Жарандык коомдун Орус драма театрынын имаратында өткөн бул форумуна Кыргызстан аймагында иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын 350 чамалаш өкүлү катышып, аны мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгулов ачты:
- Келгиле, бардык аракеттерибизди бириктирип, жаңырган Кыргызстан калкынын көкүрөгүнө толгон күтүүлөрүн актайлы. Мен сиздерге бүгүн-эртең биргелешип алып бара турган иштин ийгилигин каалайм.
Жарандык коом уюштуруп жаткан форумдун экинчи күнүндөгү отурумуна Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган убактылуу өкмөт, төрага Өмүрбек Текебаев баштаган парламент мүчөлөрү катышып, анда жарандык коом Кыргызстанды өнүктүрүүнүн аракет программасын сунуштаары күтүлүүдө.
Форумдун шейшембидеги отурумунда Кыргызстандагы ыңкылаптан кийинки бүгүнкү кырдаал, бийликтин чукул алмашуу себептери, өткөндүн сабактары жана алдыдагы милдеттер талкууланды. Түштөн кийин ушул алкакта секцияларда ондон ашык проблема боюнча талкуу жүрдү.
Жалпы талкууда алгачкылардан болуп кеп алган «Эрайым» бейөкмөт уюмунун төрайымы, 1989-жылы түзүлгөн «Ашар» кыймылынын мүчөсү Ракыя Жусупова 24-марттагы окуяны эгемен Кыргызстандын демократияга жасаган үчүнчү кадамы катары баалап, бул ирет элдин каалоосу орундалбаса, ыңкылаптын кайра кайталана бериш ыктымалдыгын белгиледи. Мындай пикирин ал учурдагы бийлик талаш, Акаев алган менчикти башка топтордун менчиктеп алуу аракеттери өңдүү маселелер менен байланыштырды:
- Эгер биз демократияга жетебиз десек, эң алды менен элдик бийликке кадрлар конкурс аркылуу туура тандалып алынса. Билимдүү, мекенчил, акыл-эстүү жаштар көбүрөөк тартылса жакшы болор эле. Тилекке каршы, биз андайды көрө албай жатабыз. Элдин күчү менен алынган бийликти элдин кызматын кылууга жумшоо үчүн ким бийликке келсе да, жети өлчөп, бир кесиш керек.
Ракыя Жусупованын пикиринде, элдикин элге жумшоо үчүн, мурдагы президент Аскар Акаевдин катачылыктарын кайталабаш үчүн убактылуу өкмөт ишти парламент, сот бийлиги жарандык коом менен бирге алып барышы жөндүү.
«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова өз сөзүндө 24-марттагы окуяны «боз үй ыңкылабы» деп атады. Анын оюнда Кыргызстандын бүгүнкү акыбалында башкача болбойт эле. Калктын социалдык абалына, адам укугуна, парламенттик шайлоого байланышкан чыңалуулар дал ушул нукура кыргыз ыңкылабынын чыгышына негиз болду. Укук коргоочу ыңкылапты шарттаган төмөнкү жагдайдарды атады:
- Алгачкы жаңжал: 1993-94-жылкы алтын жаңжалы, 1998-жылы Барскоон кырсыгы, журналист Замира Сыдыкованын камалышы, 1998-жылы күзүндө Конституцияга өзгөртүү киргизилиши, 2000-жылдагы парламенттик, президенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар, ошол эле жылы Феликс Куловдун, Топчубек Тургуналиевдин камалышы, карабууралыктардын нааразылыктары, 2001-жылы Үзөнгүкууш маселесин көтөргөн депутаттардын куугунтукталышы, 2002-жылы Азимбек Бекназаровдун камалышы, ошол эле жылдын мартындагы Аксы окуясы.
Азиза Абдрасулованын оюнда бийлик чукул алмашканы менен, кыргыз ыңкылабы социалдык абалды курчутту, бийликти, жерди, имараттарды басып алуу өңдүү өксүктөрдү пайда кылды. Милиция тартипке кепил боло албай калды, митинг, пикеттер, нааразылык акциялары одоно мыйзам бузуулар менен өтө баштады.
Ушул өңдүү бийлик алмашуу шарттаган толгон-токой кемчиликтерди жоюу үчүн форумдун катышуучулары биргелешип аракеттенүү зарыл деп санашты. Муну ириде президенттик шайлоону акыйкат өткөрүүдөн баштоо керектигин «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов белгиледи:
- Эгер биз кайрадан эле баарын бийликке, шайлоо комиссияларына ишенип тапшырып койсок, эркин, көз карандысыз президенттик шайлоону камсыздай албай калабыз.
Жарандык коомдун Эдил Байсалов өңдүү жетекчилери Кыргызстанда сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чыныгы демократияны орнотуу үчүн бийлик бардык өксүктөрдү жоюу камын көрүшү зарыл деп санашты. Бул ириде Конституциялык кеңешме түзүү демилгеси менен байланыштырылды. Жарандык коомдун жалпы улуттук форуму 20-мартта убактылуу өкмөттүн катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратында улантылмай болду.