Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:11

ДАВОСТО ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАЛЫК ЖЫЙЫН БАШТАЛДЫ


Швецариянын Алпы тоосунун койдундагы бул курорттун калкынын саны жылыга ушул маалда төрттөн бирине көбөйөт. Бирок коноктор – лыжа тепкени келген туристтер эмес. Алар Давос курортундагы дүйнөдөгү эң бир таасирлүү адамдардын, анын ичинде бизнес лидерлери менен мамлекет башчыларынын Дүйнөлүк Экономикалык форумуна келгендер. Быйыл Давостун күн тартибинде бизнес жана саясат дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөр менен катар, климаттын өзгөрүшү үстөмдүк кылууда.

Жыйынга 24 өлкөнүн өкмөт жана мамлекет бшачылары, анын ичинде Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр, палестин президенти Махмуд Аббас, Германиянын канцлери Ангела Меркел бар. Андан тышкары Кока-Кола, Бритиш Петролиум, Гаспром, Майрософт сыяктуу дөө-шаа компаниялардын жетекчилери да жүрүшөт. Бул жыйынга окумуштуулар, журналисттер, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана кедейчиликке каршы күрөшү үчүн атак-даңкка жеткен ирландиялык Боно сыяктуу сахна жылдыздары да бар.

Келерки бир нече күндө 2300 чакты делегат 200дөн ашык сессияларда "бийликтин тең салмагын ооштуруу" деген бирдиктүү теманын алдында талкууларды жүргүзүшөт. Форумдун аткаруучу директору Клаус Шваб белгилегендей, кийинки убакта өкмөттөргө караганда жарандардын жана компаниялардын күч-кубаты өсүп, бир бийлик системасынан четтеп, көп уюлдуу бийлик системасын көздөй жылыш орун алууда. Ирак жана Жакынкы Чыгыш сыяктуу маселелер менен катар, Кытай, Индия жана Бразилия өңдөнгөн өлкөлөрдүн экономикалык жана геосаясий таасиринин күч алышы да сөзгө алынат. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркел буларга токтолду:

Aлдыда иштер чынында да көп, ошондуктан өнүккөн сегиз өлкөнүн биргелешкен аракеттери гана өнүгүп келаткан мамлекеттердин бирдиктүү глобалдык структурага жуурулушуп кетишине жардам бере алат. Мындан бөлөк жол жок. Ошондуктан Германияда өтө турган Өнүккөн Сегиз өлкөнүн самитинде биз Бразилия, Кытай, Индия, Мексика жана Түштүк Африка сыяктуу күчкө толуп келаткан өлкөлөр менен жаңы диалогго башкы көңүл бурмакчыбыз.

Давосто орусиялык өкүлдөрдөн бир тобу барганы менен, калган экс-советтик жумурияттардан, анын ичинде Борбор азиядан делегаттар жокко эсе. Бул да болсо, бул өлкөлөр өз алдынчалык алганы менен, дүйнөлүк процесстерге анча аралашып кете электигин айгинелейт. Швецариядагы Дүйнөлүк Экономикалык форум жекшемби күнү аяктамакчы.

XS
SM
MD
LG