Куловдун мурдагы чечимин өзгөртүшүнө ал отурган №19 түрмөнүн жетекчилигинин убадасы негиз берди. Түрмө жетекчилиги Феликс Куловдун Сокулук райондук сотуна жолдогон арызын бүгүн жеткирмей болду. Мындай маалыматты төрага орун басары Эмил Алиев билдирди:
- Жетекчилик Сокулук сотуна жеткире тургандыгын Феликс Куловго убада кылды. Ошондуктан Кулов ачкачылыгын убактылуу токтотуп турат.
Алиевдин айтымында, каттын сотко жетишин партия мүчөлөрү да көзөмөлдөшөт. Анткени Куловдун 12-июлдагы арызы белгисиз себеп менен сотко эмес, жаза өтөө мекемелеринин жетекчилигинин колуна тийген.
Арызды Кулов сотко түрмө жетечилигинин убактылуу бошотуу суранычын канааттандыруудан баш тарткандыгына байланыштуу берген. Жаза өтөө мекемелеринин башкы башкармалыгынын кечээки маалыматына караганда, Куловдун шарттуу түрдө, убактылуу бошотуу мөөнөтү келерки жылдын күзүнө туура келет.