Кыргызстанда бийлик күч менен алмашканына эки жума болду. Бул аралыкта азыркы бийлик коомдук-саясий абал турукташып калгандыгын белгилөөдө. Бирок, жер-жерлерде нааразылык чаралары токтогон жери жок. Мындай көрүнүштү айрым байкоочулар жаңы бийликтин кетирип жаткан катачылыктарынын кесепети катары баалап жатышат.
Аскар Акаев президенттик кызматын ырасмий тапшыргандан кийин дароо мурда белгиленген президенттик шайлоону күзгө которуу маселеси көтөрүлдү. Бул ириде Кыргызстандагы бүгүнкү курч кырдаал менен байланыштырылууда. Маселени саясий чөйрө колдооруна демилгечи тараптын ишеними бар. Бирок аны Жогорку Кеңештин бул демилгеге мамилеси жана Аскар Акаевдин арызына байланышкан талкуунун тыянагы аныктайт.
Конституциялык cоттун төрайымы Чолпон Баекова ишемби күнү Кыргызстандын баш мыйзамын реформалоо демилгесин көтөрдү. Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды эске алган мындай демилгени саясатчылар ар кыл өңүттө талдап жатышат.
Жогорку Кеңештин Феликс Куловду актоо тууралуу сунушун башкы прокуратура 1-апрелде карап, аны Жогорку cотко жолдоду. Бул аралыкта «саясий туткун» саналган Феликс Кулов түрмөгө кайра кайтып барабы же акталабы деген маселе саясий чөйрөдө кызуу талкууга алынууда. Айрым байкоочулар азыркы бийлик Куловдун боштондугун каалабай жатат деп жоромолдошуп, аны алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырууда.
Феликс Кулов 30-марттан баштап Кыргызстандагы тартип коргоо тармагын координациялоо кызматын ырасмий токтотту. Буга байланышкан токтомду Жогорку Кеңеш ушул эле күнкү отурумунда кабыл алды. Парламент ушул эле күнү башкы прокуратурага жана Жогорку сотко Феликс Куловду актоону суранып кайрылды.
Кыргызстандын парламенти өлкө президентин шайлоону 26-июнга белгиледи. Бийлик алмашуудан улам чукул дайындалган президенттик шайлоого кимдер катышат? Кайсы саясатчы алдыга чыгышы мүмкүн? Алардын артында кандай саясий күчтөр бар? Ушул өңдүү маселелер өлкөдө кырдаал жумшарганы айрыкча саясий чөйрөнүн көңүлүн бурган бышык.
Жаңы Жогорку Кеңеш 27-мартта кайрадан мыйзамдуу бийлик бутагы катары ишке кирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын буга байланышкан токтому парламенттин ырасмий отуруму башталаар алдында жарыяланды. Бул токтом парламенттеги кырдаалды дагы бир ирет өзгөрттү.
Кыргызстан мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу жана убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев маалымат жыйынын уюштурду. Бирок, ал мурда белгиленгендей, өкмөт үйүндө эмес, коопсуздук кызматынын имаратында өтүп, ал белгиленген мөөнөттөн эки саат кеч башталды. Муну өкмөттүн маалымат кызматы Бакиевдин өмүрүнө кол салуу ыктымалдыгы менен байланыштырды.
Кыргызстандын бийликке келген жаңы өкмөтү өлкөдө түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну эң башкы максат катары кароодо. Ошондуктан, кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевди өлкөнүн карамагына өткөрүп алууга байланышкан маселе али күн тартибинде жок. Мындай пикирин 25-мартта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева билдирди. Роза Отунбаевага ушул эле күнү тышкы иштер министрлигин жетектөө сунушталды.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны менен жаңы парламенттин депутаттары 24-марттын түнүндө биргелешип өткөргөн жыйынында Кыргызстан элдик конгрессинин төрагасы, «Арнамыс» саясий партиясынын төрагасы Феликс Куловду ички иштер министрине дайындап, бардык күч структураларын көзөмөлгө алуу тапшырылды. Бул жыйындын алдында Кулов журналисттердин айрым суроолоруна жооп берген эле. Суроолордун басымдуу бөлүгү учурда Бишкекте жүрүп жаткан талап-тоноолор менен байланыштуу болду.
Кыргызстандын ырасмий бийлиги менен оппозиция өлкөдө түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү жаатында бир пикирге келе элек. Бул аралыкта эларалык уюмдар тараптардын сүйлөшүүлөрүнө шарт түзүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Бүгүн саат 3тө Бишкекте жарандык коомдун айрым өкүлдөрү «Биз чындыкты билгибиз келет» аттуу тынч митинг өткөрүшөт.
Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын эң биринчи милдети - аймактардагы кырдаалды жөнгө салып, элди тынчытуу. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынында сөз сүйлөп, депутаттарга ушундай мазмунда кайрылуу жолдоду.
20-мартта №33 Нарын, №59 Чүй шайлоо округдарында парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Бул эки округда шайлоо соттук териштирүүлөргө жана округдук шайлоо комиссиясынын чечимине байланыштуу 13-мартта өтпөй калган.
Кыргызстанда учурда түзүлгөн саясий кырдаал оппозициялык күчтөрдү бириктире алабы? Бул учур шарттаган талылуу маселелердин бири болууда. Айрыкча, «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстан элдик кыймылынын демилгелерин сынга алышы оппозициянын ынтымагына байланышкан маселенин кайрадан көтөрүлүшүн шарттады.
«Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча шаршембиде билдирүү таратты. Анда парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу, президентти кызматтан токтоосуз кетирүү, алгач чукул президенттик шайлоо, андан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу милдеттер белгиленген.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынан кийин Өзгөн, Талас, Жалалабат, Ош, Алай, Токтогул аймактарында нааразылык аракеттери күчөдү. Жалалабат шаарында элдик курултай өтүп, анда Кыргызстан элинин Жалалабат облустук кеңеши түзүлдү.
Добуш берүүнүн алгачкы расмий тыянагы боюнча маалыматты БШК Бишкек убактысы боюнча саат 21.00де пресс-конференция уюштуруп, жарыяларын убада кылууда. Ошондой болсо да талдоочулар менен байкоочулар бул сапар да бийликти жактаган талапкерлердин басымдуу бөлүгү жеңишке жетерин болжоп жатышат.
Президент Акаев мөөнөтүн узартуу үчүн референдумга барабы? Бул маселе кайрадан коомчулуктун талдоосуна түштү. Маселенин көтөрүлүшүнө бул ирет президенттин маалымат катчысынын акыркы билдирүүсү негиз берди.
Дагы жүктөңүз