Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Дастан» акционердик коомунун мамлекеттик акциясын убактылуу башкарууга берүү жана андан ары сатуу жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу маселесин талкуулап, бирок, бир пикирге келе алышкан жок.
Келерки парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүктөрүнө байланыштуу Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал курчушу ыктымал. Мындай пикирин президент Аскар Акаев жума күнү өткөн коргоо кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди. Ошондой эле Акаевдин айтымында, Кыргызстанда экстремисттик жана террорчул аракеттер жанданууда. Мамлекет башчынын мындай баасы саясатчылар арасында ар кыл көз караштарды пайда кылып жатат.
Экс-элчилер 27-февралда боло турган парламенттик шайлоого талапкердигин коё турган болду. Мурдагы элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов Конституциялык сот коллегиясынын тыянагынан кийин ушундай чечимге келишти. Соттордун курамы кечээ мыйзамда элчилердин укугу бузулган жагдай жок деген бүтүм чыгарып, ишти козгоодон баш тартты.
Кыргызстан Элдик кыймылы жаңы негизделген «Ата журт» кыймылы баштаган саясий күчтөр менен тыгыз кызматташууга кызыкдар.Азыр бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жөнүндө Кыргызстан Элдик кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев маалымат жыйынында билдирген. Бул аракет оппозициянын чыңдалышы катары бааланса, кээ бир байкоочулар айтымында аталган кыймылдарга баш кошкон оппозиция мезгили келгенде бийлик менен ымалашып кетери айтылат.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы кезектеги отурумуна чогулуп, анда парламенттик шайлоону уюштурууга байланышкан алты маселени талкуулады. Бул маселелердин ичинен «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» парламенттин токтомуна өзгөртүү киргизүү маселеси талаш-тартышты жаратты.
Келерки парламенттик шайлоо демократиялык принциптерге шайкеш, акыйкат өтүү үчүн эмне кылуу керек? Бул саясий партиялардын, жарандык коомдун учурда талкуулап жаткан талылуу маселелердин бири болууда. Бул маселеге ушул аптанын акыркы эки күнүндө өткөн Бишкек жолугушууларында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун эксперттери да кызыгышты.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы жана парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулады. Бирок, бул отурумга Борбор шайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев келген жок. Муну төрага эл аралык семинарга катышып жаткандыгы менен негиздеди. Депутаттар мындай мамилени тоготпостук катары баалашып, парламент шайлаган Борбор шайлоокомдун төрт мүчөсүн кайра чакыртып алуу демилгесин көтөрдү.
Эртең Улуттар Уюмунун бардык башка мүчө мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстанда да адам укугун коргоо күнү белгиленет. Бул күнгө байланыштуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу мындан эки күн илгери Президент Аскар Акаевге бир катар сунуштар менен кайрылды. Алардын катарында Кыргызстанда кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну токтотуу сунушу да бар.
Кыргызстандын мурдагы элчилерин шайлоого катыштыруу же катыштырбоо маселеси бир айга чукул мезгилден бери бир ыктай чечиле элек. Акыркы ирет 30-ноябрда мурдагы элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов укуктарын аныктап берүү суранычы менен Конституциялык сотко кайрылышты. Азыр сиздерге сунуштай турган Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчисиси, коомдук жана саясий ишмер Медеткан Шеримкулов менен интервьюда ушул маселенин айланасында сөз жүрөт.
Мурда “Азаттыкта» кабарлангандай, 15 күндөн бери дарексиз жоголгон укук коргоочу Турсунбек Акун кечээ кечинде табылып, Бишкектеги №4 оорукананын травматология бөлүмүндө.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисааринин Кыргызстанга сапары аяктады. Ахтисаари Венага кайтаар алдында маалымат жыйынын уюштуруп, анда Украинадагы саясий кырдаалга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга жана Казакстанга байланышкан суроолорго жооп берди. Маалымат жыйынында негизги көңүл Кыргызстандагы саясий жана укуктук маселелерге бурулду.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Мартти Ахтисаари эки күндүк иш сапары менен дүйшөмбүдө Кыргызстанга келди. Иш сапарынын алгачкы күнү ал президент Аскар Акаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, ар тараптуу кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашты
Украинадагы президенттик шайлоо жана ага байланышкан саясий кырдаал кыргызстандыктарды да кайдигер калтырган жери жок. Айрыкча саясий чөйрөдө Украинадагы жагдайга ар түрдүү пикирлер айтылууда.
Аял саясатчылардын келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорго катышуусунда кескин бурулуштар күтүлбөйт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бүгүн «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Төрага аялдардын саясатка аралашуусуна кедерги болуп жаткан себептердин бири катары коомчулуктун колдоосунун жетишсиздигин атады.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бир катар элчилердин кайрылуусун канааттандырган жок. Өткөн аптада мурдагы элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берүүнү сурап, парламентке кайрылышкан. Анткени Иманбаевдин 8-ноябрда «Слово Кыргызстана» гезити аркылуу берген түшүндүрмөсүндө акыркы беш жыл ичинде чет өлкөдө жашаган атуулдар, анын ичинде элчилер келерки парламенттик шайлоого катыша албай тургандыгы белгиленген.
Украинада өткөн президенттик шайлоо кыргызстандыктарды да кайдигер калтырган жок. Постсоветтик Украинадагы саясий окуянын алгачкы тыянактарына айрыкча саясатчылар кызуу байкоо жүргүзүшүүдө. Мындай ынтааны алар Кыргызстанда күтүлүп жаткан президенттик шайлоо менен да байланыштырат.
Кыргызстандын Жогорку соту «Арнамыс» партиясынын төрагасы, учурда 19-түрмөдө отурган саясатчы Феликс Куловдун арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди сот коллегиясы бүгүнкү отурумунда чыгарды. Жогорку сотко Кулов бул ирет 19-түрмө жетекчилигинин чечимине байланыштуу Сокулук райондук сотунун токтомун жокко чыгаруу сунушу менен кайрылган. Токтомдо түрмө жетекчилиги Феликс Куловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учуру 2005-жылдын 12-ноябрына дал келет деген бүтүм чыгарган.
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлбөсө, келерки парламенттик жана президенттик шайлоого анын олуттуу салакасы тийиши жана өлкөгө коркунуч келтириши ыктымал. Мындай пикирин бүгүн өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Кубатбек Байболов билдирди. Маалымат жыйыны Байболов жетектеген топтун Литвага сапарынын жыйынтыгы боюнча өттү. Коррупцияга каршы күрөш жаатында тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн бул сапарды Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек кеңсеси каржылады.
Бир катар коомдук уюмдар «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча бир мандаттуу аймактык шайлоо округдарынын тизмесин бекитүү жөнүндөгү» токтомду «Шайлоо кодексине» каршы келет деп эсептешет. Буга байланышкан коомдук талкуу «Борбор Азиянын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн» жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмелер тарабынан уюштурулуп, ага саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана парламенттин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстанда жакында маалымат алуу эркиндиктерин кепилдеген мыйзам иштеп чыгуу максатында атайын жумушчу топ түзүлдү. Президенттик администрациянын өкүлдөрү мындай демилгенин пайда болушун мыйзамды өркүндөтүү, Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктоо зарылдыгы менен байланыштырышууда. Мындай демилгеге ириде маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тилектештик билдиришүүдө. Бирок, аталган мыйзам журналисттердин укуктарын кепилдей алабы? Бул суроо бүдөмүк бойдон калууда.
Дагы жүктөңүз