Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Санкт-Петербург мигранттарды таарынтты


Орусияда “Эмгек мигрантына багыттама” деген ат менен жарык көргөн иллюстрациялуу китепче чын эле эмгек мигранттарынын беделине шек келтирип жатабы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин бөлүм башчысы Сагынбек Кочкорбаев, Кыргыз Жердештеринин "Ариет" коомдук бирикмесинин башчысы Сара Жапарова жана “Замандаш ассоциациясынын чет өлкөлөр боюнча координатору Азамат Айтбаев катышты.

“Азаттык”: Жакында Санкт-Петербургда кыргыз, тажик, өзбек тилдеринде эмгек мигранттарына көмөктөшүү китепчеси 10 миң нуска менен жарык көрдү. Ал жерде Петербургга келген эмгек мигранттары Орусия мыйзамдарынын чегинде өзүн көчөдө, иште алып жүрүү, медициналык кароодон өтүү өңдүү күндөлүк зарылчылыктарга байланыштуу кеңештер берилген, тиешелүү телефон номерлер, даректер жазылган. Тезис түрүндө берилген кеңештер иллюстрациялар менен коштолгон.

Азыр Орусиянын өзүндөгү жана башка эл аралык, жергиликтүү маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда дал ушул иллюстрациялар сынга кабылып жатат. Анткени ошол жандама сүрөттөрдө мигранттарга шыпыргы, сыр бойогуч сыяктуу короо шыпыргычтын, үй тазалагычтын эмгек шаймандарынын образы берилип, ал эми кеңеш берүүчү милиция же музей кызматкери сыяктуу жергиликтүүлөр кадырэсе адам катары тартылган.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




Муну укук коргоочулар, анын ичинде Орусиянын акыйкатчысы адам укуктарын бузуу катары баалашууда. Шаар бийлиги буга тиешеси жогун айтууда. Ал эми китепчени чыгарган “Келечекке көз караш” коомдук уюму сүрөттөр мигранттарга кеңештерди жандантуу максатында гана тартылды деп жатат. Тышкы иштер министрлиги бул маселеге кандай баа берип жатат?

Сагынбек Кочкорбаев: Аталган китепченин мазмуну менен биз интернет баракчалар аркылуу тааныштык. Китепчеге Орусия Федерациясынын бийлиги, биздин түз өнөктөшүбүз Миграция боюнча федералдык кызмат же башка мамлекеттик бийликтердин тиешеси жок деп билдирүү жасашты. Бул жөн гана бир коомдук фонддун жасаган жумушу экен. Анын негизги максаты мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү экен. Ал эми эмгек мигранттарын шайман куралдар түрүндө чыгарганы, албетте, эмгек мигранттарына карата басмырлоо деп эсептейбиз. Келечекте биз федералдык миграция кызматы менен тиешелүү кеп-кеңешти бул темада жүргүзөбүз. Ал эми кандайдыр бир нааразылык нотасын жиберүүгө негиз жок.

Сара Жапарова: Жеке уюм чыгарган брошюрада сүрөттөр боюнча ката кетип калса керек. Бирок ал жерде жазылгандар туура эле. Себеби Санкт-Петербург дүйнө жүзүндөгү эң маданияттуу шаар болуп эсептелет. Ал эми келген мигранттар көчөдө көрүнүп турат: көчөдө семичке чагышат, телефондон кыйкырып сүйлөшөт дегендей. Өздөрүн өтө кеңири алып жүрүшөт. Элди көзгө илишпейт, ичишет. Кылмыштар да көбөйүп кетти.

Кыргыздар эми аз эле. Өзбек, тажик мигранттары шаардагы кылмыштардын 60 пайыздайын берип атат. Ошого да бул шаардыктардын көз карашы башкачараак болот. Бирок ошонун ичинде кыргыз мигранттарга шаардын расмий уюмдары, органда иштегендер деле жакшы мамиледе.

Азамат Айтбаев: Санкт-Петербург шаарынын бул биздин иш эмес дегенине караганда ошол иш алып барып аткан уюмдун көз карашы катары көрүнүп калды. Бирок, прокуратура же башка көзөмөлдөө уюмдары ушуга жеткирбей текшеришсе мындай талаш чыкпайт эле. Чынында эле ушундай, чагымчыл деп айтсак да болот, брошюралар улуттар аралык чырга да алып келиши мүмкүн.

Брошюра негизи эки тараптуу болуп атат. Сынга кабылган сүрөттөрүн алып салса, ал жерде керектүү маалыматтар берилген. Ошол эле мезгилде биздин тажик туугандардын билдиргендерине караганда котормолору да туура эмес. Демек, өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде текшерүүдөн өткөн эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG