Кыргызстандын медиа өкүлчүлүгү жыл башынан бери алты журналист таяк жегени жөнүндө билдирүү таратты. Соңкусу “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев болду. Президенттик шайлоо алдында Кыргызстандагы журналисттердин коопсуздугу тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Азаттык” менен ой бөлүшөт.
Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси жана Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна коомдук-саясий ишмер Шамшыбек Медетбеков жооп берди.
Дүйшөмбүдө президент Курманбек Бакиев Пакистандагы, Ооганстандагы кырдаалды, анын Борбор Азияга, Кыргызстанга тийгизчү таасирин бир катар министрликтердин, тийешелүү кызматтардын жетекчилери менен талкуулады. Соңку убакта болсо коомчулукта өлкө коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулар көбүрөөк айтыла баштады. Бул арада 40 чакты согушкер Ооганстандан Фергана өрөөнүн көздөй багыт алганы кабарланууда.
Өткөн аптада Кыргызстандын коомчулугунун назарын бурган башкы окуя Өзбекстандын Ханабад шаарындагы күч бийлигине кол салуу болду. Террордук чабуул деп саналган бул окуя эки өлкө ортосундагы мамилеге жана аймактагы коопсуздукка байланышкан эки маселени күн тартибине чыгарды.
Кыргызстанда эки күн расмий сапарда болгон Түркия президенти мекенине кайтаар алдында Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Президент Гүл алакалардын башкы багыттарына, Борбор Азия коопсуздугуна, Ооганстандагы кырдаалга токтолду.
Өзбекстанда болуп аткан окуялар кокустук эмес. Өзбекстандын өзүндөгү бийликке каршы күчтөр чыгып атышы мүмкүн. Ал эми алар Кыргызстандан келген деген ойлорду да четке какпаш керек. Андай болуп калышы да мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясий жана коомдук ишмер Мирослав Ниязов “Азаттыкка” берген маегинде ушундай ой-талдоосун бөлүштү.
Өткөн аптада Медиа ассоциациялардын, бейөкмөт уюмдардын, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнөн куралган жумушчу комиссия жаңы медиа өкүл шайлады. Жаңы медиа өкүл Акмат Алагушев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Талапкер болом дегендердин бири тил сынак башталаар алдында так талаштан баш тартты, дагы бири, кыргыз тилин сындады. Аптадагы бул окуяга удаа Тил мыйзамына өзгөртүү демилгеси козголуп жатканы кабарланды.
Былтыр күзүндө өлкөдөн чыгып кеткен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Бишкекке кайтып келип, “24 kg” агенттигине алгачкы интервьюсун берди. Анда мурдагы төрайым президенттин уулуна видео кайрылуу аркылуу койгон доосунан азыр күмөн санап жатканын билдирди. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” ушул маселеге байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Кыргызстан 18 өлкөнүн катарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине 3 жылдык мөөнөткө мүчөлүккө шайланды. Нью-Йоркто 12-майда өткөн бул шайлоодо Кыргызстан үчүн 192 өлкөнүн 174ү добуш берген. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова бул окуяга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Жалал-Абаттын Ноокен районундагы Чек айылына Өзбекстан бир тараптуу чек ара бекетин орноткондугу белгилүү. Кыргыз бийлиги бул боюнча Өзбекстанга нота жөнөткөн, бирок өзбек тараптан расмий жооп боло элек. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Азаттыктын” түз обосунда ушул жагдайга байланыштуу суроолорго жооп берди.
«Карек» бейөкмөт уюму жакында Барскоон кырсыгында жабыркаган 29 кишинин укугун коргоп, канадалык компанияны Биринчи май райондук сотуна берди. Мунун себеп жайын билүү үчүн бейөкмөт уюмдун башчысы Эркингүл Иманкожоеваны “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.
Өткөн аптада жарандык коомдун жоон тобу менен президент ортосунда кызматташтык меморандуму түзүлдү. Бирок, жарандык коомдун бир бөлүгү мындай жыйынга катышуудан баш тартты.
“Ата Мекен” партиясынын чакыруусу менен келаткан казакстандык бир саясатчы менен журналист мекенине кайтарылды. Ушул өңдүү буга чейинки бир катар фактылар боюнча укук коргоочулар кабатырланып, президентке кайрылышты.
Бүгүн Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамына он алты жыл болду. Бул аралыкта ал онго жакын өзгөрүүлөргө тушукту. 2007-жылы 21-октябрында референдумда кабыл алынган акыркы Баш мыйзамга да өзгөртүү киргизүү демилгелери көтөрүлүп келатат.
26-апрелдеги Петровка жаңжалы апта бою коомчулуктун назарын бурган башкы окуя болду. Окуянын себептери ар кыл өңүттө талкууланып, бир катар комиссиялар түзүлдү. Бул аралыкта Петровкада чыккан жаңжалдын себеп-жайы бүйүр кызыткан талкууларды жаратууда.
“Ак жол” партиясы бүгүн Бишкекте өтүп жаткан курултайында өз лидери Курманбек Бакиевди президенттик экинчи мөөнөткө талапкер кылып көрсөттү.
Экс-вице-премьер министр, "акжолчу" Элмира Ибраимованын партия лидери, президент К. Бакиевге, партиялаштарына кайрылуусу коомдук-саясий чөйрөнүн көңүлүн бурган апта ичиндеги орчундуу окуялардын бири болду.
“Азаттыктын” таңкы түз обосундагы бул жолку талкуу мына ушул суроонун тегеренди жүрүп, ага саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Бекбосун Бөрүбашев жана талдоочу Кадыр Кошалиев катышты.
Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтутунун жетекчиси Канат Абдрахматов өлкөдөгү сейсмикалык жагдай боюнча “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.
Дагы жүктөңүз