Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

КАРАБАК МОСКВА МЕНЕН ВАШИНГТОНДУН ОРТОСУНДАГЫ ЖАҢЖАЛБЫ?


Соңку мезгилде Карабак жаңжалы кайра жалбырттап кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды. Айрыкча Азербайжан мунайдан түшкөн мол каражатын коргонуу тармагына жумшай баштаганы Армениянын тынчын алууда. Анализчилердин болжолунда, бул ирет регионалдык жаңжал АКШ менен Орусиянын ортосундагы геостратегиялык чатакка айланыш коркунучу пайда болду.

Армения менен Азербайжан күнү бүгүнгө чейин Карабактын башын ачып алалбай келишет. Эл аралык кысымдан, ошондой эле Орусия жана Ирандан башка тараптан колдоо болбогондон улам Армения Карабакты аннекциялап алууга батынбай келет. Ал эми Азербайжан эл аралык кысымдан тышкары, өз армиясынын салыштырмалуу чабалдыгынан улам Карабакты кайра тартып алууга дааган эмес. Бирок 2006-жылы Баку-Тбилиси-Жейхан мунай жолу курулуп бүткөндөн бери Азербайжандын казнасы болуп көрбөгөндөй байып, анын аралыгында өлкө Батышка көбүрөөк ык тарта баштады. Өлкөнүн президенти бул өлчөөсүз байлыкты азери армиясын бекемдөөгө жумшоону чечти. Буга чейин өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жылыга 175 миллион доллар сарпталса, мындан ары Бакы коргонууга 1 миллиард бөлө турган болууда. Армения да коргонуу чыгымдарын 20 пайызга көбөйтүп, мурдагы 125 миллиондун ордуна 150 миллион бөлүүдө. Бирок Арменияныкы коңшусунукуна шоона эшпей калды.

Армениянын Азербайжандыкындай мунайы жок. Кошмо Штаттарында жашаган зор армян диаспорасынын аркасы менен Вашингтон Арменияга ири жардам көрсөтүп келген. Бирок Армениянын коңшулары Азербайжан, Түркия, Грузия өлкөнү экономикалык жана саясий изоляцияда калтырышкан. Март айында Иран менен Армениянын ортосунда газ кууру ачылды. Ал аркылуу келген иран газын Армения электр кубатына айлантып, кайра жиберет. Бирок куур Орусияга тийешелүү болгондуктан, Еревандын капчыгына жарыбаган каражат түшөт.

Бул армян-иран кызматташтыгы Вашингтонго анча жага берген жок, натыйжада АКШ быйыл мартта Арменияга экономикалык жардамын 50, аскердик жардамын 30 пайызга кыскартып салды. Тескерисинче АКШ Азербайжанга жардамын ушунча көлөмдө көбөйтөөрүн жарыялады.

Кийинки жылдары Азербайжан менен Грузиянын Батышка улам көбүрөөк ыктап кетиши Орусиянын Кавказдагы турумун солгундатты. Ага кошумча, өткөн айда Грузиядагы орус аскерлери толугу менен чыгарылды. Ал эми Азербжандагы Орусия ижарага алган Галаба абадан коргонуу бекетине азыр Кошмо Штаттары көз артууда.

Бакы бул бекетти Орусиядан алып койгон күндө да, Орусия ара жолдо калбайт. Азыр Москва Иран менен келишимдер аркылуу, ошондой эле армяндардын энергетика секторун колдоо менен Армениядагы турумун күч алдырууда. Орусия ошондой эле Тоолуу Карабак жаңжалы кайра тутанса, Азербайжандын мунай кирешесинин көбү согушка сарпталаарын, бир эле мезгилде бүт Кавказды согуш өртү каптап кетиши мүмкүн экендигин түшүнөт. Анда эле Орусия "бейкуттукту орнотуу" зарылдыгын бетке кармап, аймакка аскер киргизиши мүмкүн. Буга чейин Карабак Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал деп саналса, кийинки убакта бул өлкөлөргө кысым көрсөткөндөр негизинен АКШ менен Орусия экендиги айгине болууда.

XS
SM
MD
LG