Араб өлкөлөрүндө мыкты төөлөрдүн баасы асман чапчып, айрым учурда учактын да баасынан ашып түшөт. Асыл тукум, алыс аралыкка чуркап рекорд койгон төөлөр 4 миллиондон 7 миллион долларга чейин сатылат.
Баасы учакка тең төөлөр
Чөлдөгү ыйык жаныбар катары бааланган төө - Бириккен Араб Эмираттарынын символу. Төөлөрдүн жарышын, фестивалдарды, төөлөрдүн сулуулук сынагын, төө базарларын, жада калса төөлөр үчүн курулган ооруканаларды да бир гана Бириккен Араб Эмираттарынан көрүүгө болот.

1
Төө - чөлдөгү баа жеткис жаныбар. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары үчүн төө улуттук баалуулук болуп саналат.

2
Мурун төө бедуиндер үчүн чөлдө араба, үшүгөндө жүнү тон, курсак ачканда сүтү менен эти аш болгон болсо, азыр ал баа жеткис байлык.

3
Эмираттарда төөсү жок жергиликтүү тургунду жолуктуруу мүмкүн эмес.

4
Абу-Даби шаарына жакын жердеги төө фермалары жайгашкан аймак.

5
Жарышка катыша турган төөлөргө эч качан киши минбейт. Аларды башка төөдө жандап жүргөн малчылар же атайын аралыктан башкарылган камчылар менен машыктырышат.

6
Бул Интернет аркылуу аралыктан башкарылчу камчылар. Ал төөлөр жарышка катышкан учурда токулуп, ага кожоюндун атырын сееп коюшат. Төө чуркаган сайын жасалма камчы аны улам камчылап турат.

7
Бир фермада канча төө бар экенин анын кожоюну жана төө баккан кызматкери гана билет. Кимдин канча төөсү бар экени дайыма купуя сакталат.

8
Жыл сайын кыш айларында БАЭ төө жарыштары өтөт. Жарыштарга ургаачы төөлөр катышат. Байге фонду айрым учурда 1 миллион доллардан ашат.

9
Жарышка катыша турган төөлөрдү күнүнө эки ирет машыктырышат. Алар бир эле машыгууда 20 чакырымдан чуркашат.

10
Төө жетелеп бараткан малчы.
Төө баккандардын көпчүлүгүн Омандан, Йеменден, Пакистандан, Индиядан жана Бангладештен келген мигранттар түзөт.
Төө баккандардын көпчүлүгүн Омандан, Йеменден, Пакистандан, Индиядан жана Бангладештен келген мигранттар түзөт.

11
«Төө көп жүргөн аймак» экенин эскерткен жол белгиси. БАЭнин мыйзамдары катаал. Эгер жолдо капыстан төөнү машине менен сүзүп алсаң 30 миңден 100 миңге чейинки доллар менен айып пул салынат.

12
Жумушка бараткан малчы.

13
Төөлөрдүн машыгуусу үчүн бир канча чакырымга созулган, жумшак топурак төгүлгөн жолдор курулган. Ага жанаша асфальт төшөлгөн жолдо кожоюндары төөлөрүнүн машыгуусуна машинелерден көз салышат.

14
Төөлөр үчүн жем-чөп саткан көчмө дүкөн.

15
Малчылар үчүн курулган мечит.

16
Ар бир фирмада төөлөрдүн ден сооолугуна көз салган дарыгерлер бар.
2017-жылы Дубай шаарынын бийлиги 11 миллион долларга төөлөрдүн клиникасын курган. Акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыз кылынган ооруканада бир рентгендин баасы эле 110 доллар турат.
2017-жылы Дубай шаарынын бийлиги 11 миллион долларга төөлөрдүн клиникасын курган. Акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыз кылынган ооруканада бир рентгендин баасы эле 110 доллар турат.

17
Бул аймакта жергиликтүү тургундардын жүздөгөн төө фермалары бар.

18
Учурда айрым төөлөрдүн баасы асман чапчыйт. Акыркы маалыматтарга караганда «асаил» тукумундагы төө 2008-жылы 4 жарым миллион долларга сатылган.

19
Жарышка түшө турган төө үч жашка чейин аныкталат. Бирок жарыштарды жеңип, рекорддорду жаңыртышы үчүн көп жылдык машыгуулар кетет.

20
Төөлөр үчүн жогорку сапаттагы арпа берилет.