2021-жылы 29-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 186 киши октон жарат алган.
Кыргызстандагы жападан жалгыз балык өстүрүү заводу быйыл Ысык-Көлгө сига-лудога балыгынын 8 миллион жана Ысык-Көл форелинин 330 миң чабагын коё берет. Тоң районунда 30 гектарды ээлеп турган балык өстүрүү жайы совет мезгилинде Ысык-Көлдүн эндемикалык балыктарынын санын сактап калуу үчүн иштеп келген. Эл аралык долбоорлордун колдоосу менен иштеп келаткан балык чарбасына “Азаттыктын” журналисттери барып келди.
Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаковдун демилгеси Ысык-Көлгө жейрендер алып келинди.
8-февралда Кыргызстандагы "Мувгрин" кыймылынын негиздөөчүсү, экологиялык активист Мария Колесниковага Бириккен улуттар уюмунун айлана чөйрөнү коргоо программасы "Жердин чемпиону" деген наам ыйгарды.
Тажикстандын Кожалы айылы менен Ворух анклавын байланыштырган, Кыргызстандын Ак-Сай айылы аркылуу өтө турган жолдун курулушуна байланыштуу талкуу токтой элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган жол, кыргыз-тажик чек арасы, №39 протоколдун мазмуну тууралуу айтып берди.
"Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасынын башчысы Байгазы Матисаков Temirov LIVE каналына жарыяланган иликтөөгө жооп берип, эч качан коррупцияга аралашпаганын айтты.
Өтүп бара жаткан 2021-жылы Кыргызстандын базарларын кымбатчылык басып, азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү эки эсеге кымбаттады. Мындан тышкары курулуш материалдарына, күйүүчү майга болгон баалар өстү. Бул жылы Бишкек жана Ош шаарындагы жол кире акысы дагы көтөрүлдү.
Бишкекте жалгыз бой энелерге арналган фотокөргөзмө ачылды. Ага "Азаттык" радиосунун фото кабарчысы Гүлжан Турдубаеванын жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырган 20дан ашык документалдык сүрөтү коюлду. Көргөзмө балдарын жалгыз тарбиялаган энелерге дем берүү максатында уюштурулган.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын май айына чейин Кыргызстанда документи жок үй болбошу керектигин билдирген. Азыр жер-жерлерде атайын комиссиялар иштеп жатат. Бирок убагында ишеним каттын негизинде жер алгандар “кызыл китеп” кимге чыгарын билбей жатышат.
"Азаттык" Чаткалда чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын иликтеп чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин караган депутаттык комиссия түзүлдү.
Бишкектеги Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду, "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин айрым өкүлдөрүн эки айга айга камады.
"Азаттык" Чаткал районунда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" жана "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеди.
Кыргызстандын эгемен тарыхында "Баткен коогалаңы", "Баткен окуясы" жана "Баткен согушу" деген аталыштар менен калган каргашалуу окуя Жалал-Абаддагы Чаткал районунда да болгон.
Жалал-Абадда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын таасири тууралуу талаш-талкуу көбөйдү. Ага-ини Ташиевдердин аты Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодон чыккан чырда да аталган. Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүн атайын кызматтын жетекчисинин өкүл баласы деп сындашкан. Абсаттар Сыргабаев бул кызматка өз эмгеги менен жеткенин “Азаттыкка” айтты.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таза суу маселесин чечүүнү жазда баштай турганын билдирди. Ал таза сууга байланыштуу убада берген алгачкы мэр эмес. Анткени Ошто жамгыр жааган сайын Ак-Буура дарыясы булганып, шаардагы таза суу бир нече күнгө токтоп калат.
Гляциологдор алдыдагы 50 жылда майда мөңгүлөр эрип жоголуп, Борбор Азияда кургакчылык болот деп коңгуроо кагышууда. Соңку 50 жылда ак кар, көк муз катмары 16-17% азайып кеткен.
15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канат Исаев, мурдагы депутаттар Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын балет труппасы президентке кайрылды.
Кыргызстандын 30 жылдыгын майрамдап жаткан баткендиктердин негизги тилеги - чек аранын чечилиши. Алар чек ара бемемделсе Кыргызстан толук түрдө эгемен, эркин өлкө боло алат деп эсептейт. "Азаттык" кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жабыркаган айылдын тургундарынын оюн угуп келди.
Дагы жүктөңүз