Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:28

Конституциялык Сотко каршы акция


Бишкектин борбордук аянтына эркин акция өткөрүүгө келгендерди дароо милиция кармап кетет
Бишкектин борбордук аянтына эркин акция өткөрүүгө келгендерди дароо милиция кармап кетет

Конституциялык Соттун тоотпогонуна нааразы адвокат борбордук аянтка акыйкат чечим издеп чыкты. Бирок акцияга бийлик уруксат берген жок.

Адвокат Нурбек Токтакунов нааразылык акциясы үчүн Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы “Эркиндик” эстелигинин жанын тандап алган. Акцияны уюштурууга бир катар укук коргоочулардын датын угуудан Конституциялык Соттун баш тартышы себеп болду. Укук коргоочулар Азиза Абдырасулова, Дмитрий Кабак жана Нурлан Токтакунов 24-июнда Конституциялык Сотко "Жарандардын куралсыз, тынч чогулуусу жөнүндөгү" мыйзам Баш мыйзамга каршы келет деп чечим чыгарып берүүнү өтүнүп кайрылышкан. Бирок Конституция өтүнүчтү кароого негиз жок деп эсептеген.

- Конституциялык Сот өтүнүчтү кабыл албай өндүрүшкө алуудан баш тартты. Алардын айтымында жарандар чогулушка чыгып, мыйзам тартибинде жазаланганда гана сотко өтүнүч менен кайрылса болот экен, - деди Токтакунов Консоттун чечими тууралуу.

Конституциялык Сот Баш мыйзамга каршы иш жасап жатат деген адвокат 22-июлдагы акция аркылуу жарандардын укуктарынын бузулуп жатканын далилдегиси, бийликтин, коомчулуктун көңүлүн ага бургусу келген.

Былтыр кабыл алынган “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуусу жөнүндөгү” мыйзамга ылайык жарандар өз акцияларын уюштуруу тууралуу жергиликтүү бийликке 12 күн мурда маалымдап, жергиликтүү бийликтин жообуна жараша аракеттенүүсү зарыл. Уруксатсыз көчө жыйындарын өткөрүүгө Бишкек шаарындагы Горькийдин эстелигинин жанында жана шаардын түштүк дарбазасындагы Жеңиш аянтында гана өткөрүүгө уруксат берилген. Мына ушундай жоболорго таянган Биринчи май райондук милициянын башчысынын орун басары Таалайбек Шатманов адвокат Токтакуновго келип, эскертүү баракчасын берди:

- Мыйзам боюнча 12 күн мурун шаардык, райондук бийликке маалымдашыңыз керек эле, анын негизинде алар үч күндө чечим чыгармак. Сиз болсо кечээ кечинде билдире калып эле, жообун алуудан баш тартып кетип калыптырсыз. Өз дарегиңизди айтпаптырсыз.

Нурбек Токтакуновдун журналисттерге билдиргенине караганда жергиликтүү бийликтен алган бул эскертүү анын Конституциялык Сотко кайрадан кайрылуусуна негиз болуп берет:

- Эми мына бийликтин расмий тыюусу бар менде. Бийликтин бул тыюу салуусунун негизинде Конституциялык Сотко кайрылсам болот. Өндүрүшкө бул ирет албаса, анда иш чатак болот.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын көз карашында бул өңдүү демилгелердин бардыгы мыйзамдардын бири-бирине карама-каршы келишинен чыгып атат жана мындайда жарандар өз укуктарынан пайдалана алышат:

- Бул мыйзам боюнча биз президентке вето койсун деп кайрылдык, Жогорку Кеңешке кайрылдык. Бирок мыйзам ошо бойдон эле туруп атат. Мындайда жарандар карама-каршы келген мыйзамдарды жокко чыгарууга укугу бар.

Конституциялык Сот кароодон баш тарткан укук коргоочулардын өтүнүчтөрүнүн катарында дагы экөө бар. Алардын бири - “Коргоону жөнүндөгү” мыйзам. Анда аскер кызматкерлерин ички тартипти сактоого кол кабыш кылуу жөнүндө жаңы жобо бар. Ал эми экинчи мыйзам - Шайлоо Кодекси.

Ал катталган талапкер шайлоо жыйынтыкталганга чейин аткарган ишин убактылуу токтотууга милдеттендирет. Бирок бул эреженин Президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына тиешеси жок. Аталган жоболор Конституцияда көрсөтүлгөн эмес, жарандардын укуктарына доо кетирип атат деген укук коргоочулар үч мыйзамга байланышкан өтүнүчтөргө окшош жооп алышкан. Азиза Абдырасулованын айтымында мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында аракеттерди укук коргоочулар уланта берет деп ишендирди.

Адвокат Консотко кайрылуу үчүн акцияга чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG