Мындай суроого “Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунун коноктору менен чогуу жооп издеди. Бул ирет талкууга юстиция министри Алманбет Шыкмаматов, “Эгемен Кыргызстан” партиясынын Жалал-Абад шаардык уюмунун төрагасы Медер Үсөнов, “Кылым шамы” укук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова катышты.
“Азаттык”: Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитети 30-октябрдагы отурумунда Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүүгө макулдук берди. Долбоорго акчалай айып пул төлөө жобосу киргизилген экен. Буга кандай муктаждык түрткү болуп жатат? Жакында эле (23-майда - ред.) ишке кирген "Эркин жыйындар жөнүндөгү" мыйзам аркылуу жөнгө салуу мүмкүн болбой жатабы?
Алманбет Шыкмаматов: Биринчиден, "Эркин жыйындар жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынып, президент кол койгон. Анын кабыл алынышына түздөн-түз жарандык коомдун, анын ичинде сиздердин студияда отурган Абдырасулова эжекелердин салымы абдан чоң. Анткени мыйзам мурдагыдан алда канча айырмаланып, демократиялык принциптер ишке кирген.
Бирок тынчтык митинги өзүнүн мүнөзүн жоготкон учурлар болот. Ошондо ал тынчтык митингдер жөнүндөгү мыйзамдар менен эмес, Административдик кодекс, Кылмыш-жаза кодекси аркылуу жөнгө салынышы керек болот.
Эгерде тынчтык митинг өткөрүп жаткандар кимдир бирөөнүн укугун, жол эрежелерин бузуп, жолду тосуп алса, анда алар Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчилик тартыш керек дагы, ошол мыйзамды, эркин митинг өткөрүү тартибин сыйлаганга өтүш керек.
“Азаттык”: Мурдараак дагы бир долбоор сунушталып, анда айып пулдун ченеми жеке адамдарга жана юридикалык тараптарга 3 миң сомдон 50 миң сомго чейин коюулары маалымдалгандай болду эле. Ал канчалык өзгөрдү? Бүгүнкү долбоордогу айып пулдун ченеми канча?
Алманбет Шыкмаматов: Жогорку Кеңештеги долбоордо жеке адамга 15 миң сом деп атабыз. Юридикалык тараптар үчүн 100 эсеп көрсөткүчүндөгү (30 миң сом - ред.) айып пул каралууда. Мындай мажбурлоо механизмин биз жарандарды мыйзамды, эркин чогулууга карата өздөрүнүн укуктарын сыйлоого көндүрүү үчүн киргизип атабыз.
Медер Үсөнов: Негизи мен бул демилгени колдойм. Муну мурда эле ишке ашырыш керек эле. Бирок ушул долбоордун кечээги Жалал-Абаддагы окуялардан кийин ишке ашып атканына таң калып атам. Себеби жол тосуулар бизде да болду. Мындай болушуна биринчи кезекте бийлик күнөөлүү. Эл дайыма бийликтин алдыга келишин талап кылат да. Биздин алдыбызга келсе, арызыбызды укса, каршы пикирибизди айтсак дейт. Укпай койгондон кийин акыркы вариант катары жол тосууга аракет кылып атышат.
Өткөндө деле биздеги жол тосууда эл оорулууларды, башкаларды өткөрүп жатты. Бул жерде бир эле адамды айыптап коюуга мен кошулбайт элем. Бул жерде лидерлер эле кылбайт да. Элдин баары барабыз, тособуз деп чыгат. Ал жерде бир адам жооп беришине мен каршымын.
Азиза Абдырасулова: Жобо мурда эле киргизилиш керек эле. Мен бул жобо адам укуктарына, демократиялык принциптерге каршы келет деп эсептебейм. Себеби стратегиялык жол тосулуп аткандан кийин башка адамдардын да укуктары чектелип калып атат.
Адам укугу – абсолюттук укук эмес. Бирок жарандык баш ийбөөчүлүк (гражданское неповиновение) бар. Мунун 200гө жакын түрүн дүйнөгө белгилүү ишмер Махатма Ганди колдонуп, убагында Индияны Англиянын колониясынан алып чыгып кеткен.
Бирок жол тосуу же башка жарандык баш ийбөөчүлүккө адам өз эрки менен барат. Ал мыйзам бузуп атканын билип туруп, ошол жазаны аткарганга даяр болуп барат. Мындайга негизинен бийлик кат, арыз менен кайрылганды, жөнөкөй пикет, митингдерди өткөргөндө ачкачылыкка отурганда реакция болбосо барат. Дагы бир жолу айтам, албетте, бул мыйзам бузуучулук болот жана анын жазасын аткарууга даяр болушу керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: