Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Беларуста эки киши өлүм жазасына тартылды


Кавалеванын батиринин алдындагы гүлдөр
Кавалеванын батиринин алдындагы гүлдөр

Беларустун маалымат каражаттары билдиргендей, Европадагы укук коргоочулардын нааразылыгына карабастан, 2011-жылдагы кандуу чабуул бойонча кесилген Владислав Кавалйоу менен Дмитрий Канавалау өлүм жазасына тартылды.

Экөө тең 26 жашта болгон. Беларустун мамлекеттик кабар агенттиги БелТа өлүм жазасы тууралуу кыскача гана маалымат таркатты.

Былтыр ноябрда заводдун жумушчулары болгон бул эки киши Минсктин Октябр метро бекетинде бомба жардырууга тиешелүү деп табылган. Апрел айындагы чабуулда 15 кишинин каны төгүлүп, жарадар болгондордун саны 300дөн ашкан.

Владислав Кавалйоунун туугандары Жогорку Соттон өлүм жазасы ишке ашканы тууралуу 16-мартта кол коюлган катты алышкан. Дмитрий Канавалаунун өлүм жазасына тартылганы жөнүндө болсо, кийин беларус сыналгысынан кабарланды.

Владислав Кавалйоунун атылганы тууралуу катты почта жашигинен анын энеси Любоу Кавалйова алган. Кавалйовага 11-мартта эле уулу менен үч саатка жолугушууга уруксат берилген. Андан көп өтпөй ал президентке иштин талаш жагдайларын тактаганга чейин өлүм жазасын ишке ашырууну кийинкиге калтырууну суранып кат жөнөткөн.

Ковалйоунун тирүү кезиндеги сүрөт
Ковалйоунун тирүү кезиндеги сүрөт
Кавалйова уулунун кайсы түрмөдө экенин билген эмес, ошондуктан арызды адвокаты экөө коопсуздук структураларына тапшырышкан.

Ал уулунун өлүмү президент Лукашенконун өч алуусу болуп калгандыгын билдирди:

Акыры ушундай болмок. Бийлик балдарды коркутуп, алар унчукпай калат деп ойлошкон. Аларды былтыр ноябрда эле өлтүрүшмөк, бирок менин балам ага жол бербеди, эми алар уулуман да, менден да акыры өч алып тынышты.

Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле беларус бийлигинин бул кадамын сынга алды. Бирок ал Кавалйоунун өлүм жазасына тартылгандыгы жарыялангандан кийин гана пикирин билдирди.

Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Мая Кочинжич “эгер өлүм жазасы ишке ашырылганы чын болсо, биз аны айыптайбыз” деди.

Европада бир гана Беларуста өлүм жазасы сакталып кала берүүдө.
Укук коргоочулар тергөө жана сот мезгилинде көптөгөн калпыстыктарга жол берилгенин айтып, сот чечимин кайра кароону талап кылып келишкен.

XS
SM
MD
LG