"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Прагада жоголуп бараткан Пржевалский жапайы жылкысы кулундуу болду.
Беларустун маалымат каражаттары билдиргендей, Европадагы укук коргоочулардын нааразылыгына карабастан, 2011-жылдагы кандуу чабуул бойонча кесилген Владислав Кавалйоу менен Дмитрий Канавалау өлүм жазасына тартылды.
"Азаттыктын" Азербайжандагы журналисти өзүнө каршы багытталган интернеттеги каралоо өнөктүгүнөн коркпой тургандыгын билдирүүдө.
Тажикстанда адистешкен дарыгерлер менен ооруканалар жетиштүү болсо дагы эмчи-домчуларга кайрылган бейтаптар көбөйүүдө.
Тажикстанда Сабина Тагойназарова таэквандо ITF боюнча дүйнө чемпиондугун экинчи жолу утуп алды. 18 жаштагы келечектеги адвокат өз мекенинде 2011-жылдын мыкты спортчусу аталды.
Пакистандын түндүк-батышындагы Хыбер Пахтунква дубанында зордукчул топтордун толкуну менен күрөштүн бир амалы катары окутуунун заманбап методдорун жергиликтүү ыкмалар менен айкалыштыруу аракети жасалып жатат.
Оштогу ОБОНдун артында расмий катталган «Ош шейиттери» уюму турат жана аны шаардын мэри каржылап, колдонот деген сөздөр айтылып келет.
Орусияда шайлоо Путинден тажаган жаш муун менен ал кетсе өлкө баш-аламандыкка кабылат деп корккон улуу муундун ортосунда ажырым бар.
Нью-Йоркто кыргыз мигранттарынын арабөк абалын түшүнүү аракети жасалган көркөм инсталяция ачылды.
Европа Биримдиги Беларуска каршы дагы санкция киргизүүгө макулдашты.
Өзбекстанда диний кызматкерлер коррупцияга малынгандыгы тууралуу иликтөө жарык көрдү.
Өтүп бараткан жума ичинде чөлкөмдө болгон олуттуу окуялардын жыйындысы.
Ушул аптада президент Алмазбек Атамбаев эки күндүк иш сапар менен Ошко келгенде коогалаңдын күнөөкөрлөрүн табам деп сөз берди.
Түркмөнстанда таанымал рэппердин эки жылга кесилишине жана дагы башка чектөөлөргө карабастан, өлкөдө рэп топтору көбөйүүдө. Улам көп сандагы улан-кыздар рэпти турмуш чындыгын жар салуунун ыкмасына айландырып жатышат
Муса Мураталиев чыгармалары Ч.Айтматовдон кийинки эле чет тилдерге көп которулган кыргыз жазуучу.
Чехияда коррупциядан адал акча табууну көздөгөн саякат агенттиги ачылды.
Сирия кризиси Батыш менен Орусиянын ортосуна от жакты.
Украинада Европаны ызгаардуу кучагына алган кыш чилдеде аз дегенде 135 киши тоңуп өлгөнү кабарланды. Бийликтер үй-жайсыздар үчүн чатыр тигип, ысык тамак уюштуруп жатат. Киевде үйсүздөр жана социалдык кызматкерлер жетиштүү чара көрүлбөгөнүн сындоодо.
Жаңы-Өзөндөгү кан төгүү тууралуу элдик ырчылар ырдап чыгышууда.
Дагы жүктөңүз