"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Казакстанда мамлекет башчысы бийлик партиясы - Нур-Отанды өзү жетектей тургандыгын жарыялады. Президент Назарбаевдин ишениминде, Казакстанга майда барат партиялар эмес, Америкадагыдай күчтүү эки партия болсо жетиштүү. Ал ошондой эле августтагы парламенттик шайлоо акыйкат жана эркин болот деп ишендирди. Президент бирок оппозицияны анчейин ынандыра алган жок.
Соңку мезгилде Карабак жаңжалы кайра жалбырттап кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды. Айрыкча Азербайжан мунайдан түшкөн мол каражатын коргонуу тармагына жумшай баштаганы Армениянын тынчын алууда. Анализчилердин болжолунда, бул ирет регионалдык жаңжал АКШ менен Орусиянын ортосундагы геостратегиялык чатакка айланыш коркунучу пайда болду.
Кабулда бүгүн полициянын машинасы жарылып, 35 киши, негизинен полицияга иштөөгө жаңы кирген адамдар каза тапты. Эгер курман болгондордун саны чынында 35 экени бышыкталса, бул талибдер 2001-жылы Ооганстандын баш калаасында бийликтен четтетилгенден берки эң кандуу чабуул болуп калмакчы.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас жаңы чукул өкмөттүн курамын бүгүн бекитет деп күтүлүүдө. Бирок анын жардыгы Батыш жээк менен чектелип калат шекилдүү, анткени исламчыл ХАМАС уюму Газа Тилкесин ушул аптада өз көзөмөлүнө алган эле. Учурда ХАМАС уюму ФАТХка чогуу бийлик жүргүзүүнү сунуш этүүдө, бирок палестин президенти бул сунушту кабыл албайт шекилдүү.
Дүйнөдөгү эң таасирлүү бизнесмендер адатта Швецариядагы Давос курортунда чогулуп, жылына өздөрүнчө шерине өткөрүшөт. Адатта Давоско чогулгандар костюм-шым кийген эркектер болот. Анткени, саясаттагыдай эле ишкер чөйрөсүндө кыздар өтө аз, бирок жок эмес. Мына ушул ишкер айымдар да өздөрүнчө шерине уюштуруп келишет. Ал калайыкка анчейин белгилүү болбогону менен аялдардын өздөрү жана алардын ишкердүүлүгү үчүн мерчемдүү мааниси бар экени шексиз. Мына быйыл Берлинде кайрадан Аялдардын Глобалдык саммити ачылды.
Жакынкы Чыгышта Газа тилкеси исламдык Хамас кыймылынын көзөмөлүнө өткөндүгү кабарланууда. Шаршембиде хамасчылардын Фатах партиясынын куралдуу күчтөрү менен кагылышуусунда 20дан ашык кишинин каны төгүлдү. Мындай кагылыштарда өткөн ишембиден бери 70тен ашык кишинин өмүрү кыйылгандыгы айтылып жатат. Палестин президенти, Фатахтын жетекчиси Махмуд Аббас жана Хамастан бекиген өкмөт башчысы Исмаил Ханиях тараптарды согушун токтотууга чакырган билдирүүнү биргелешип жарыялашты. Бирок бул чакырык суу кечпей калбайбы? Көпчүлүк азыр ушул суроону сурашууда.
Иракта АКШнын тынчтык орнотуу далалаты улам бир тоскоолдукка туш келип жаткан чакта, ирактык бир катар диний жана жарандык коом лидерлери Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу штаб квартирасында чогулушуп, Иракта ынтымакты кандайча калыбына келтиребиз деп ой калчап, пикир алмашышты.
Көп өлкөлөрдө мамлекет башчысынын бала бакырасы аздыгына карабай алдуу күчтүү катмар болуп саналат. Борбор Азия өлкөлөрү да бул жаатта өзгөчөлөнбөйт. Бишкектен Ашхабадга чейинки мейкиндикте зор байлыктын жана чектелбеген бийликтин бир үйбүлөнүн колунда топтолушу, бул өлкөлөрдөгү саясий жана социалдык туруктуулукка терс таасирин тийгизбейби?
Бүт дүйнөдө курал соодасы акыркы он жылда дээрлик 40 пайызга өскөн. Бул тууралуу Стокгольмдогу Эл аралык Тынчтыкты Изилдөө институтунун жылдык отчетунда айтылат. Бул өсүштүн артында кайсы өлкөлөр турат, курал соодасы терроризм менен согушта канчалык натыйжа берет, курал соодасын чектөөгө болобу? Мына ушул суроолордун айланасында аталган отчеттун авторлорунун бири Марк Бромлей "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген эле.
Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Азербайжандагы Кабала радар бекетин Кошмо Штаттары менен чогуу пайдаланууну сунуш этти. Радиусу 6 миң чакырымга жетип, Азиядан Африкага чейинки аймакта учурулган ракеталарды көзөмөлдөөгө дареметтүү бул бекет аймактагы эң күчтүү радар станциясы болуп саналат. Орусия ижарага алып колдонгон Кабала кийинки күндөрү эл аралык жаңылыктардын биринчи сабына чыкты, бирок бекеттин айланасындагы айылдардын тургундары акыркы кабарлардан анчейин маалыматы жок.
АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Албанияга келди. Ал жерде америкалык президент өлкөнүн жетекчилиги, ошондой эле Хорватия жана Македониянын премьер-министрлери менен жолугушмакчы. Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл коңшулаш Косового бурулмакчы. Ал жерде албандар Сербиядан көз-карандысыздык алууга аракет кылышууда.
Кабарларда айтылгандай, Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы эл аралык экономикалык форумга төгөрөктүн төрт бурчунан саясий жана ишкер лидерлер чогулушууда. Конференциянын чегинде орус президенти Путин 100 чакты бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда. Питерде бир эле мезгилде КМШнын бейформал саммити да орун алып жатат. Анын аралыгында Оппозициядагы Башка Орусия уюмунун колдоочулары нааразылык маршына даярданып жатышат.
Өнүккөн сегиз өлкөнүн Германиядагы саммитине катышып жаткан АКШнын президенти Жорж Буш жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин бүгүн өз алдынча жолугушууда. Жолугушуу Вашингтондун Чыгыш Европада, демек Орусиянын босогосунда анти-ракеталык радар жайгаштыруу планы орток мамилелерди улам курчутуп жаткан мезгилге туура келүүдө.
Германияда Өнүккөн Сегиз өлкөнүн чоң жыйыны башталууда. Үч күндүк самитте климаттын өзөрүшү көңүл борборунда болот дешет. Ошол эле убакта АКШ менен Орусиянын ортосундагы тирешүүнүн күч алышы да көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп жатат. Самиттеги "Азаттыктын" өз кабарчысы билдиргендей, бүгүн (6-июнда) орус президенти Путин германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууда. Анын алдында Меркель АКШнын президенти менен климаттын өзгөрүшү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.
Кошмо Штаттарында 2000-2006-жылдар аралыгында баш калкач сураган 140 миңден ашык кишинин ишин изилдөө көрсөткөндөй, алардын арызынын канааттандырылышы же четке кагылышы адвокаттын кесиптик деңгээлине гана эмес, арызды караган соттун эркек, аял экенине да көз каранды экендигин көрсөткөн. Ошондой эле Кошмо Штттарында баш калканч сурагандардын арасынан Орусиянын, Албания, Армениянын жарандары эң жолдуу экендиги анык болгон.
Америкалык белгилүү жазуучу Пол Теру өмүрүнүн көбүн Африкада өткөрүп, өз чыгармалары аркылуу Кара континентти дүйнөгө таанытып келет. Былтыр ал Түркмөнстанда болуп, өз саякаты тууралуу 28-майда атактуу "Нью-Йоркер" журналында көлөмдүү макала жарыялады. Түркмөнбашы Сапармурад Ниязов декабрда кайтыш болгонго чейин Түкрмөнстанга барган жазуучу Азаттыктын түркмөн кызматынын суроолоруна жооп берген эле, анда ошол маектин Жаңыл Жусубжан даярдаган котормосун сунуш этебиз.
АКШ жана Ирак жетекчилери Ирактын чек арасына жакын аймактардагы түрк аскерлеринин кыймыл-аракеттерине тынчсыздануу билдиришүүдө. Ушул тапта Түркияда Күрдистан Жумушчу партиясы - ПККнын Ирактын түндүгүндөгү базаларына сокку уруу мүмкүнчүлүгү талкууланып жаткан мезгилде болгон түрк аскерлеринин орун которуулары тынчсыздануу жаратууда.
Орус бийликтери оппоненттерине карата айрыкча зордукчулук мамиле кыла баштады. Кийинки кездери полиция оппозициянын демонстрациясын күч менен кууп тарткатып, европалык парламентарийлерди уруп-сабап камакка алган. Андан тышкары Кремлди сындагандар шойкомдуу кырдаалда өлтүрүлгөн учурлардын көбөйүшү эмнени билдирет?
Ушул шейшембиде Орусия жаңы стратегиялык тактикалык ракетасын сынактан өткөрдү. Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Сергей Ивановдун ырастоосунда, бул континенттер аралык баллистикалык ракета ракетадан коргонуу боюнча ар кандай системаларды бузуп өтүүгө дареметтүү.
Иранда белгилүү сопулардын бири камакка алынды. Нематолла Гонабади орденин жетектеген Нурали Табанде 21-майда Гонабад шаарынын чет-жакасында коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып кетти.
Дагы жүктөңүз