Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар президентикке талапкерлердин ичинен шайлоочуларга өзү жөнүндө ар тараптуу маалымат жеткирүүгө кудуреттүү жалгыз гана Курманбек Бакиев болуп жаткандыгын белгилешүүдө. Жарышка түшкөн алты талапкердин калган бешөө үгүт иштеринде Бакиевге караандабай калды.
Тегеран-Ереван каттамындагы учак кырсыкка учурап, 170 чакты адам мерт болду. Аба жолундагы коопсуздук, Кыргызстандын авиация тармагындагы абал боюнча ЖК депутаты Бегалы Наргозуевди “Азаттыктын” түз обосунда сөзгө тарттык.
Укук коргоочу Азиза Абдырасулова өткөн айда Жалал-Абатта болгон антитеррордук операцияда жоочулар өлтүрүлгөнүнөн шек саноодо. Буга байланыштуу укук коргоочуну “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.
Кытайдын уйгурлар отурукташкан Чыгыш Түркистан аймагындагы жекшемби күнкү коогалаң кыргыз коомчулугун кайдигер калтырган жок. Кыргызстандык уйгурлар болсо Үрүмчү жаңжалына өтө астейдил мамиле жасашты.
Үгүт өнөктүгү кызыган сайын талапкерлер арасында бири-бирине доомат артуу күчөй баштады. Айрыкча социал-демократтар дооматтардын бутасына илинип, партияны “көчө демократиясын” өөрчүтүп жатат деп сындагандар чыгууда. Партия болсо бул бийликтин ыплас технологиясынын туундусу деген ишенимде.
Президенттикке талапкерлер көз карандысыз аймакта жолугушуусу шарт. Мындай демилгени аялдардан жалгыз талапкер Токтайым Үмөталиева көтөрдү. БШК болсо демилгени талапкерлердин эркиндеги иши катары карап, тегерек үстөлдү уюштуруу өз милдетине кирбестигин айтууда.
“Талапкер менен таанышуу” рубрикасынын кезектеги мейманы - Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева. Талапкер 2005-жылкы президенттик шайлоого “жылаңач баатыр” болуп катышса, азыр саясий капитал топтоп алганын, жеңишке жетсе биринчи эле Конституцияны реформалаарын, татыктуу жеңилсе жаңы президенттин колун кысаарын билдирди.
Өтүп бараткан аптада президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт иштери башталды. Анын алгачкы күнү президенттикке талапкер президент К. Бакиев Таласта шайлоочулар менен жолугушуп, ал оппозиция талапкери, социал-демократ А. Атамбаевдин тарапкерлерине тоскоолдуктар менен коштолду.
Конституциялык Сот президенттик шайлоого байланыштуу Курманбек Бакиевдин Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарына жана милдеттерине аныктама берери күтүлүүдө. СДП фракциясынын башчысы Б.Бешимов менен укук коргоочу Азиза Абдырасулова президентикке талапкерлер арасында теңчиликти камсыз кылуу үчүн шайлоо убагында президент ыйгарым укуктарын убактылуу өткөрүп бериши керек деген талап менен Конституциялык Сотко арыз беришкен.
15-июнда ШКУнун Екатеринбург саммити ишин баштады. Мамлекеттик лидерлер жыйында эл аралык жана аймактык деңгээлдеги учур маселелерин талкуулап жаткандыгы айтылууда. Бул бийик жолугушуунун алкагында Кыргызстан - Ооганстан президенттери жолугушмакчы.
АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасы Кыргызстанда калабы-калбайбы деген маселе өтүп бараткан аптада жаңы деңгээлде талкууга алынды. Буга АКШ президентинин Кыргызстан президентине жолдогон кайрылуусу негиз болду.
Социал-демократтар партиясынын парламенттеги лидери Бакыт Бешимов Конституциялык Сотко президент Курманбек Бакиев партиялык ишмердүүлүгүн уланта алабы, жокпу деген маселе боюнча кайрылышы коомчулукта чоң талкууну жаратып атат. Ушуга байланыштуу Бакыт Бешимовду түз ободо кепке тарттык.
Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен аймактарында чек араны бойлой бир тараптуу аң каза баштады. Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку жагдайлар боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевге түз ободо бир канча собол узаттык.
Бириккен оппозиция бүгүнкү жыйынында президенттик шайлоого камылгаларды караганы жатат. БЭКке мүчө Социал-демократтар партиясынын фракциясы да шайлоо алдындагы кырдаалды өз жыйынында талкуулаганы турат. Ушул иш чаралардын алдында БЭКтин лидерлеринин бири, “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевди түз ободо кепке тарттык.
Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларындагы жагдай боюнча “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков жооп берди. Ал эки күндөн бери өлкөнүн түштүк аймагында чек арадагы кырдаал менен таанышып жүрөт.
Кыргызстандын медиа өкүлчүлүгү жыл башынан бери алты журналист таяк жегени жөнүндө билдирүү таратты. Соңкусу “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Абдувахаб Мониев болду. Президенттик шайлоо алдында Кыргызстандагы журналисттердин коопсуздугу тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Азаттык” менен ой бөлүшөт.
Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси жана Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна коомдук-саясий ишмер Шамшыбек Медетбеков жооп берди.
Дүйшөмбүдө президент Курманбек Бакиев Пакистандагы, Ооганстандагы кырдаалды, анын Борбор Азияга, Кыргызстанга тийгизчү таасирин бир катар министрликтердин, тийешелүү кызматтардын жетекчилери менен талкуулады. Соңку убакта болсо коомчулукта өлкө коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулар көбүрөөк айтыла баштады. Бул арада 40 чакты согушкер Ооганстандан Фергана өрөөнүн көздөй багыт алганы кабарланууда.
Өткөн аптада Кыргызстандын коомчулугунун назарын бурган башкы окуя Өзбекстандын Ханабад шаарындагы күч бийлигине кол салуу болду. Террордук чабуул деп саналган бул окуя эки өлкө ортосундагы мамилеге жана аймактагы коопсуздукка байланышкан эки маселени күн тартибине чыгарды.
Кыргызстанда эки күн расмий сапарда болгон Түркия президенти мекенине кайтаар алдында Жогорку Кеңеште кайрылуу жасады. Президент Гүл алакалардын башкы багыттарына, Борбор Азия коопсуздугуна, Ооганстандагы кырдаалга токтолду.
Дагы жүктөңүз