Түп районунда эки жарым жыл мурун 16 жашында зордукталып, боюна бүтүп, айына жетпей көз жарган кыздын саламаттыгына жакындары кабатыр. Кылмышка шек саналып кармалган 66 жаштагы жаранды 30-октябрда Каракол шаардык соту 11 жылга кести. Шектүүнүн жакындары коюлган айыпты четке кагып жатат.
Эки жарым жыл мурун 16 жашында зордукталып, боюна бүтүп, айына жетпей көз жарган кыздын саламаттыгына жакындары кабатыр. Өспүрүм кызды зордуктоого шек саналып кармалган 66 жаштагы жаранды 30-октябрда Каракол шаардык соту 11 жылга кести. Шектүүнүн жакындары коюлган айыпты четке кагып жатат.
Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен алты жылга соттолгон "Темиров лайв" порталынын жетекчиси Махабат Тажыбек кызынын 12 жаштагы уулу учурда таенесинин колунда. Ал атасын эки, апасын бир жылдан бери көрө элек.
2024-жылы 25-октябрда Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору Жайыл районундагы аялдар үчүн социалдык стационардык мекемени текшерүү учурунда кызмат алуучуларга карата адамгерчиликсиз мамиле жасалганын аныктады.
Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева Москвадан операция жасатып келди. Ал ден соолугу, азыркы жашоо-шарты тууралуу айтып берди. 2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында 36 жаштагы келин туш болгон окуя коомчулуктун үрөйүн учурган.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында учурда Жапониядан келген беш балет бийчиси бийлейт. Алардын айрымдары эмгек тажрыйбасынан өтүп жатса, айрымдары солист катары эмгектенип жатышат. Күн Чыгыш өлкөсүнөн келген кыздар учурда жергиликтүү артисттер менен бирге белгилүү
Каракол шаарынын тургуну Дилбара Муратова аарыларды жасалма уруктандыруу ыкмасы аркылуу көбөйтүүнү көздөп жатат. Ал балдын сапатын жана көлөмүн арттыруу үчүн аарыларга кам көрүп, анын түрлөрүнө изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгилейт.
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Документ бир катар депутаттардын сынына кабылды.
Макс Георг Майер социалдык тармактардагы баракчасына кыргызча жазып, өлкөнү түрө кыдырып, ак калпакты башынан түшүрбөй кыргызстандыктарга таанылган. 20 жылдан кийин Майер мырза Германиянын Ханнс Зайдел фондундагы ишмердигин жыйынтыктап жатат.
Кыргызстанда социалдык түйүндөрдө “Ислам принциптери менен тааныштырып, үйлөндүрөбүз” деген нике агенттиктери иш алып барууда. Арасында кош никеге үндөгөндөрү дагы жок эмес. Андай агенттиктерге жөн гана түгөй издеп барып, экинчи аял болуп турмушка чыккандар дагы бар.
Кыргызстанда киши колдуу болгон үч келиндин өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда. Үчөө тең күйөөсү же жарандык никеде жашаган адамдын колунан ажал тапкан. Алардын бардыгы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Мындан сырткары "өз жанын кыйды" деген келиндердин иштери да тергелип жатат.
Сокулук районундагы төрөт үйүндө 25 жаштагы Айым Жыргалбек кызы каза тапты. Ымыркайына операция жасалды. Маркумдун жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, укук коргоо органдарына кайрыларын билдирди. Дарыгерлер келин "өзү төрөйм" деп, жоопкерчиликти алып, кагаз жазып бергенин белгилешет.
Чүйдүн жака белиндеги айылдарда, жайкысын талаа жумуштарында жалданып иштеген бир нече топтор бар. Алардын көпчүлүгү аялдар. “Данистенин” бул жолку чыгарылышында Сары-Өзөндүн кең талаасында аптапка карабай керелден-кечке жаны тынбай иштеп, жалданма жумуш менен жан баккандар тууралуу айтып беребиз.
Таланттуу пианист жана кинорежиссер, 48 жашында рак илдетинен улам көз жумган Эмил Атагелдиевди жакындары, кесиптештери эскеришти. Буга чейин анын кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурап, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж экенин айтышкан.
Бишкекте эгемендик күнүнө жана Арстанбек, Токтогул, Барпы, Алымкул акындардын маарекелерине арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды.
Аламүдүн райсотунда дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштеген жумушчунун иши каралууда. Ага соцтармакта жазгандары үчүн "бийликти басып алуу жана аймактык кастыкты козутуу" беренелери менен айып тагылып, төрт айдан бери тергөө абагында отура. Жакындары менен адвокаты коюлуп жаткан айыптарды четке кагууда.
Кыргызстандагы мектептерге 17 миллиондон ашуун китеп жетпейт. Ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фонду окуучулардын 70% гана китеп менен камсыздай алат. Билим берүү министрлиги калганын электрондук китептер менен камсыздоону көздөйт. Быйыл жагдай кандай?
Сталиндик репрессия учурунда атылгандар жапырт көмүлгөн жердин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнө салды. Каарман апа Чоң-Таштагы кыш заводуна 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.
Эйжизм - адамдын жаш курагына карата дискриминация. Мындай дискриминацияга бир гана улгайган курактагылар эмес, жаштар дагы кабылышы мүмкүн. Бул ирет “Эже-сиңдилер” берүүсүндө кыргыз коомундагы жаш куракка болгон мамилени талкууладык.
Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мамлекеттик желек өрттөлгөн, ордуна ак мата илинген окуя өлкөдөгү диний экстремизм-терроризмге каршы күрөш, "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюму, анын таасир-тамыры тууралуу талкууларга жем таштады.
Дагы жүктөңүз