Өткөн аптанын этегинде маркум Шерали Назаркуловдун «Оптимисттик трагедия» аттуу китеби жарык көрдү. Анда көз карандысыз экономисттин көзү тирүү кезинде маалымат каражаттарына басылган макалалары, аны менен уюштурулган интервьюлар, маркумду эскерүүлөр топтолгон. Шерали Назаркулов ачкачылык акциясында 22 күн отуруп, анын кесепетинен 2002-жылдын 7-февралында көз жумган. Коомчулуктун жоон топ өкүлдөрүнүн катарында Шералинин ачкачылык акциясына чыгышына анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон. Бишкекте башталган бул саясий акция кийинчерээк Аксы окуясына өсүп жеткен.
Кыргызстан менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтык чөйрөсү кеңейиши ыктымал. Индиялык ишкерлердин Кыргызстан менен жибек, алтын жана пахта өндүрүү тармагында кызматташууга ынтызарланып жатышы ушундай пикирлерди жаратууда. Кыргызстандын инвестициялык жагдайын иликтөө максатын көздөгөн индиялык ишкерлер өткөн аптада Бишкекке келишкен.
«Арнамыс» партиясынынын төрагасы Феликс Кулов бүгүн ачкачылык акциясын баштамак. Бирок ачкачылык кармоону убактылуу токтото турууну чечти. Кулов Башкы прокуратурага жолдогон арызында мындай саясий акцияга барууну шарттуу түрдө, мөөнөтүнөн мурда бошотуу суранычына байланыштуу тоскоолдуктар менен түшүндүргөн.
Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы президент Аскар Акаевдин келерки күздө өтөөрү күтүлүп жаткан президенттик шайлоого катышуусун кепилдей албайт. Акаев акыркы мезгилде ушундай ойду маал-маалы менен кайталап келатат. Акыркы ирет ушул өңүттөгү пикирин АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж менен болгон жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында билдирген. Бирок, мындай билдирүү деле оппозициялык саясатчыларды «Акаев президенттик шайлоого барышы ыктымал» деген божомолунан кайтара алган жок.
«Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов 22-июлдан баштап ачкачылык акциясын башташы ыктымал. Саясатчы эки күн мурун Башкы прокуратурага жолдогон катында ушундай билдирүү жасады. Өзүнүн чечимин Кулов мөөнөтүнөн мурда, шарттуу түрдө түрмөдөн чыгуу боюнча өзүнүн аракеттерине жаза өтөө мекемелери тоскоолдук жасап жатат деп негиздеди. Жагдайга байланыштуу «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши да 20-июлда билдирүү таратты.
Кыргызстанда саясий укук бузуулардын саны азайып, аскер кызматчыларына, улуттук азчылыктарга жана диний агымдарга байланыштуу укук бузуулардын саны өстү. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өткөн алты айдын жыйынтыгы боюнча дүйшөмбүдө уюштурган маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады.
Атуулдук коомдун өкүлдөрү бүгүн Бишкекте “Кумтөр алтын” долбоорунун айланасындагы талаш-тартышты талкуулашты. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев уюштурган бул талкуу-форумга депутаттар, саясатчылар, окумуштуулар, атуулдук коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана Барскоон кырсыгына кабылган айылдардан өкүлдөр катышты.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары июнь айынын планына киргизилген мыйзам долбоорлорун акыркы төрт күндө толук карап бүтүү дымагы менен иштеп жатышат. Ушул максатта акыркы эки күндө талаш туудурбаган 30 чамалаш мыйзамды кабыл алышты. Бирок айрым депутаттар жайкы эс алуу башталганга чейин принципиалдуу айрым маселелерди кароого парламент үлгүрбөй калышы ыктымал деп тынчсызданышууда.
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана конституциялык мыйзам комитети бүгүн (дүйшөмбүдө) кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылдагы ишинин отчетун кароону сессияга сунуштады. Маселени комитет премьер-министр Николай Танаевдин катышуусунда талкуулап, ага канааттандыраарлык баа берди. Бирок айрым депутаттар өздөрү принципиалдуу деп санаган бир катар маселелер боюнча премьер-министрди сынга алышты.
