"Тынчтык үчүн" фонду 177 өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн таразалап, өтө чабал деп табылгандардын тизмесинде Кыргызстан 31-орунда турат.
Европадагы мартабалуу шаарлардын бири Венада жашаган кыргызстандык студенттерди кайсы маселе көбүрөөк тынчсыздандырат? Австриядагы кыргызстандыктар менен президент Роза Отунбаеванын жолугушуусунда «Азаттык» дал ушул суроого жооп табууга аракет кылды.
Коогалаңды жергиликтүү маалымат каражаттары калыс чагылдыра алдыбы? Бул журналисттер 1 жылдан бери талкуулап келаткан маселелердин бири болууда.
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы коогалаңдан кийин тынчтыкты орнотууда, туруктуулукту камсыздоодо аялдардын коомдогу ролуна арналды.
Йемен бийлигине каршы тараптар Санаа шаарында президент Салехтин өлкөдөн чыгып кетишин майрамдашты.
Кеминде 16 кишинин өмүрүн алган e-coli кайдан чыкканын Германиянын окумуштуулары таба албай жатышат.
72 миң мектеп бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Демек ошончо улан-кыз эми окуганга, иштегенге, өз алдынча жашоосун курганга бет алышат. Алар тигил, же бул кесипти тандоого даярбы?
Өткөн түнү Казакстандын Улуттук Коопсуздук комитетинин имаратынын алдында женил унаа жарылып, ичинде эки киши болгону аныкталды.
Өткөн аптанын жума күнү Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева Каркыраны кайрадан Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча маселени Казакстандын өкмөтүнө, президентине коюу демилегесин көтөрдү.
Казак башкы прокуратурасы Актөбө шаарында 17-майда жанкечтинин өзүн-өзү жардыруусун терракт эмес деп билдирди.
Эл аралык кылмыш сотунун баш прокурору Луис Морено-Окампо Ливия лидери Муаммар Каддафи менен уулу Сайф ал-Исламдын камакка алынышын жактоодо.
Минск соту "Новая Газетанын" журналисти, белгилүү оппозициялык лидер Андрей Санниковдун жубайы Ирина Халипти эки жылга эркинен шарттуу ажыратты.
Айткан же жазган сөзгө жооп берүү керекпи? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” аттуу тегерек үстөл талкуусу мына ушул темага арналды.
“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов кесиптеши Камчыбек Ташиевден эмнеге таяк жегени тууралуу кеп салып берди.
Бул жолку талкууда Кыргызстандын элчиликтеринин жана консулдуктарынын чет жерлердеги кыргыз жарандары, эмгек мигранттары менен алакасы, аларга жасаган мамилеси тууралуу сөз болду.
Июнь окуясы боюнча кылмыш иштерин тергөө жана ачуу боюнча иштеген ар бир мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү 13-апрелде президент Роза Отунбаева жабык өткөргөн жыйындагы башкы талаптардын бири болду.
Коомдук телерадиокорпорация жөнүндөгү жаңы мыйзам тууралуу бул долбоордун автору, “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев “Азатттыктын” суроолоруна жооп берди.
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын түштүк аймагындагы тышкы миграциянын абалына арналды.
Элдик толкундоолор күчөгөн араб өлкөлөрүндө Кыргызстандын канча жараны бар жана алардын абалы кандай?
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бул ирет Коомдук телерадио корпорациянын Байкоочу кеңешинин айланасындагы талаш тартыштарга арналды.
Дагы жүктөңүз