Апта ичинде өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда олуттуу окуялар болуп өттү. Алардын ичинен Өкмөттүк структураны өзгөртүү тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы аптанын башкы окуясы болду. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бул аптада «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоорун күжүрмөн талкуулады. Бейөкмөт уюмдар менен айрым оппозициялык саясатчылар ачкачылык акциясынын учурунда набыт болгон Шералы Назаркуловду эскеришти.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоого кайрадан киришти. Президент сунуштаган бул долбоор үч жылдан бери парламентте каралып, бирок кабыл алынбай келет. Бүгүнкү отурумда талаш жараткан бир катар беренелер кабыл алынды.
Кыргызстанда быйыл жаратылыш кырсыктары жылдагыдан арбын болоору күтүлүүдө. Иликтөөнүн негизинде ушундай тыянакка келген тиешелүү тармактар болжолдуу кырсыктарды негизинен көчкү жана суу ташкындары менен байланыштырышат. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү ушул айдын ичинде жаратылыш кырсыктарын алдын алуу максатында жардам сурап, эл аралык сүрөөнчү (донор) уюмдарга кайрылууну максат кылууда.
Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн курамы Кыргызстан элдери ассамблеясынын IV курултайынын делегаттары менен жолугушту. Анда өкмөт башчы Николай Танаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу кеңири билдирүү жасап, өкүлдөрдүн суроолоруна жооп берди. Ал эми эртең өтө турган курултайга президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев “Тажикстанда соңку учурда кызматтан кеткен айрым адамдар Жергетал аймагында куралчан топторду түзүүгө аракет кылып жатат. Анын каскагы Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтириши ыктымал” деген пикирин билдирди. Ошондон улам ал Улуттук коопсуздук кызматына “Кыргызстандын түштүгүндө коопсуздук чараларын күчөтүү керек” деген сунуш менен кайрылды.
Конституциялык Соттун мүчөсү Марат Кайыпов апта этегинде ооруканадан сакайып чыкты. Судья айдын башында белгисиз бирөөлөрдүн таягынан жабыркап, Бишкектеги № 4 оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жакында шаардык милиция сотко кол салуу менен байланыштуу окуянын саясат менен байланышы жок деп билдирди. Бирок, жабырлануучу мындай бүтүмдү жоопкерсиздик катары баалоодо. Ооруканадан чыгаар алдында кабарчыбыз окуянын чоо-жайын сурап Марат Кайыповго кайрылып, маек курган.
Кыргызстанда ушул жылдын июль айынан баштап паспорттун жаңы үлгүсү пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Бул демилге өкмөт тарабынан Кыргызстан атуулдарынын коопсуздугун коргоо максатында көтөрүлүүдө жана ал Эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынып жатат. Жаңы паспорттун кандай өзгөчөлүктөрү бар? Кандай тартипте киргизилет?
Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын иш мөөнөтүнө байланышкан талаш-тартыш күч алып баратат өңдөнөт. Айрым саясатчылар маселени териштирүүгө негиз бар экендигин, анткени, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганын белгилешсе, экинчи тарап «Чолпон Баекова Конституциялык сотту дагы узак убакыт башкара алат, буга мыйзам жол берет» дешет.
Кечээ Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициялык маанайдагы төрт депутаттын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылды. Бул - саясий чөйрөдө Кыргызстандын Конституциясын одоно бузган факт катары каралып жатат. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн бул маселени кезексиз түрдө талкуулай баштады. Талкууга Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери катышты.
Жергиликтүү байкоочулардын бири бүгүн журналисттерди чогултуп, «башка планетага таандык табышмактуу объекттер Кыргызстандын аймагында учуп жүргөнүн күн сайын байкап атам», -деген билдирүү жасады. Бирок, окумуштуулар мындай табылгаларды кубатташпайт. Анын себеби - далилдин жетишсиздигинде.
Ыйса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда жалпы элдик майрам катары жарыяланган. Бул күнү жылдагыдай эле православдык багыттагы христиандар Бишкектеги Башкы чиркөөдө жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынуу каадасына чогулушту.
Коомчулуктун айрым өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлер менен мугалим, дарыгер, пенсионерлердин маянасын төлөөнүн тартибин ыраатташтыруу боюнча демилге көтөрүп жатышат. Өкмөт болсо маяна төлөөнү мамлекеттик кызматчынын коррупцияга аралашпай, ак ниет иштешин камсыздоочу бир ыкма катары көрүүдө. Ошондуктан, бул демилгени ынтызарланып колдогондор өкмөт тарапта байкала элек.
Дүйшөмбү күнү Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин кезектеги отуруму өттү. Премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен болгон отурумда уюмдун жыл ичинде аткара турган иштери талкууланып, алардын планы кабыл алынды. Ага ылайык Улуттук кеңеш жакынкы эки айда башкаруу системасын реформалоонун стратегиясын иштеп чыга турган болду.
Кыргызстандын оппозициячыл маанайдагы бир катар саясатчылары учурда Грузиядагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жатышат. Алардын бири Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» Бишкектеги бюросуна телефон аркылуу маек куруп берди.
Өлкөдөгү саясий партиялардын 2005-жылы өтө турган парламенттик шайлоодон үмүтү чоң. Бирок, бирин-экин партияны эске албаганда, саясий уюмдардын басымдуу бөлүгү алдыдагы саясий окуяларга батыл камдана элек.
Быйылкы жыл Кыргызстанда «Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деп жарыяланды. Буга байланышкан жардыгын президент Аскар Акаев 27-декабрда чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырды.
Президент Аскар Акаев жакында парламентке Кылмыш кодексинин жана «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамдын айрым беренелерин өзгөртүүнү сунуштады. Маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо максатын көздөгөн бул сунуштун оош-кыйыштары жөнүндө «Коом жана турмуш» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында сөз болот.
2004-жылы өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Жыл тогошоор алдында саясатчылар жана коомдук ишмерлер ушул суроонун айланасында «Азаттык» радиосуна өз пикирлерин айтышты.
«Социнформбюро» социологиялык кызматы Кыргызстандагы таасирдүү мамлекеттик жана коомдук 40 ишмердин атын атады. Таасирдүүлөрдү тандоо үчүн уюм эксперттерге 78 саясатчынын тизмесин сунуштаган.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстандын 2004-жыл үчүн бюджети жөнүндө» мыйзам долбооруна өзүнүн макулдугун берди. Мыйзамды Эл өкүлдөр жыйыны декабрдын башында кабыл алган.
Дагы жүктөңүз