Кыргыз президентине баш ийе турган улуттук кеңеш бар. Ал чет өлкөлөргө адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга каршы күрөш боюнча иш алып барат. Улуттук Кеңештин мындан аркы жарым жылдагы негизги жумушу - ички иштер кызматынын киши сатууга каршы ишинин натыйжалуулугун арттыруу болмокчу. Бул тууралуу кеңештин дүйшөмбүдөгү отурумунда сөз болду.
«ХХI кылымдагы Евразия – маданияттардын диологубу же цивилизациялардын кагылышуусубу?» аттуу эл аралык конференция 10-11-июнда Кыргызстанда өткөнү жатат. Форумду цивилизациялар ортосундагы мамилелерге байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму мындан үч жыл мурда кабыл алган иш чаранын алкагында ЮНЕСКО уюштуруп жатат. Анда илим, маданият, билим берүү, дин, байланыш тармактарындагы окшоштуктар-айырмачылыктар регионалдык жана субрегионалдык өңүттө талкууга алынып, анын негизинде жыйынтыктоочу документ кабыл алынат.
Бүгүн кыргыз өкмөтү IV инвестициялык матрицанын аткарылышынын абалын талкуулаары болжолдонуп жатат. Премьер-министр Николай Танаевдин башкаруусунда өтө турган бул отурумда министрликтер жана мекемелер матрицанын аткарылышы боюнча билдирүүлөрдү жасашы күтүлүүдө.
17-февралда Ош-Бишкек жолунда жүргөн көчкү төрт адамдын өмүрүн кыйды. Жети киши жабыркап, ооруканага жаткырылды.Шаршемби күнү эртең менен биринчи-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев баш болгон жетекчилер кырсык болгон жерге барышты.Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды.
«Кыргыз өкмөтү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча талкууну Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бейшемби күнү улайт. Талдоочулар мыйзам долбоору парламент менен өкмөт ортосундагы мурдагы пикир келишпестикти ого бетер курчутаарын болжоп жатышат. Ал эми парламенттеги «Оң ордо» фракциясы мыйзам долбоорун юристтер менен эларалык эксперттер кайра иштеп чыгышы керек деп эсептейт. Мындай билдирүүнү фракциянын өкүлдөрү атайын уюштурган маалымат жыйынында жасашты.
«Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзам - конституциялык мыйзам. Бул мыйзамга Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны сегиз айдан кийин бүгүн кайра кайрылды. Өкмөт даярдап, сунуштаган мыйзамды парламент алгачкы ирет июнь айында талкуулап, бирок, принципиалдуу беш жобо боюнча бир пикирге келе албай коюшкан. Мыйзам долбоорунун биринчи окулушун бүгүн депутаттар беренелер боюнча талкуулоого киришти.
15-февралда Советтик аскер курамынын Ооганстандан чыгып кеткендигине 15 жыл толот. Бул күндү утурлаган иш чаралар Ооган согушуна катышкан мурдагы совет өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстанда да өтүп жатат. Ишемби күнү ооган согушунун ардагерлеринин, коомчулуктун катышуусунда эскерүү митингин Бишкек шаар мэриясы өткөрдү.
Ар кандай нааразылык акцияларында атуулдардын аракеттерин кантип жөнгө салуу керек? Бул маселе бүгүн Бишкекте өткөн “тегерек үстөлдө” талкууланды. “Тегерек үстөлдү” «Эларалык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюму уюштуруп, ага Швейцариянын тышкы иштер министрлиги колдоо көрсөттү.
Кыргызстандын аймагында ушул жылдын апрель айынан баштап электр кубаты үчүн бирдиктүү төлөм системасы киргизилет. Ал эми акы төлөбөгөн жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга электр кубатын өчүрүү ыкмасы мындан ары дагы кеңири колдонулмакчы. Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы шейшемби күнкү кезектеги отурумунда электр кубаты тармагынын 2003-жылдагы абалын талкуулап, ушундай бүтүмгө келди.
Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев бүгүн «Кумтөралтын» долбоорун реструктризациялоо маселеси боюнча маалымат жыйынын өткөрөөрү күтүлүүдө.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Адам укугун коргоо боюнча эларалык лига президент Аскар Акаевдин наамына кат жолдоду. Уюмдун кат жөнөтүшүнө маалымат каражаттарынын Ош шаарындагы ресурстук борборунун тонолушу негиз берген. Ушул жана буга чейинки болгон айрым окуяларды эске салган эларалык лига Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерге каршы куугунтук байкалып, бул өз кезегинде өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч келтирип жаткандыгын белгилеген.
Дагы жүктөңүз