Бириккен Араб Эмираттары - мүнөт сайын өсүп-өнүгүп жатканына карабай, өз маданиятын, каада-салтын бекем сактаган өлкө. Дубай, Абу-Даби шаарлары бийик имараттары, кышкысын жылуу климаты жана миңдеген эс алуучу жайларынан сырткары эски базарлары менен да туристтерди өзүнө тартат.
Дубайдын так ортосунда жайгашкан Мадинат Жумейрах базарында мындан 100 жыл мурдагыдай эле соода кызыган учур. Сатуучулардын товарларын мактаган үндөрү, көз жоосун алган асыл таштар, алтын-күмүш, дегеле мындагы дүр-дүйнө келгендерди кайдыгер калтырбайт.
Сук - араб тилинен которгондо базар дегенди түшүндүрөт. Сук (базар) эл жыш жайгашкан аймактардын, шаарлардын четинде, кербендер өткөн жолдордун боюнда жайгашкан.
Мурун Перс булуңундагы өлкөлөр үчүн сук - соода-сатык, эл аралык алаканын жайы болсо, азыр базарлар араб өлкөлөрүн тааныткан туристтик карточка болуп саналат.
Соода-сатык - араб өлкөлөрүндө кадыр-барктуу жумуш. Анткени Мухаммед пайгамбар өзү соода кылып, Мекеден кербен коштоп Түштүк Сирияга чейин барып кайткан.
Учурда араб өлкөлөрү улуттук колоритти сактап, заманбап турак жайларды курган менен базарларды мурунку калыбында сактап келет.
Эмираттардын бийлиги ар бир базарды өз-өзүнчө бөлүп койгон. Текстил базарында дүйнөнүн чар тарабынан келген жибек кездемелер, кошулмалар базарында тамакка колдонулуучу түркүн татымалдар сатылат. Парфюмерия же жыпар жытты сүйгөндөр үчүн да өзүнчө базар бар.
Арабдар чөлдүн кумун да жогору баа менен сатышат. Кум толтурулуп кызыктуу сүрөттөр менен кооздолгон айнек идиштердин баасы кыргыз валютасы менен 1000 сомдон 10 миң сомго чейин жетет.
Атактуу базарлар Абу-Даби жана Дубай шаарларында жайгашкан. Эки шаарда тең эң чоң зергерчилик базарлары бар.
Зергерчилик базарларынан түрдүү стилдеги, каалаган көлөмдөгү алтын буюмдарды тапса болот. Эң сапаттуусу - 24 караттуу таза алтын. Ал жумшак болгондуктан монета түрүндө гана сатылат.
Зер буюмдарынын арасынан индия, араб, түрк стилиндеги сөйкө, шуру, билериктер басымдуулук кылат.
Базарлар өтө колориттүү. Мында дүйнөнүн булүң-бурчунан келген товарларды көрүүгө болот.
Ислам динин тутунуп, шариятка баш ийгени менен Араб Эмираттарында соода-сатык эркин жүрөт. Сувенир саткан дүкөндөрдөн христиан, буддизм диндеринин символдорун да тапса болот.
Базарларга киргенде орто кылымдардагы араб дүйнөсүнө түшүп калгандай сезим калтырат.
Айрым базарлардын ичинде кардарлар үчүн дүкөндөрдүн көрсөтмө карталары бар. Аны менен каалаган дүкөндү таап барсаң болот. Бул убакытты үнөмдөйт.
Иран килемдери - базардагы эң баалуу буюм. Аны саткан соодагердин да кадыр-баркы жогору. Айрым килемдердин баасы 5000 доллардан ашат.
Дубай туристтик шаар болгондуктан бул калаада Араб Эмираттарынын эң көп базарлары жайгашкан.
Кызыгы, араб базарларында тыгын жок. Араба сүйрөп жол сурагандарды да жолуктурбайсың.
Каалаган кийимди таңдап кийип же таттууларды жеп көрсөң болот. Эгер албай кетсең сатуучулар сага капа болбойт.
Тескерисинче, "Баары сиз үчүн. Сиз бактылуу болсоңуз, мен бактылуумун", - деп күлүп-жайнап, соодагерлер кардарлардын көңүлүн алганга шашат.
Атын атагысы келбеген бул индиялык жигит БАЭде көп жылдан бери балык сатып иштейт.
Абу-Даби шаарында жайгашкан Аль-Мина балык базарына келгенде суу астына саякат жасагандай болосун. Мында Перс булуңундагы суу жандыктарынан тартып Индия, Тынч океандарынын балыктарын тапса болот. Акула, суу чаяны (омар), осьминог, суу жылдызы - базардагы такай сатылчу суу жандыктары.
Балык базары Абу-Даби шаарынданы эң чон Мина-Зайда портуна жакын жайгашкан. Ал 40 жылдан бери иштеп келет.
Базардын өзгөчөлүгү - мында сатып алган балыкты ошол жерден эле тазалатып, жада калса табитиңизге жараша бышыртып алып кетсеңиз болот.
Балык базарынан алыс эмес жерде Абу-Даби шаарындагы мөмө-жемиштер базары жайгашкан. Мында кургатылган мөмө-жемиштердин түрү бар. Айрыкча кургатылган курма - базардагы башкы товар.
Базарда кургатылган курманын түркүн түрү бар. Курма кагынан кофе, таттуунун түрү жасалат. Жасалгасына жараша баасы да кымбат.
Эң жакшы курма анча таттуу эмес жана жумшак болуп, баасы 90-100 дирхам (БАЭнин акча валютасы) же 2000 сом турат.
Курма базарынын өзгөчөлүгү - автоунаа менен эле каалаган дүкөндүн жанына келип токтоп, соода кыла аласың. Бул сатуучу үчүн да, алуучу үчүн да өтө ыңгайлуу.
Мөмө-жемиш, жер-жемиш Араб Эмираттарына Пакистан, Индия, Таиланд өңдүү өлкөлөрдөн көп келет. Араб базарларынан жыл бою жаңы бышкан мөмө-жемиштерди табууга болот.
Араб Эмираттарында базарлар кечкисин да иштейт. Айрым базарлар 24:00дө жабылса, Аль-Айн шаарындагы мөмө жана жер-жемиш базары 24 саат бою ачык.
Жер-жемиштер базарынан тамакка керектүү азыктардын тазаланып, тууралганын да сатып алууга болот.