акыркы 56 жылдагы саясатынан даана көрүндү."
Ошол эле мезгилде, Бейжин учурда Тибеттик расмий өкүлдөр менен Бириккен Улуттардын Дүйнөлүк Мурас тизмесине жаңы турак-жайларды кошууну талкуулап жатат. ЮНЕСКОнун өкүлү Жиң белгилегендей, Батыш Тибеттеги Гуге падышачылыгынын турак-жайлары бул тизмеге сунуш этилиши мүмкүн.
Мындан тышкары, ЮНЕСКОнун былтыр апрелде күчүнө кирген руханий мурастарды сактоо конвенциясы да жаңы үмүт жаратууда. Бул конвенция кыргыздын акынчылык, манасчылык өнөрү сыяктанган музыка, поэзия, театр, үрп-адаттар сыяктуу руханий байлыктарды коргоону карайт. Кытай бул конвенцияга кол койгон, ошондуктан, эгер документтин шарттарын сактоо талабы катуу коюлса, Тибеттин жер каймактагандан берки маданиятынын жок болуп кетишин кепилдөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот.
Лхасага баруучу темир жолду айлана-чөйрөнү коргоогон активисттер да сындап жатышат. Алардын айтымында, 1200 чакырым келген жол поезд өткөн 5 миң метр бийиктиктеги өтө назик экологиялык тең салмактуулукка коркунуч келтирүүдө.