Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Э. Иманкожоева: Кумтөр боюнча жаңы келишим Кыргызстан үчүн өтө деле пайдалуу эмес


"Карек" бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингул Иманкожоева
"Карек" бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингул Иманкожоева

«Карек» бейөкмөт уюму жакында Барскоон кырсыгында жабыркаган 29 кишинин укугун коргоп, канадалык компанияны Биринчи май райондук сотуна берди. Мунун себеп жайын билүү үчүн бейөкмөт уюмдун башчысы Эркингүл Иманкожоеваны “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Мен билгенден Барскоон кырсыгы боюнча жабыркаган деген 5 айылдын эли бир нече транш менен аталган ишканадан компенсация алышты эле мурда. Ишканын кайра сотко берүү себеп жайы кызык болуп жатат. Сотко кайрылып жаткандар кимдер өзү?

- Бул боюнча биз 2005-жылы март айында эле биринчи төрт кишинин ден-соолугуна байланыштуу сотко бергенбиз. Бул боюнча канадалык компаниянын өкүлү, адвокаты 1998-жылы Нью-Йоркто тынчтык келишими түзүлгөнүнө байланыштуу ушул өтүнүчтү жокко чыгарып берүү боюнча, канаттандырбай калтыруу боюнча кайрылган. Бирок муну сот ишинде биздин материалдарыбыздын негизинде компаниянын өкүлүнүн өтүнүчүн сот канаттандырган жок. Анткени ал документтердин туп нускасын бере алышкан жок. Бул тынчтык келишимди Силаев баш болуп барып Нью-Йоркто түзгөн, 4 млн. доллар алынган, ошого байланыштуу токтотуп берүү өтүнүчүн жокко чыгарды. Азыр биз ошону улантып эле 29 кишинин документтерин, медициналык карталарын берип атабыз алардын ошол кезде уулангандыгы жана майып болуп калганы тууралуу. Майып болгондордун ичинен эки адамыбыз азыр кайтыш болуп калды. Кайтыш болгон адамдар боюнча да өзүнчө арыз берип жатабыз.

- Алардын туугандарынын атынан берилип атат да, же бейөкмөт уюм берип атабы?

- 29 киши бизге ишеним кат берген, биздин укугубузду коргоп бергиле, силерден башка биздин жардам бере турган деле киши калган жок деп.

- Эркингүл, кезинде медициналык жактан тийиштүү жетиштүү документтер жок деп көбүнчө Барскоон кырсыгынан жабыркаган эмес, жалпы эле жергиликтүү элдин башка илдеттери дагы дегендей маалыматтар тарабады беле. Азыр далилдөөчү фактылар, документтер барбы сиздерде?

- Бизде далдилдөөчү документтердин бардыгы бар. Касымакунов деген адамыбыз бар, ал 2006-жылы ушул уулануунун кесепетинен каза болгон. Анын өлгөнү тууралуу медициналык корутунда “цинилдик кислотадан каза болду” деп жазылып турат. Биздин 1998-жылдан берки тартып келаткан видио тасмаларыбыз бар. Мен ойлойм, бул иш боюнча биз утабыз деп.

- Азыр канадалык ишкананын мамилеси кандай болуп атат бул ишке?

- Баягыдай эле, 1-апрелде сот процесси болмок болчу. Алардын бир өкүлү келиптир. Аларга материалдардын баарын сот берген эле. Ал эми 6-майда болсо дагы бир башка өкүлү келип, бизге материалды берген жок, мен кайра таанышышым керек дегенден сот ишти кайра 19-майга жылдырды. Менимче, булар ар кандай себептер менен качып жатышат.

- Жакында өкмөт Кумтөр боюнча канадалык компания менен келишимди жаңылап түзүп, парламент ратификациялады. Бул тууралуу маалыматыңыз болсо керек. Бул эң пайдалуу келишим болду 90-жылдан берки деген маалымат айтылып атат расмий чөйрөдө. Сиз кандай кабылдадыңыз байкоочу уюм катары?

- Бул Кыргызстанга аябай деле пайдалуу эмес. Биз 2005-жылдан бери пикетке чыккан себебибиздин эң биринчиси акча эмес болчу, 10 талаптын эң биринчиси 98-жылы түзүлгөн коррупциялык келишимди жокко чыгарып, кайрадан өндүрүлүп чыккан продукцияны бөлүү боюнча гана талап кылганбыз. Ошол талаптар аткарылбай жатат. Мисал катары айтайынчы, Казакстан өндүрүлгөн продукциянын 52 пайызында отурат, Азербейжандар 62 пайызда, Орусия Сахалин-2де 81 пайыз, Норвегия 84 пайыз менен отурушат. Булар эч кандай акча эмес, өндүрүлгөн продукциянын пайызында отуруп атат. Бизде болсо 18 пайыз деп коет, акциябыз 33 пайызга көбөйдү деп коет. Андан дивидент болобу, болбойбу белгисиз. Булар азыр кирешелүү эмеспиз, чыгашалуубуз деп атышат. Ушундай болсо булар кайсы дивиденттерди берет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG