"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Орусияда темир өндүрүү тармагында бизнес жүргүзгөн Алишер Усманов деген миллиардер "Филмз бай Жове" деп аталган америкалык фирмадан чоң кулак Чебурашканын эл аралык укугун кайтарып алууга аракет жасоодо. Байлыгы 3.1 миллиард доллар болгон Усманов "Форбс" журналы тарабынан Орусиянын 25чи эң бай жараны деп табылган.
Дүйнөлүк акция базарларында баалардын кескин төмөндөшү Шанхай биржасынын кыска мөөнөткө кыйрашына алып келди. Бул Кытайдын дүйнөлүк экономика менен эриш-аркак болуп калгандыгын көрсөттү. Ал тургай Нью-Йорктун биржасы да катуу запкы тартып калды.
"Ханыша", "Падыша" жана Мартин Скорсезе. Үстүбүздөгү жылдын Оскар сыйлыктарына мына ушулар татышты.
Кечээ Багдаддын азык-түлүк базарында бомба жарылып, 130 чакты кишинин өмүрү кыйылган эле. Дагы 300 чактысы жараат алган. Жүк ташыгычта 1 тоннадай жардыргыч зат болгондугу болжолдонууда.
Ошону менен Газа тилкесинде 1-февралдан бери 25 киши каза таап, 200дөн ашыгы жараат алды. Кечээ палестин өкмөтүн жетектеген Хамас кыймылы менен оппозициядагы Фатах фракциясы элдешүүнүн шарттарын талкуулап, куралчандарды көчөлөрдөн чыгарып кетүүгө макулдашышкан.
Швецариянын Алпы тоосунун койдундагы бул курорттун калкынын саны жылыга ушул маалда төрттөн бирине көбөйөт. Бирок коноктор – лыжа тепкени келген туристтер эмес. Алар Давос курортундагы дүйнөдөгү эң бир таасирлүү адамдардын, анын ичинде бизнес лидерлери менен мамлекет башчыларынын Дүйнөлүк Экономикалык форумуна келгендер. Быйыл Давостун күн тартибинде бизнес жана саясат дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр менен катар, климаттын өзгөрүшү үстөмдүк кылууда.
2008-жылкы Жайкы Олимпия оюндарын коноктоого кызуу даярданып жаткан Кытай ал оюндарга спортсмендерин мыкты даярдоону да көңүлдүн сыртында калтырган жок. Анын ичинде төгөрөктүн төрт бурчунан мен-мен деген машыктыруучуларын, командалардын даярдыгына шайма-шай даярдык көрүүдө.
Иранда расмий өкүлдөр СПИДге алып келүүчү ВИЧ инфекциясына ирандыктар көбүнчө түрмөдө наркозат сайынып жугузуп алат деп айтып келишет. Бирок өлкөнүн саламаттык тармагынын улук өкүлү жакында бул илдет жыныстык катнаш аркылуу көбүрөөк таркап жаткандыгын эскертти. Азаттыктын аналитиги Вахид Сеперхинин пикиринде, никеден сырткаркы жыныстык байланыштарды сөз кылуудан бийликтердин тайсалдашы жана дагы башка жабык темалар абалды оңдоого кесепетин тийгизүүдө.
Борбор азиялыктар чет өлкөлөргө кете баштаганына ашып кетсе 20 жылдын ары бериси болду. Ушул мезгил аралыгында жаңы тапкан конушунан өсүп-өнүп, өз адистиги менен таанылгандардын катары улам өсүп барат. Ошол эле убакта жоопкерчиликтүү кызматтарга илинип, өкмөттүк же мыйзамгерлик иш менен алектенгендер саналуу гана. Алардын бири – Чехиянын азчылыктар боюнча министри Жамиля Стехликова ушул шейшембиде Азаттыктын студиясында болуп, кеңири маек куруп берди.
Ооганстанда талибдер кулагандан кийин, ишкердүүлүк анча-мынча өнүгө баштады. Бирок коопсуздуктун начарлыгынан улам, дагы башка себептерге байланыштуу ишкерлердин колу байлануу бойдон калууда. Айтылган атактуу ооган килемин экспорттоодогу кыйынчылыктарга да түздөн-түз тийешеси бар.
Европада өткөн түндөгү бороондуу шамалдан отузга чукул сандагы кишинин өмүрү кыйылганы такталды. Бир нече тонна келген метал казыктарын омкоргон шамал Украина тарапты көздөй жылган сайын күчү кайтып жаткандыгы байкалууда.
