- Таяк жеген алты журналисттин бири оппозициялык маанайдагы “Ачык саясат” гезитинин баш редакторунун орун басары Абдувахаб Мониев болуптур. Андан бир күн 4-июнда НБТ телеканалынын “Дозор” программасынын оператору таяк жеген экен. Өнөкөткө айланып бараткан ушул фактылар кимдир бирөөлөрдүн журналисттерди ооздуктоо максатыбы, же кандайдыр кокустукпу. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Бул алты окуя ушул жылдын март айынан бери болуп аткандары. Бул окуялардын кескин көбөйүп кеткенин биз саясий кырдаалга байланышытырып жатабыз. Мында башка себептер да болушу мүмкүн. Бирок жөнөкөй эле фактыларды келтирсек кооптоно турган жагдай түзүлүп атат.
- Эмне үчүн мамлекет журналисттердин коопсуздугун камсыздай албай жатат Кыргызстанда, бул өнөкөткө айланып баратат го чындыгында?
- Биринчиден, бул фактылар укук коргоо органдары, мамлекет, бийликтин башында отургандардын көңүл бурбаганынан болуп атат. Эгерде өз учурунда көңүл буруп, тийиштүү иш чаралар көрүлсө мындай фактылар болбойт эле. Болсо дагы мынча санда болбойт болчу. Тилекке каршы, андай фактыларды байкабай атабыз, президентибиз көңүл буруп, иш козгогула, менин көзөмөлүмдө болот деп айткандарын уккан жокпуз. Укук коргоо органдары болсо биз иш кылып атабыз деп коебуз. Бирок жыйынтыктарын көрө элекпиз чынын айтканда.
- “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы да президенттик шайлоо алдында журналисттерге кол салууларга тынчсыздануусун билдирип, бийлик башчыларына, тартип коргоо кызматтарына кайрылган экен. Ушундан кандайдыр бир майнап чыгышы мүмкүнбү?
- Кайрылуу жакшы дечи. Бирок ар бир фактылар боюнча биз илгертен бери кайрылып келатабыз мамлекет башчыларына, бирок алгылыктуу жыйынтыктын жасалганын көргөн деле жокпуз. Мисалы, Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш алиге чейин аягына чейин чыга элек. Иш аягына чыгабы бул күмөн болуп атат.
- Алдыда президенттик шайлоо турбайбы. Аны чагылдыруу, албетте, журналисттердин ар биринин кесиптик милдети. Журналисттерге сиз кандай сунуш берет элеңиз, кантип алар өз копсуздугун коргой алат?
- Бир гана кеңеш бар азыркы учурда, ар бир ушундай фактылар боюнча коркпой эле укук коргоо органдарга кайрылып, сот иштерин козгоого арыздарды жазуу. Эгерде биз ушул фактылар боюнча болгону болду деп унчукпай отуруп алсак, анда жылыш болбой калышы мүмкүн. Андан башка дагы көп нерселер бар, эң негизгиси укук коргоо органдары ар бир фактылар боюнча ишти жүргүзүп, бул иштин баардыгы мамлекетти башкарып келген өкүлдөрдүн дайыма көзөмөлүндө болсо, ошондо майнап болот эле. Бирок азыркы учурда саясий кырдаал да өтө күчөп кетти. Ушуга байланыштуу, мен ойлойм, бул фактылар дагы деле уланып кете бериши мүмкүн.
- Маегиңизге чоң рахмат.