Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

Европа Биримдиги Беларуска кысымын күчөттү


Европа Биримдиги Беларуска каршы дагы санкция киргизүүгө макулдашты.

Президент Александр Лукашенконун өз оппоненттерин куугунтуктап жатышына жооп иретинде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларус бийликтеринин дагы 21 расмий өкүлүн кара тизмеге киргизди. Ошону менен саясий активисттердин кармалып, кесилишине тиешеси бар 19 сот, эки тартип коргоо кызматкери Европа Биримдигине бара албайт, мындан тышкары эгер Биримдиктин аймагында мал-мүлкү болсо, аны менен операция жүргүзө албай калышат.

Мындай чечимдер Биримдикте бир добуштан кабыл алынса гана күчүнө кирет. Ошондуктан 27-февралдагы жыйынында министрлер Словениянын каршылыгына байланыштуу алгачкы сунушка өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болушту.

Санкция долбоорунда Лукашенконун жакын досу Юрий Чиж деген ишкердин да ысмы бар болчу. Чиж Беларуста энергетика, кыймылсыз мүлк, чекене соода, фармацевтика жана башка тармактардагы компанияларды көзөмөлдөйт.

Бирок Словениянын министри кара тизмеге Чижди киргизүүгө каршы чыкты. Карл Эржавеч "анда Лукашенко менен ымалаш бардык ишкерлерди тизмеге алыш керек" деди:

Талкуу татаал болгондугун айтышым керек. Словения Юрий Чиж деген бир гана бизнесмендин кара тизмеге алынышына макул боло алган жок. Беларустун режимин колдогон дагы башка ишкерлер бар. Биз Лукашенконун режими менен коюн-колтук мамиледеги сот жана башка расмий өкүлдөргө санкция киргизилсин, ал эми бизнесмендерге бардыгына бирдей мамиле жасалышы керек деп айттык.

Көрсө сөз болуп жаткан Юрий Чиждин консорциуму словениялык курулуш компанияларынын Беларуста 100 миллиондон ашык евролук долбоорлорун жактырган экен. Ушундан улам Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Словениянын Чиж боюнча турумун сынга алды:

- Бул Европа Биримдиги үчүн кайгылуу күн болуп калды. Бир мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгы президент Лукашенконун саясий айыпкерлерди бошотуусуна кысым көрсөтүүгө караганда өйдө турбайбы.

Европа Биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштон Беларус бизнесмендерин да кара тизмеге алуу маселеси март айында дагы талкууланат деп сөз берди:

Биз иш бүтө элек, чечкиндүү, кеңири мамиле керек деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан Тышки иштер кеңеши март айында санкциялык тизмеге кире турган (беларустук) ишканалар менен ишкерлердин тизмесин тактайт. Алар буга чейин түзүлгөн сот системасы менен тартип коргоо кызматтарындагылардын тизмеси менен бириктирилет.

Европа Биримдиги буга чейин Лукашенконун өкмөтү менен алакасы бар 210 кишиге виза берүүгө тыюу салынып, банк эсептери «тоңдурулган» болчу.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрик Асаналиев Евробиримдиктин санкцияларынан Беларуска өзгөчө деле чоң залака келбейт деп эсептейт. "Азаттык" менен маегинде ал Беларус бийликтери Европа Биримдиги менен мамилеси караманча сууп кеткенин белгиледи.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG