“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Көл-Төр - Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Ал деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет.
Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте «Мигрант үнү» деген тынчтык акциясын өткөрүштү. Алар миграция көйгөйүн чечүү жолдорун бийликке сунушташты. Миграциялык улуттук концепция түзүлбөсө, өлкөнүн келечеги бүдөмүк деген ойлорун ортого салды.
Бишкекте өткөн эгиздердин фестивалына 200дөн ашык бала катышты.
19-июнда Бишкекте “Таза аба үчүн” акциясы өткөрүлдү. Аны “Мув Грин” экологиялык коомдук уюму жол көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте уюштурган.
Кыргызстандын дзюдо жана эркин күрөш боюнча курама командаларында сырттан чакырылган спортчулар арбын. Аларды легионерлер деп аташат.
Велосипедде жүрүү өзүнчө ырахат. Ал ыңгайлуу, ылдам жана ден соолукка пайдалуу. Абаны, айлана-чөйрөнү булгабайт. Автоунааларга салыштырмалуу баасы да арзан, бензинге да акча коротпойсуң.
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды.
Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жатат. Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Беларустун, Ооганстандын, Монголиянын президенттери жана Индия менен Пакистандын өкмөт башчылары келди.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстанга таандык голдорду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп,
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Азия Кыргызстанга таандык голду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди.
Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттык” радиосу топтогон эскерүүлөр “Айтматовдун элдеги элеси” деген ат менен китеп болуп басылып чыкты. Китептин бет ачары бүгүн, 7-июнда радионун Бишкек бюросунда өттү.
Кара-Балта шаарында "СССРге кайтуу" аттуу көргөзмө ачылды. Анда сүрөтчү Константин Шкурпеланын 400дөн ашык эмгеги коюлган.
Орозо айы учурунда Оштогу Курманжан датка көчөсүндө тамак-аш базарынын соодасы кызыйт. Узундугу 500 метрге созулган базардан олободон тартып, үй шартында жасалган тамак-аштын түрүн тапса болот.
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунда ойнойт. Мындай мүмкүнчүлүктү кыргыз хоккейчилерине Эл аралык хоккей федерациясы тартуулады.
Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш айылдардагы балдар чет жерге иштегени кеткен ата-энелерине кайрылуу жасады. "Азаттык" чек арадагы мигрант балдарынын видеосун жакындарынын кагаз жүзүндө берген уруксаты менен гана жарыялап жатат. Башка басылмаларга көчүрүп алууга болбойт!
"Азаттык" мигрант балдар тууралуу баянды сунуштайт.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги айрым картиналарга жан кирди.
Бишкекте “Монеден Малевичке чейин. Улуу модернисттер” аттуу көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмө картиналарды 3D экранда музыканын коштоосунда чуурутуп көрсөтүү менен өзгөчө болууда.
Ысык-Көлдө "Run the Silk road" марафону өттү.
Дагы жүктөңүз