Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров өзүнүн кызматтан четтетилишин саясий себеп менен негиздеп, оппозицияга кетүүнү көздөп жатат. Мындай пикирин ал 20-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында берген маалымат жыйында билдирди.
«Акулак» көмүр кениндеги жагдай бир жаңсыл чечиле элек. «Көмүр» мамлекеттик ишканасы Каракечедеги кенди толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүү кырдаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу деп эсептейт. Ошол эле учурда көмүр иштетүүчү Каракечедеги беш ишкананын төртөө мамлекеттик ишкананы зордук-зомбулугу үчүн айыптап, өкмөткө кайрылып жатышат.
Кыргызстан аймагында уюшкан кылмыштуулук эмне себептен күчөп кетти, ага каршы кантип күрөшүү керек деген маселе азыр коомчулуктун тынчын кетирүүдө. Ал эми коомдук-саясий чөйрөдө анын себеп-жайы ар башкача чечмеленип жатат.
5-сентябрда камалган италиялык ишкер, «Айчүрөк» акционердик коомунун башчысы Жоржио Фиакконини Октябрь райондук соту бейшемби күнү кечинде камактан бошотту. Ага Кыргызстандагы эл аралык ишкер кеңештин эки өкүлү, Жогорку Кеңештин эки депутаты кепилдик беришти. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы ишкерге байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жаткандыгын жума күнү кабарлады.
Экс-премьер-министр Николай Танаев 6-сентябрдан бери Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторунда отурат. Муну Баш прокуратура мурдагы өкмөт башчысынын кылмыш-процессуалдык кодекстин 105-беренесин одоно бузгандыгы менен түшүндүрдү. Ал эми экс-премьер-министрдин адвокаты Максим Максимович сотко кайрыла тургандыгын маалымдады.
Мамлекет башчы өкмөттүн түзүмүнө жана курамына байланышкан сунушун парламентке келерки аптада сунуштаары күтүлүүдө. Бирок бул маселе президент ант бергенден бери саясий чөйрөдө талкууга алынып жаткан учурдун башкы маселелеринин бири болууда.
Жакында Өзбекстан Кыргызстандын түндүгүнө быйыл газ бербей тургандыгын расмий кабарлап, бирок анын себебин түшүндүргөн жок. Кыргызстан тарап кошуна мамлекеттин мындай чечим кабыл алышын өзбекстандык качкындар менен байланыштырууда. Кыргызстан газ маселесин кантип чечет?
Бишкек шаардык бийлиги үй курууга жер бөлүү тартибин күчөтөт жана аны алып сатарлыкка айландырган фактыларга мыйзам чегинде чара колдонот. 27-августта Бишкек шаардык жана райондук жетекчилер коомчулукка ушундай билдирүү менен чыгышты.
Коопсуздук кеңешинин чечиминин негизинде президент Курманбек Бакиев Улуттук гвардиянын башкы командачысы Абдыгул Чотбаевди кызматынан бошотту. Мындай кадамды мыйзамсыз деп эсептеген Бишкек шаардык кеңеши 27-августта өткөн чукул сессиясында президентке кайрылуу жолдоп, ишти кайра териштирүүнү суранды. Депутаттар депутат Чотбаевди башкы командачылык кызматтан бошотоор алдында президент шаардык кеңештин макулдугун алышы керек деп санашат. Коопсуздук кеңешинин катчысы мындай көз карашты четке какты.
Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин ишинин сапаты алардын маянасынан көз каранды. Тилекке каршы бул маселени дароо чечип берүүгө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетпейт. Ушул өндүү учурдун курч маселелери мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын талкуулаган өкмөттүк жыйында талкууланды. Жыйын премьер министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун жетекчилигинде өттү.
Кыргызстандын Башкы прокурору расмий адамдар аралашкандыгынан шектелген чуулгандуу иштер боюнча Жогорку Кеңешке сентябрь ичинде маалымат бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун жолугушуусунда маалымдалды. Бул жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын алкагында кадр маселесинин оош-кыйыштарына да токтолушту.
Экс-президент Аскар Акаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаев 1-сентябрда Парламентке ишке чыгышы күтүлүп жатат. Ошол эле учурда Айдар Акаевдин депутаттык мандатына байланышкан маселе Жогорку Кеңештин күн тартибинде турат. Бул маселенин көтөрүлүшүнө Башкы прокуратуранын сунушу негиз берүүдө.
Президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев президенттик антын бергенден кийин өлкөдөгү башкы саясий маселе премьер министрди жана өкмөттүн курамын бекитүү болууда. Мыйзам боюнча бул маселе парламенттин уруксаты менен ишке ашышы керек. Ошондуктан, парламент жайкы эс алуудан соң, 1-сентябрда ишин ушул маселеден баштайт.
Конституциялык реформанын жүрүшүнө мындан ары мамлекет башчы жетекчилик кылат. Президент Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин бейшемби күнкү жолугушуусунун тыянагы ушундай болду. Тараптар бул чечимди Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келген мыйзамдуу кадам катары баалашты.
Март окуясынан кийин жер талап кылып көчөгө чыккан үй куруучулардын алды жер бөлдүрүп алып, курулуш менен алектене баштаса, арты дале Бишкек шаарынын айланасындагы тигил же бул айдоо аянтын акмалап, күн өткөрүп жатат. Алар өздөрүнүн төрт айдан бери тартып келаткан убарасын мыйзамдын иштебегендиги менен байланыштырышат.
3-июлда № 11-Курулуш жана № 39-Куршаб шайлоо округдарынын беш участогунда кошумча добуш берүү өткөнү жатат. Мындай бүтүмгө Борбордук шайлоо комиссиясы сот чечимдеринин негизинде келген. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн дагы беш округда кайра шайлоо болушу болжолдонуп жатат. Алардын бири - №1-Университет шайлоо округунда БШКнын чечими боюнча шайлоо 18-июлда өтмөй болду.
Анжиян окуясында Кыргызстанга баш калка сурап келген өзбекстандыктардын ичинен 451 адамды үчүнчү өлкөгө которууга байланышкан чаралар бейшембиде да улантылды. Бирок алардан тышкары Оштогу тергөө изоляторунда кармалып турган 29 адамдын тагдыры боюнча расмий бийлик бир пикирге келе элек. Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы оор кылмыш жасагандыгынан шектелген 4 адамдан башкасын үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү зарыл деп эсептөөдө.
28-июлдун түнүндө Башкы прокуратурада башкы прокурор Азимбек Бекназаров, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, Качкындар комиссарынын миссия башчысы Карлос Заканини, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Ош шаарындагы СИЗОдо отурган өзбекстандык адамдардын жагдайына байланышкан сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул аралыкта бир катар укук коргоочулар Башкы прокуратуранын имаратынын алдына пикет уюштурушуп, алар СИЗОдогу 29 качкындын 25 ин үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү талап кылышты. Анткени, буга чейин Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы 25 өзбекке качкын макамын ыйгарып, аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүүгө уруксат берүүнү өкмөткө сунуштаган.
Жергиликтүү саясатчылар АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин Кыргызстанга сапарын “Ганси” аскерий авиабазасы менен тыгыз байланыштырышууда. Айрым талдоочулар муну аймактагы Орусия - АКШ атаандаштыгынын күчөгөндүгүнүн белгиси катары санап, жаңы бийлик мындайда тең салмактуу саясат жүргүзүүгө умтулушу керек деп жатышат.
Жогорку Кеңеш тарайбы же мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейби деген маселе президенттик шайлоодон кийин кайрадан курчуй баштады. Мындай жагдайга «Эркиндик» саясий партиясынын жаңы демилгеси да негиз берип жатат. Топчубек Тургуналиев жетектеген бул партия жакында чукул жыйын өткөрүп, парламентти таркатуу максатында кол топтоо маселесин талкуулаганы жатат.
Дагы жүктөңүз