Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту көз карандысыз «МСН» гезитине байланышкан ишти 16-февралда карай баштады. Буга жабык типтеги «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун (АОЗТ) жана «Вечерний Бишкек» гезитинин жетекчилеринин доо арыздары негиз берди.
Өткөн аптада Орусияга иш сапар менен барып кайткан «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр жана дипломат Роза Отунбаева менен маектин экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Бул интервьюда оппозициячыл саясатчы Орусиядагы кыргыз диаспорасы, ыңкылап маселелери жана орус саясатчыларынын кыргыз оппозициясына мамилеси тууралуу суроолорго жооп берет.
Жакында «Ата журт» саясий кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр жана экс-элчи Роза Отунбаева Москвада иш сапары менен болуп кайтты. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча саясатчынын «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунун биринчи бөлүгү сунуш кылынат.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту №5 Юнусалиев шайлоо округунун шайлоочусунун арызын канааттандырган жок. Арыз ээси депутаттыкка талапкер Оксана Малеванаяны каттоо тууралуу округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
Бүгүн «Учкун» акционердик коому парламенттик шайлоо үчүн добуш берүү баракчаларын басууга киришти.
Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендер өзгөчө тартипте басылат. Ал баракчаларды басмаканадан чыгаруу иштери Борбордук шайлоо комиссиясынын, ички иштер жана коопсуздук кызматтарынын көзөмөлүндө ишке ашат. Бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-февралда өткөн көчмө отурумунда талкууланды.
Парламенттик шайлоодо Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңеш байкоочу болору дайын болду. Ал эми Акыйкатчы институтунун байкоочу болушуна мыйзам жол бербейт. Парламенттик шайлоого байланышкан ушул өңдүү маселелер Бишкекте 8-февралда өткөн “тегерек үстөлдө” талкууланды.
5-февралда Бишкекте Кыргызстан элининин 5-курултайы өттү. Курултай социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылын жыйынтыктап, быйылкы социалдык туруктуулук жана турак- жай курууну өнүктүрүү жылынын багыттарын белгиледи. Курултайда учурдагы саясий кырдаалга баа берилип, оппозициянын аракеттери сынга алынды.
Ишемби күнү Бишкекте президент Аскар Акаевдин катышуусунда Кыргызстан элдеринин 5-курултайы болот. Ушул эле күнү “Атуулдук тилектештик” бирикмеси митинг өткөргөнү жатат. Бул эки жыйында тең парламенттик шайлоонун адилет өтүшүнө байланышкан маселелер талкууланат.
Оппозициялык саясий партиялар 2-февралдан тарта президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү максатында кол топтоого киришти. Алар бул иш чаранын кайрадан башталышын парламентке талапкерлерди каттоо учурундагы мыйзам бузуулар менен байланыштырып жатышат.
27-февралда өткөнү жаткан Кыргызстандагы парламенттик шайлоого талапкер болууну каалаган жарандарды каттоо иштери шейшембиде соңуна чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин такталган тизмесин жакынкы күндөрү жарыялоону убада кылууда. Катталган талапкерлер 2-февралдан баштап үгүт иштерине киришет.
Мурдагы элчилердин шайлоого катышуусун кепилдөө максатын көздөгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бүгүнкү (шейшембидеги) отурумунда жетиштүү добуш топтой албай калды. «Шайлоо кодексине» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» бул мыйзам долбоорун депутат Азимбек Бекназаров баштаган топ иштеп чыккан.
Кыргызстандын келерки парламенти кандай болушу ыктымал? Бул парламенттик шайлоонун алдында айрыкча бүйүр кызыткан маселелердин бирине айланды. Акыркы күндөрү бул маселеге президент Аскар Акаев да кайрылып өзүнүн көз карашын билдирип жатат.
Быйылкы парламенттик шайлоодо аялдардын жетиштүү упай топтошу күмөн. Учурдагы жагдайга байкоо жүргүзгөн талдоочулар ушинтип болжоодо. Божомолдорго караганда, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткандардын саны артып, каалоочулардын саны кыскарууда.
Кыргыз өкмөтү калкты жарандык паспорт менен жабдуу маселесин жакынкы аралыкта чечүүнү убада кылып жатат. Бирок, ал кандай жол менен ишке ашарын өкмөттүк комиссия ачыктай элек. Айрым байкоочулар паспорт кризисин жөнгө салуу үчүн кыйла убакыт жана көп каражат талап кылынарын белгилешет.
2005-жылы февралда жана октябрда кезеги менен өтөөрү күтүлүп жаткан президенттик жана парламенттик шайлоону коомчулук быйылкы жылдын олуттуу окуясы катары белгилейт. Бирок, бул бийлик алмашуу кандай шартта ишке ашат болду экен? Бул айрыкча Грузиядагы «жибек» жана Украинадагы «саргыч» революциядан кийин саясий чөйрөнүн башкы суроосуна айланды.
Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев 30-декабрда журналисттер үчүн пресс-конференция уюштуруп, анда палатанын беш жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Төрага ошондой эле коомдук-саясий кырдаалга, парламенттик шайлоого байланыштуу журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнкү отурумунда паспорт жаңжалын бир жаңсыл чече алган жок. Депутаттар эки жолку отурумдан бери премьер министр Николай Танаевдин парламент отурумуна катышуусун талап кылып жатышат. Муну алар жаңы паспорт даярдоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгон деп негиздешүүдө.
Ишемби күнү Кыргызстандын аймагында сегиз саясий партия өз жыйындарында парламенттик шайлоого талапкерлерин расмий көрсөтүштү. Айрымдары жаңы жылдан кийин өткөрүүнү көздөп жатышат. Бирок, кыйла партиялар саясий уюмдун атынан талапкер көрсөтүү эч кандай саясий упай алып бербейт дешет.
Кыргызстандагы Социал-демократтар партиясы 25-декабрда өзүнүн кезектеги 6-курултайын өткөрүп, анда учурдагы коомдук-саясий кырдаалга баа берди, келерки парламенттик шайлоого өзүнүн талапкерлерин көрсөттү.
Дагы жүктөңүз