Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

ЖАҢЫ ӨКМӨТКӨ БАЙЛАНЫШКАН ТАЛКУУ УЛАНУУДА


Мамлекет башчы өкмөттүн түзүмүнө жана курамына байланышкан сунушун парламентке келерки аптада сунуштаары күтүлүүдө. Бирок бул маселе президент ант бергенден бери саясий чөйрөдө талкууга алынып жаткан учурдун башкы маселелеринин бири болууда.

Жаңы өкмөт башчы Феликс Куловдун Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, өкмөт түзүмүндө революциялык өзгөрүүлөр болбойт, бирок, министрликтерди, комиссияларды кыскартуу камылгалары көрүлүп жатат. Ал эми кадрларды тандоодо кесипкөйлүк башкы принциптердин бири болот. Феликс Куловдун айтымында, бул маселеде президент Курманбек Бакиев менен жаңы өкмөт башчы бир пикирге келишти:

- Бирок мен жарым жыл мөөнөт коюп жатам. Биз бул боюнча Курманбек Салиевич менен макулдаштык, кимдин талапкери экендигине карабастан, эгер кимдир бирөө бул мөөнөт ичинде ишин көрсөтө албаса, ал жараксыз талапкер иштен кетет.

Бул аралыкта саясатчылардын бир даары жаңы жетекчилер өкмөттүн түзүмүн кескин кыскартууга барышы керек деген ойдо. Маселен, депутат Султан Урманаевдин пикиринде, үлкөн өлкөлөрдүн бири - АКШда президент премьер министрдин милдетин, ал эми мамлекеттик катчы тышкы иштер министринин милдетин кошо аткарып жатат:

- Азыр ушу кызмат кылган кишилерге жагыш үчүн, ошолорго кызмат бериш үчүн болуп атат деген ой да. Ошолорго бир портфель берип, ыраазы кылып туруш керек деп, ушундай кылып атабы деп ойлойм да, азыркы бийлик. Болбосо, муну проблема кылбай эле кыскартып коюш керек деп ойлойм.

Кызмат талашуу, ага байланышкан ар кыл саясий оюндар чыныгы кесипкөй кадрларды тандоого тоскоол болорун депутат Мелис Эшимканов билдирди:

- Азыр иштеп жаткандардын ичинде ишин алып кете турган ашып кетсе 20-30 пайыз азаматтар бар. А калган 70 пайызын жерине карабай, 24-мартта кайда болгонуна карабай, өңчөй кесипкөйлүгүн карап, кайсы тармакты башкарса дагы, ыңкылаптан кийин папке талашып, мышык-чычкан ойнобошубуз керек.

Экс-министр Кулубек Бөкөнбаев болсо азыркы эл башылары мамлекеттик маселени чечүүдө саясий оюндардан бийик болоруна ишенимин билдирди. Ал эми депутат Осмонбек Артыкбаев мындай көрүнүштү кооптуу деп эсептейт:

- Буга коркунуч бар негизинен. А бирок мен кесиптештериме абдан ишенем, булар дагы мындай жолго барбайт деп. Парламентте азыр сүйлөшүп атабыз, принципиалдуу, элдин кызыкчылыгын ойлогон кесипкөйлөргө өз ишеничибизди көрсөтөлү деп.

Бирок өкмөт башчы кадр тандоодогу талаш-тартыш президент экөөнүн ортосуна жарака кетет деген пикирди жокко чыгарды:

- Талаш-тартыш болот. Бул кадыр эсе көрүнүш. Бирок бул биздин бөлүнүп жарылуубузга алып келет деген кеп - суу кечпейт.

«Азаттыктын» өкмөт курамына байланыштуу суроолоруна жооп берген саясатчылардын көпчүлүгү жаңы өкмөткө кадр тандоодо үч принципти, атап айтканда, кесипкөйлүктү, тазалыкты жана патриоттуулукту негизги талап катары кароо зарыл деп санашты. Ушул принциптерге таянган баш прокурор Азимбек Бекназаров да өткөн жумада президент Курманбек Бакиевдин жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоп, мурдагы бийлик башында турган коррупциячыл, акаевчил кадрлардын кайрадан бийликке келүү аракеттерине бөгөт коюуга чакырган. Башкы прокурордун айтымында, мындай аракеттер бар жана эгер андай кадрлар колдоо тапса, аларды ачыктоого аргасыз болот:

- Эгер ошондой иштер болсо, парламентке келип айтам, момундай иштер болуп атат, ага карабай президент муну сунуштап жатат деп.

Ал эми төрага Өмүрбек Текебаев парламент өкмөт мүчөлөрүн тандоодо талапкердин ишкер гана эмес, саясий жана моралдык сапатына да баа берет дейт. Ушул максатта өкмөт курамына байланышкан маселени кароодо башкы прокурор комитеттердин жана парламенттин отурумдарына чакырылат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG