Түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн бул сынакта Тил комиссиясы талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин үч багыт менен аныктады. Мыйзам боюнча президент болгусу келген адам шайлоо алдындагы программасын 3 беттен ашпаган көлөмдө жазат жана 15 мүнөттүк мөөнөттө оозеки айтып берет. Мындан тышкары көркөм адабий чыгармадан көлөмү 3 беттен ашпаган үзүндүнү окуп бериши керек.
Бул жолку сынакка тил комиссиясынын 9 мүчөсүнүн 8и катышып, ага филология илимдеринин доктору, илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү Аскар Турсунов төрагалык кылды.
Комиссияны Конституцияга жана «Шайлоо кодексине» ылайык БШК 13-апрелде түзүп, аны Жогорку Кеңеш 25-апрелде бекиткен болчу. Бул тууралуу сынактын башталышында БШК төрагасы Тургунаалы Абдраимов билдирди:
- Комиссияны түзүү учурунда биз ал ккомиссия талапкерлерди шайлоо процессинен туш келди алып салуунун куралы болуп калбасына аракеттендик.
БШК төрагасы ушул максатта комиссияга өлкөнүн туш-тарабынан чыгаан адистер тартылганын, комиссияга мүчөлөр кезектешип төрагалык кылаарын белгиледи.
Сынакка катышкан талапкерлердин ичинен комиссия мүчөлөрү Жыпар Жекшеев менен Акбараалы Айтикеевге кыргыз тилин билет деген баа коюшту.
Акпараалы Айтикеев кийинчерээк комиссиянын тыянагына ыраазычылыгын мындайча билдирди:
- Сиздердин жыйынтыгыңыздар, менимче, кыргыз элинин дагы бир тепкичте утушуна жетишти деп эсептейбиз.
Ал эми Жыпар Жекшеев кыргыз тилин билүү ар бир кыргыздын милдети деп эсептеди:
- Бул жерде мен чоң сенсацияны көргөн жокмун. Ар бир кыргыз жараны өзүнүн эне тилин ыйык сезип, ыйык урматтап жана ыйык колдонууну үйрөнүшүбүз керек деп ойлойм.
Анткен менен үчүнчү саясатчы Жеңишбек Назаралиев тарабынан аткарылган тапшырмалар комиссия мүчөлөрүнүн тең жарымын канааттандырбай калды. Муну алар талапкердин айрыкча жазуу тапшырмасындагы каталары менен байланыштырышты.
Мамлекеттик тилди билбейт деп баа берген комиссия мүчөлөрүнүн бири, профессор Лайли Үкүбаева бул тууралуу мындай пикирде:
- Жазуу ишинде абдан көп орфографиялык, пунктуациялык каталар, сүйлөмдү ырааттуу түзө албоо, экинчиден, оозеки кепте дагы адабий тилдин нормасында өз оюн билдирүү жокко эсе болду.
Ал эми Жеңишбек Назаралиев бала бакчадан баштап билимди кыргыз тилинде албагандыктан, жазуу жүзүндө азыраак ката кетиргенин, бирок, талапкердик программасын жетиштүү деңгээлде айтып бергендигин белгиледи. Ал эми адабий чыгарма окууда кеткен катаны көчүрмөнүн даана эместиги менен негиздеди.
Анын оюнда мыйзам боюнча кыргыз тилин билүү илимий эмгекти жактоо деңгээлинде эмес, элге оюн жеткире билүү деңгээлинде текшерилиши керек:
- Азыр кеп болсо адамга өзүндүн оюңду жеткизиш үчүн. Бул биринчи маселеси. Эгер булар болсо мени эми ушу жактан кыса турган болсо, мен башкача ойлоп калышым мүмкүн. Себеби, болсо мен кыргызча эле сүйлөп жүргөн баламын.
Назаралиевдин пикиринде, арабөк чечим чыгып калышына комиссиянын сынакка толук курамда катышпай калышы себеп болду. Ошондуктан, ал комиссиядан маселени чукул, бир ыктай чечип берүүнү талап кылды. Тил комиссиясынын мүчөсү Ташбоо Керексизов кызматтык сапарда жүргөндүктөн бул комиссияга катышпай калган. Муну эске алган комиссия Назаралиевди келерки аптада кайрадан сынактан өткөрүү чечимине келди.