Тажикстан менен Кыргызстан чегара аймагында түзүлгөн жагдайды талкуулоо маселесин бир катар депутаттар өткөн аптанын этегинде көтөрүшкөн. Демилгенин жаралышына Баткен облусу менен чектеш Согди облусундагы айрым айыл тургундары тарабынан Кыргызстан аймагындагы жер аянттарын басып алуулар себеп болгон. Жагдайга байланыштуу бул күнү Жогорку Кеңеште чегара кызматынын штаб башчысы Нурдин Чомоев, Коопсуздук кызмат башчысынын орун басары Токон Мамытов, Тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева жана башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров маалымат беришти.
Тараптардын маалыматтарына караганда, апрель айы ичинде Баткен районундагы Аксай айыл өкмөтүнө караштуу Чектөбө, Кара айылдарына таандык жер аянттарын Исфара районунун Чорку айылынын тургундары ээлеп алышкан:
- Тажикстандын жарандары өз алдынча биздин аймакты ээлеп алган фактысы бар. Бир факт. Бирок, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн киришүүсү менен алар чыгып кетишти. Бирок, өз алдынча ээлөө болбошу, жерге байланышкан маселелер кайталанбаш үчүн биз кылмыш ишин козгодук.
Бекназаровдун айтымында, башка өлкөнүн жарандарына жер берүү оор кылмыш, ал үчүн мыйзам боюнча чет өлкөлүктөр эмес, жергиликтүү жарандар, тиешелүү бийлик өкүлдөрү жоопко тартылышы керек. Маалыматтарга караганда, кыргызстандык жергиликтүү жарандар кошуна өлкөнүн жарандарына жер аянттарын саткан учурлар арбын жолугат. Маселен, Максат деген айылда 145 турак жайдын 75ин тажикстандык жарандар сатып алып, документтерин Тажикстандын мыйзамдарына ылайыктап алышкан. Коопсуздук кызматынын төрага орунбасары Токон Мамытов:
- Кыргызстан аймагындагы Баткен менен Согди облустарынын ортосунда 40 талаштуу участок бар. Анын ичинен Тажикстан калкы тарабынан 637 чамалаш гектар, кыргызстандыктар тарабынан 164 гектар басып алынган.
Мындай жагдайлар чегаралары тактала элек бул эки өлкөнүн жарандары ортосунда улуттар аралык пикир келишпестикерди шарттоодо:
- Талаштуу аймактар көп. Алар жерди өздөрүнүкү деп, биздикилер биздики деп талашып келишет. Ага жараша такай эң чоң сүйлөшүүлөргө чейин жеткирген талаш-тартыш болуп турат.
Жагдайды опурталдуу деп эсептеген депутаттар маселени жеринде териштирүүнү ылайык көрүштү. Темир Сариев, Баяман Эркинбаев өңдүү депутаттар чегара кызматында коррупциянын күчөп кетиши, кадр саясатындагы чаржайыттык чегара маселесиндеги кырдаалдын курчушун шарттап жатат деп эсептешти. Комиссия түзүү демилгесин көтөрүп чыккан Баткен облусунун мурдагы губернатору, депутат Аскарбек Шадиев:
- Эгер биз эгемендүү аймак үчүн комиссия түзбөсөк анда кайсы иш үчүн түзөбүз, – деди чегара маселеси кылдат мамилени талап кылаарын эскерткен депутат.
Шадиевди парламент кийинчерээк жети кишиден турган комиссияга төрага кылып шайлады.
Анткен менен Тажикстан, Кыргызстан ортосундагы чегара аймагынын аныктала электиги бардык проблемалардын эң негизгиси. Тилекке каршы, маселенин бул өңүтүн чечүүгө эки өкмөт былтыр араң киришти. Муну Тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева Тажикстандагы жарандык согуштун кесепети катары белгиледи. Анын айтымында, азыр талаш туудурбаган аймактардын сызыгын кагазга түшүрүү иштери уланып жатат, бирок, тараптар дале укуктук жактан бир пикирге келише элек:
- Азыркы күнгө чейин чегараны делимитациялоонун бирдиктүү укуктук ченеми аныктала элек. Өзүнүздөр билгендей, тажикстандык кесиптештер 1924-28-жылдардагы картага, биз болсо 1958-жылдан баштап 1989-жылга чейинки изилдөөлөрдүн чегиндеги картага таянып жатабыз.
Лидия Иманалиеванын айтымында, өкмөттөр аралык комиссия тактоону талап кылган жерлерди иштин эң акырында карайт. Азыркы болжолдуу эсеп боюнча кыргыз-тажик чегарасында 38 талаштуу аймак бар. Белгилеп койчу дагы бир өңүт: Кыргызстан менен чектешкен төрт мамлекеттин ичинен чегара маселеси Кытай Эл республикасы менен биротоло чечилген. Ал эми Казакстан үч аймак, Өзбекстан менен 9 аймак боюнча талаштуу жер бар.