Европа Кеңешинин мартабалуу өкүлү Беларуска аттанууда. Парламенттик Ассамблеянын президенти Рене ван ден Линден үч күн ичинде Беларустун тышкы иштер министри, парламент спикерлери, оппозиция мүчөлөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү менен жолугушмакчы. Линдендин визити Евросоюз Беларустагы жергиликтүү шайлоолор европалык эреже бузуулар менен өттү деп тапкандан кийинки мезгилге туура келүүдө. Бирок Европа тараптан орток мамиленин оңолушуна үмүт артып жаткандыгы байкалат.
Бириккен Улуттар уюмунда эл аралык эксперттер аялдардын дискриминациясын токтотуу жаатында өкмөттөрдүн жүргүзүп жаткан иштерин угууга киришти. Эксперттер Аялдарга каршы дискириминацияны жою комитетинде башка өлкөлөр менен катар Азербайжан, Казакстан, Тажикстандын отчетторду угушууда. Аталган өлкөлөр аялдарга каршы дискириминацияны алдын-алуунун мыйзамдык механизмдерин түзүшкөн, бирок бул саясатты ишке ашырылышы жана кайтарымдуулугу ар кыл болуп, аялдар саясий чөйрөгө жетиштүү тартылбай келатат.
Тегерандагы пресс конференцияда Иран армиясынын маалымат катчысы Мохаммад Али Хосеини америкалык аскерлер кармап кеткен беш дипломат коңшу өлкөдө"консулдук иштер менен жүргөн болчу" деп ырастады.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирактагы ирандык жарандарды камакка алуу операциясына президент Жорж Буш өзү көрсөтмө бергендигин бышыктады.
Террорго каршы глобалдык күрөш баштаган Кошмо Штаттары адам укуктарын колдоо жана сактоо жаатындагы кадыр-баркынан кол жууп калды. Укук коргоочу Хьюман райтс Уотч уюмунун үстүбүздөгү жылдагы жаңы жарыяланган отчетунун негизги корутундусу ушундай болду. Отчетто ошондой эле Кыргызстанга байланыштуу бийликтер жапа тарткан аялдарды зордукчулар менен элдешүүгө үндөй тургандыгы сынга алынат.
Орус президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 10-январда телефондон байланышканда кимиси көбүрөөк сүйлөгөнү бизге белгисиз, бирок Маскөө менен Минскинин ортосундагы жогорку деңгээлдеги телефон сүйлөшүүсү аяктагандан кийин, өз максатына жеткен тарап Путин экендиги айгине болду. Ошол эле күндүн кечинде Орусиядан Беларус аркылуу Батышка мунай ташуу калыбына келтирилип, ал жакта кыжаалат болгон бийлик өкүлдөрүнүн көңүлү тынчыды.
Пакистандын өкмөт башчысы Шаукат Азиз өткөн аптада Кабулда болуп, ооган жетекчилери менен Исламабад өкмөтүнүн орток чек арасын миналоо пландарын талкуулады. Аны коноктогон президент Хамид Карзай миналоого караманча каршы экендигин белгилеп, мындай чара терроризмге бөгөт болбостон, элдерди гана бир биринен алыстатат деген пикирин билдирди.
Кошмо Штаттарынын коопсуздук жаатында көрсөткөн жардамы Өзбекстан сыяктуу репрессивдүү өлкөлөргө караганда, демократиялык система куруп жаткан өлкөлөрдө майнаптуу болду. Бул тууралуу Ранд корпорациясы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат. Ранддын отчетунун авторлорунун бири Олга Оликердин Азаттыкка берген маеги менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.
Табышмак айтайын, өңү көк алмадай жашыл, ичине жазса болот, бул эмне? Эгер өткөн жылдагы америкалык окумуштуулар көтөрүп чыккан жарды өлкөлөрдүн балдарын компютер менен камсыздоо демилгеси тууралуу уккан болсоңуз, сөз 100 доллардык лэп-топ тууралуу жүрүп жатканын дароо айтмаксыз. Көп тараптардын колдоосуна ээ болгон бул демилге өткөн жылдын этегинде, ушул жылдын башында бир четинен ишке баштады. Азыр жашыл түстүү оюнчуктай чакан лэп-топ Таиландда таркатыла баштады.
Дагы жүктөңүз